25 миң тиши бар үлүл

Жаратылыштын кызыктуу жандыктарынын бири үлүл тууралуу кызыктуу фактыларды окуп алыңыз. 

 

 * Үлүлдөр мындан 500 миллион жыл мурун пайда болгон делет да, жер жүзүндөгү эң байыркы жандыктардын тизмегине кошулат.

 * Жердеги жана суудагы үлүлдөрдү эсептегенде алардын 60 миңден ашык түрү бар.

 * Үлүлдөр бардык экосистемде жашай алган жандык болуп эсептелет.

 * Көптөгөн жаныбарларга караганда үлүлдүн тиши көп, тагыраагы, болжолдуу 25 миң тиши бар дешет окумуштуулар. Алар азыгын чайнабайт, бири-бирине сүрүү жолуу менен майдалап жейт.

* Үлүлдөр укпайт, көрүүсү начар (жарык, караңгыны гана сезет), бирок жыт билүү сезими өтө өөрчүгөн. Жытты ажыратуу менен тамак таап жейт, ал 2 метр аралыктагы азыктын жытын сезет.

 * Узак жашаган жандык. Орточо эсеп менен жапайы табиятта 10-15 жыл жашайт.

* Көбөйүү формасы да кызыктуу. Көпчүлүк үлүлдөр гермафродит болушат. Тагыраагы, бир үлүлдө ургаачынын да, эркектин да жыныс органдары бар. Андыктан ыңгайына карата кошулуп, төлдөй беришет. Бир төлдөгөндө 80ге чукул жумуртка тууп, бир айдан кийин андан майда үлүлдөр чыгат.

 * Үлүлдүн жогорку калыбына келүү касиети бар. Ал жаракат алган жерлерин, керекпи, жабыркаган айрым ички органдарын да калыбына келтирүү жөндөмүнө ээ.

  * Эң жай кыймылдаган жандык экенин билебиз. Ал мүнөтүнө 7 сантиметр аралыкты басып өтөт.

 * Спираль түрүндөгү катуу кабыкчасы аларга коргонуучу үй эле болбостон, абанын температурасын жана нымдуулукту жөндөөчү жай болуп саналат.

 * 3 түрдө тамактанган үлүлдөр бар. Биринчиси жалаң чөп-чар жейт, экинчиси өлгөн курт-кумурскалардын этин жесе, үчүнчүсү баарын жегендерге кирет.

 * Экосистемде маанилүү роль ойнойт, анткени алар органикалык заттардын чиришине жана топурактын байытылышына катышат. Ошондой эле жаныбарлардын көптөгөн түрлөрү үчүн тамак катары кызмат кылат.

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1181, 1-7-август, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан