Күнөөсүз күнөөлүү

- Бүгүн сага сабагыңдан суранып кел деп айтпадым беле? 

- Мен да сага аны тосуп алганга барбайм деп айткам.

- Аны эмес, апамды де!

- Дей албайм!

- Амир дедим, менден бирди көрөсүң азыр...

Байкемдин үнү адаттан тышкары өкүм чыкты, аргасыз тайсалдадым. Бирок сөзүмдөн кайтпашымды билдиргим келе жерди катуу басып, эшикти тарс жаап чыгып кеттим.

Менин агамдын аты Замир. Экөөбүздүн ортобузда 10 жаш айырма бар. Сырттан караган адамга ага гана болуп көрүнгөн бул адам, акыйкатта мен үчүн бүтүндөй бир аалам. Өзүмдү билгенден тартып, агам менин жанымда. Ыйласам дайыма соороткон, тизем айрылса жараатын таңып берген, балдар менен мушташып келгенде үн катпай, эч күнөөлөбөй, ал тургай сурабай мени колдогонун үнсүз билгизген адам. Көп сүйлөбөйт, сүйүүсү да өзүндөй үнсүз. Эч нерсе талап кылбаган, кайрымжысын сурабаган, шарт койбогон бир туугандык терең бир сүйүү. Ал  досум, сырдашым, атам, апам, баарынын ролунда.

Ата-энемди билбей чоңойдум. Апам атамды бычак менен сайып жиберип, ал о дүйнөгө кетип, бул жашоодо жападан жалгыз калган эки бала Замир жана Амир. Мен ал учурда кичине экенмин, эч нерсе эсимде жок. Агамдан окуянын кандай болгонун сурасам, оор үшкүрүп “чоңойгондо баарын айтып берем” деп айтканы бар. Ошол боюнча мен сурабадым, ал айтпады. Балким, дагы деле чоңоё элек окшойм.

Замир байкем... Олуттуу, жоопкерчиликтүү, таң кала тургандай мүнөзү бар адам. Мени жалгыз чоңойтконун айтпай эле коёюн, ата жагыбызды да, апа жагыбызды да бирдей кармап алар менен катышып келет. Эзели бири-бирин кечирбей турган душмандарды да бир арада кармай турганчалык даанышман адам. Бирок... Кайсы бир түндөрү уйкуда жатып бакырып, кечирим сурап чыкмайы бар. Андай учурларда бир жумадай эч ким менен сүйлөшпөй, түнт тартып кетет. Таң каларлык дегеним, үйдө кичине бөлмө бар, ага эч кимди киргизбейт, ачкычын эч кимге бербейт. Ага оор болгон учурларда кирип, ичинен бекитип алып өксүп ыйлаган убактарын көргөм. Эмнеге деп мен сурабадым, ал айтпайт. Ушинтип мен 18 жашка чыккан убакта түрмөдө жаткан апабыз мунапыска илинип, эркиндикке чыга турган күнү келгенин билдик. Агамдын кубанычы койнуна батпай келди. Менин түрүмдү көрүп түшүнбөй калды.

- Эй, кулак барбы, апам келет деп жатам.

- Сиздин апаңыз, меники эмес. Көрбөгөн адамды, жок дегенде сүрөтүн көрбөгөн адамды мен кантип апа дейм.

- Апабызды сен жүрөгүң менен тааныйсың.

- Байке, башымды оорутпаңызчы. Мен ал кишини билбейм, билгим да келбейт, эмне кылсаң өзүң бил.

Сөздүн чыны ушул эле. Эмне себеп менен болсо болсун, ал адам мен үчүн кылмышкер болчу. Кеп менин атамды өлтүргөнүндө деле эмес, бир адамдын канына забын болгонунда эле. Ал кезде мен так ошентип ойлодум. Ал киши келген күндү унутпайм. Арык, жүзү купкуу, мээримдүү жылмайган орто жаштагы аял келди.

- Амир?

Үнү тааныш угулду. Көздөрү сулуу жана мээримдүү экен. Түрмөдө ошончо жыл отуруп чыккан аялдын үнүнүн жылуулугу сакталып калганына таң калдым. Мен түрмөдөн чыккан адамдар аябай коркунучтуу болот деп элестетчүмүн. Апабыз андай эмес экен. Баары бир бейтааныш болчу мага. Кучагына жыгыла албадым. Апа дей албадым. Өз бөлмөмө кирип кеттим.

Күндөр өтүп жатты. Агам болсо “апалап” чарк көпөлөк айланып чуркаганы чуркаган. Ден соолугун түрмөгө берип келген окшобойбу, түнү менен күрсүлдөп жөтөлүп чыгат. Өтө алсыз. Агам болсо врачтан врачка көрсөтүп жүрдү. Балким, чын эле чоңоё элек белем, менде кызганыч пайда болду. Агамдын көңүлүн толук ээлеп келген жаным ич тардык кылдым. Жиним келди. Ачык эле жактырбай, какшыктап, кээде катуу айтып да салчу болдум. Мындайда апабыз мени мээримдүү гана тиктеп койчу.

“Амирдин мүнөзү атаңа окшоп калыптыр”,- деп жатканын угуп калдым бир күнү.  Бөлмөмдөн чыга калып “сен өлтүргөн атамабы? Ооба, окшошмун” деп айтып салдым. Экөөнүн тең өңү бопбоз болуп кетти. Агам мени жаактан ары тартып жиберди. Биринчи жолу кол көтөрүшү эле.  Апам чырылдап ортого түшө калды.

- Кечирим сура, апамдан... - деди калчылдап.

- Сурабайм.

Дагы кол көтөрөйүн деп баратып токтоду. Эшикке чыгып кетти. Мен шалдыраган боюнча туруп калдым. Бул үйдөн кетейин деп чечтим. Кайда барарымды, эмне кыларымды пландап жатып уктап кетипмин. Уйкумдан агам ойготту. Колу менен жаңсап эшикти көрсөттү. Баягы ачкычын эч кимге карматпаган бөлмөнүн эшигин ачты. Биздин мурунку жашообуздун бир үзүмү ушул бөлмөдө калгандай эле. Менин кичине кезимдеги оюнчуктарым, сүрөттөр, эски буюмдар, атамдын портрети... Мен аны дароо тааныдым, аскер формасы менен түшкөн сүрөт экен. Мага чын эле окшош болчу.

- Эсиңдеби Амир, муну сага атабыз алып берген - деп ал мага оюнчукту көрсөттү. Элес-булас эсимде бар, бирок атамды эч эстей албадым.

- Атам кандай киши эле?

- Атабыз акылдуу, сулуу, табышкер адам эле. Сыртынан караганда үлгүлүү адамдай көрүнчү. Бирок үй-бүлөсүнө  жырткычтай мамиле кылчу. Апамдын денесин шиш менен сайгылап кыйначу. Бети-башын көгөртүп, элге билиндирбегени менен манжаларын сындырып кыйначу. Кайра өзү сынган колду салып, шак-шак коюп берчү. Андай адамды сен жашооңдон көргөн эмессиң Амир, андайлар коркунучтуу фильмдерде гана болот.

Апам чыдабай калып, бир күнү сен экөөбүздү алып кача турган болот. Атабыз милициянын полковниги болгондуктан кайсы жерге барсак да таап алышы турган иш болчу. Ошентсе жашоо үчүн күрөшүү керек эле. Анткени кийинки убактарда мени да түн ичинде тургузуп алып, далай кордук көргөзө баштаган. Апам өзү үчүн чыдаса да, мен үчүн чыдай албады. Түн ичинде документтерибизди алып, качып чыктык. Бирок тез эле таап алды. Бизди кайра алып келди. Эсимде, сени керебетке жаткырып, мени да “жат” деп айтты. Жатымыш болуп, көзүмдү жумдум. “Апамды ушул жолу тирүү калтырабы?” деп коркуп титиреп жаттым. Эшикти акырын ачып карасам, апамды адатынча кыйнап жаткан экен. Чыдабай кеттим. Кантип ашканага жетип, бычак алып, кантип атамды сайып жибергенимди билбей калдым.

- Байке?!

- Ооба, атамды мен өлтүрдүм. Апамды куткарыш үчүн, аргасыздыктан, коркуудан ушундай иш болду.

- Кантип? Сенби?

- 10 жашта элем. Сен экиде. Апам үй кожойкеси болгону менен мыйзамды атамдай эле жакшы билчү. Мени эмне күтүп турганын, кандай жаза аларымды билди. Дароо чечим кабыл алды. “Замир, бычакты мага бер, балам. Бирөө сураса мен уктап жаткам де. Эч нерсени билбейм де” деди.

- Апа, бирок мен...

- Сен эч нерсе кылган жоксуң. Мен кылдым, мен күнөөлүүмүн. Макулбу, эч качан эсиңден чыгарба. Амирди сага тапшырдым. Сени жанымдай жакшы көрөм, балам. Менин айтканымды кыл. Сырды эч кимге айтпа.

- Апа-аа!

Апам мени макул кылды, төшөгүмө алып барып жаткырып кучактап, бооруна кыса  шыбырап жатты. Мени жаткырып коюп, өзү милиция чакырып, “мен кылдым” деп айтты. 20 жыл беришти.

Мен күнөөсүз белем же күнөөлүү белем, азыркыга чейин айта албайм. Жылдар бою жанымды жеген ушул суроо болду. Апамдын күнөөсүздүгү менин түрмөм болду. Мен да апам менен кошо ал жактан чыктым. Кээде жанымдан кечким келчү. Бирок сен бар болчусуң! Сен үчүн өзүмдү колго алдым. Сени апам мага тапшырып кетти. Сен мага муктаж болчусуң. Апам 16 жылдык өмүрүн темир тордун аркасында өткөрдү. Ал күнөөсүз, Амир. Күнөөсүз күнөөлүү. Жек көрсөң, мени жек көр! Сенин атаңды өлтүргөн адам менмин. Апабыз күнөөсүз!

Акылым жетпей турду. Түшүмдөгүдөй эле баары. Бирок реалдуулук экенин да түшүнүп турдум. Эки жарым жаштагы баланын эсинде эмне калсын дейсиз, бирок ошол бөлмөдө мен атамдын чоң муштумун, кантаган жүзүн, апамдын көз жашын эстедим.

ххх

Жылдар өттү, биз атамдын көрүстөнүнүн башында турдук. Куран окудук. Ушул учурда, менимче, баарыбыз бири-бирибизди кечирдик. Жараларыбызды айыктырдык. Биз кайрадан үй-бүлө болдук. Мен апамды кучактап, чачынан жыттадым. Агам мени далымдан сылап турду. Эч кимдин эч кимге доосу, ызасы, таарынычы калбады. Эгерде бул окуяда бир күнөөлүү адам болсо, ал да күнөөсү үчүн Кудайдын алдында жооп берип жатса керек... 

 

 Айлин Д.

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1180, 25-31-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан