Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

- Ай, келин, дагы деле түшкө чейин уктап... - деп келе жаткан апасын Айдар зирк эте карады.

- Апа, Айкөл түнү менен уктабады, мени карады. Бир аз уктап алсын.

- Сен канчадан бери катыныңа болушуп калдың эле, ботом?

- Тебелеп бүттүк, жетишет апа. Ал да бирөөнүн жалгыз кызы. Сенин же менин менчигим эмес, мындан ары...

Апасы алайган боюнча уулуна карап калды. Айдардын көзүнөн чечкиндүүлүктү көргөндө, аргасыз артка чегинип, бөлмөдөн чыгып кетти. Айкөл Айдарга ыраазы боло карады. Мына, анык анын Айдары ушундай эле жигит болчу.

- Жаным, эми апама номер бир душман сен болосуң, эмне кереги бар эле? Мен укпай жүрдүм беле? Бекер кылдың?

- Мындан ары, мен баш болуп сага эч ким үнүн көтөрүп сүйлөй албайт. Мени кечир, Айкөлүм. Сенин атың да, затың да айкөл. Тагдырдан болгон ачуумду сенден чыгардым. Кыймылсыз жатып калганыма сени күнөөлөдүм, апама кошулуп сени кыйнадым. Ал сени кандай эзип жатса да көрмөксөн болдум. Билмексен болдум, өзүм кошулуп жаныңды ачыттым. Бирок сен бизди көтөрүп койдуң. Канча убакыт болду, бир да жолу наалыган жоксуң. Эң биринчи сен наалышың керек эле, сенин келечегиң астын-үстүн болду. Мен көрүп билип эле турдум, бирок өзүмчүлдүгүм, ызам, таарынычым көзүмдү көр кылды.

- Айдар?

- Ооба, ошол киши көзүмдү ачты. Кечээ келген адам... Сени баалашым керек экенин ошол билдирди.

- Менин ал адамдан кабарым жок эле, Айдар. Мага ишен.

- Сенин эч нерседен кабарың жок экенин билем, жаным. Сенин жан дүйнөң таптаза. Аттиң, ушул кырсык болбогондо, алаканыма салып жүрүп өтөт элем. Эмне кылайын, айлам жок.

- Мен баарына ыраазымын, Айдар. Сен аман болсоң болду. Башкасынын баарына чыдайм.

- Мындан аман кутула албай калдым го жаным, бул дарт жанымды алып тынат болуш керек. Инсан качан өлөрүн билсе кана... Айла жок, биле албайбыз. Сени канчага чейин кыйнайм, билбейм. Бирок менден кийин бул үйдө бир мүнөт да турба. Уктуңбу, кеткиниң. Эч нерсеге кылчактаба, ата-энем дагы бир нерселерди айтышы мүмкүн, “эл эмне дейт?” дейт, балким. Бирок аларды укпа. Артыңа кылчактабай кет!

- Мени коркутуп жатасың...

- Коркпо, дагы жашайм. Сени дагы бир топ кыйнайм, жаным. Сага эки дүйнөдө ыраазы экенимди бил. Мага жетет ошол. Анан... Кудай буюруп, менден кийин турмушка чыгып калсаң, уулдуу болсоң... Атын биздин уулубузга коё турган ысымды кой, макулбу? Сенден бир уулдуу болууну ушундай эңседим эле. Тилекке каршы, мүмкүн болбой калды.

- Болду, мага эч нерсе деп айтпа.

Айкөл бөлмөдөн качып чыкты. Уккусу келбеди. Көчөнүн башындагы Насиба деген эжеге жөнөдү. Бул дин илимин алган, Куранды жатка билген аял эле. Айылдагы аялдарга таалим өтүп, намаз үйрөтчү. Чымын куюн болуп ошого чуркады. Аны көрүп Насиба таң калган жок. Айкөлдүн келишин күтүп жүргөндөй мээримдүү жылмайды.

- Айкөлсүңбү, эмне мынча күйүгүп чуркап алгансың? Кел...

- Насиба эже, Айдар...

- Айдарга эмне болду?

- Кызыктай нерселерди сүйлөп... Өлүм деп... Корктум, сизге чуркадым - Айкөл ыйлап жиберди. Өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жаткан жаш келиндин башынан сылады Насиба. Энтигип араң  токтогондо акырын үн катты.

- Менден эмне жардам керек?

- Мага намаз окууну үйрөтүңүз. Менин сиз айткан жолдон кетүүдөн башка аргам жок. Айдар үчүн дуба кылышым керек. Ал жашашы шарт.

- Сен муну жакшы ойлонуп чечтиңби? Кайра артка кайтыш жок бул жолдо...

- Мен буга чейин эле көз жумгам баарына. Эгерде мени сахна, ырчылык,  же атактуулук азгырып кетет десеңиз, жаңылышасыз. Мен Айдар бутуна турушу үчүн баарын кылам.

Насиба макул дегендей башын ийкеди.

               ххх

- Сен мага айта турган бир нерсе барбы? - деди Мариям Акбарга.

- Жок, эмнеге андай дедиң?

- Канчадан бери ойлуусуң? Өзү айтабы деп күтүп жүрөм. Бир нерсе болгондой сага...

- Эмне дейин эми? Азыр айтсам баары калп болот, Мариям. “Менде баары жакшы, санаам жок” десем калп болот.  Башка бир шылтоону айтсам да болбойт. Сага калп айткым келбейт, мени кыйнабачы.

- Мен билишим керек...

- Биле турган убагы боло элек, демек...              

Кырс унчукту. Туура эмес кылганын билип турду, жок жерден эле аялына оройлонуп жатканын сезди. Бирок эмне кылат? Бул нерсенин кантип түшүндүрө алат? Айтса эле түшүнө кала турган бир маселе болсо экен. Жан дүйнөнүн азабы бул...  Акбарды өрттөп жаткан от, Мариямды кошо өрттөп баштайт. Бул ага керекпи? Аялын аяды.

 ххх

- Эже, Акбарга бир нерсе болду. Билбейм, көптөн бери кызыктай абалда. Биздин жашообузда бар туруп жок. Бир нерсе айтсаң угуп жаткандай болот, бирок көңүлү башка жерде. Балдарын да мурункудай эркелетпей, ары-бери алып чыкпай калды.

- Эркектер кээде ошондой мүнөз күтүп калышат го, өтүп кетер...

- Жок, өтүп кетет деп мен да ойлогом, андай эместей.

Мариям тынчсыздана кайын эжесине карады. Акбар сырын бөлүшсө ушул Аккыз эжесине бөлүшмөк. Бир туугандарынын ичинен экөө жакын.

- Бир аял барбы жашоосунда? - деди  кайын эжеси. Бул аял эркек мүнөз эле, эмне ойлосо бетке айтат.

- Акбардын андайы жок, эже. Ушуга чейин Кудай сактасын, бир да жолу андайын байкабадым.

- Ким билет, эркектердин баарынын камыры бир эмеспи. Сен айткандай бизнеси жайында болсо, ден соолугу жакшы болсо, катындан башка эмне маселе болмокчу?

- Анда деле байкалмак да эже, кеч келмек же келбей калмак. Дайым эле үйдө... Кабинетинде эле бир нерселери чиймелеп отурат.

- Анда ошол, мен айтып жаткан нерсе болуптур.

- Эмне болуптур?

- Бир аял жашоосунда пайда болуптур же чоң сүйүүгө жолугуптур.

Мариям оозун ачып карап калды. Аккыз ушундай киши, бетке айтат, кагазга да ороп жымсалдабайт. Элеңдеген келинин аяп кетти.

- Кечирип кой, оозумдан чыгып кетти. Бирок инимди жакшы билем мен, кичинесинен ошондой. Жашынып бир нерселерди кагазга чиймелеп калса, сүйүүгө жолукту деп бил. Күйөөңдүн ыр жазганын билесиңби?

- Жок.

- Акбар ыр жазат, бирок анысын аябай жашырат. Мыкты акындардын бири болмок... Сен табышмактын жандырмагын табам десең, анын ырларын изде.

- Эже, антип коркутпаңызчы. Ушул жашында кайдагы сүйүү...

- Сүйүүнүн качан келери адамдын жашына карайт дейсиңби? Өлүм сыяктуу айтырбай келет сүйүү дегениң.

- Жок, мүмкүн эмес - деп тызылдады Мариям. Бирок кайын эжесине келгенге чейин деле бир нерседен шектенип, мойнуна албай жүрбөдү беле. Эмне кыларын билбей калды. Көз алдында тунжураган Акбар, суроосуна жооп бербеген, көзү карап турганы менен көкүрөгү башка жакта болгон Акбар... Анын күйөөсү. Аккыз анын ичиндеги бороон-чапкынды көрүп жатты.

- Мариям, балким, мен жаңылыш ойлонуп жаткандырмын. Эч бир аял деле жоктур. Сен да кызыксың, өмүр бою сүйүү-пүйүү менен иши жок, турмушка чыкпаган кара далы аялдан мындай нерселер тууралуу сурайсың да. Менден сага эмне кеңеш болот эле? Айгүл эжеме же башкасына барып кеңеш сурасаң болмок. Мен бул иштерден эмне билмек элем. 48 жашка чыкканга чейин турмушка чыкпаган аялдан кеңеш сурап, сен да бир кызыксың...

 

 (Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1181, 1-7-август, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан