"Манасты жанынан көргөн эч ким жок".  Аянттагы айкелдин автору сын-пикирлерге жооп берди

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтындагы Манас баатырдын айкели жаңысына алмаштырылды. Жаңы эмгекти кыргыздын таланттуу скульптор кызы Тамила Маматова кесиптештери менен чогуу жасаган. Айкел эч кимди кайдыгер калтырган жок, мактоо да, сын да айтылууда. “Манаска окшобой калды” деп нааразы болгондор да болду. Биздин редакция автордун өзү менен байланышып, көпчүлүктүн көкүрөгүндө турган суроолорго жооп алды. 

 

- Тамила айым, борбордук аянттагы Манастын айкели боюнча кызуу талкуу болууда. Бүткөн ишке сынчы көп дейт бир чети... Ошондуктан элди кызыктырып турган айрым суроолорго өз оозуңуздан жооп алып берели дедик. “Манастын эстелиги Манаска окшобой калды” дегендер көп, автор катары сиз эмне дейт элеңиз?

- Эң алгач айткым келгени - айкелдин буюртмасы мага түшкөндө муну Жараткандын бир белеги катары кабыл алдым. Бул айкелдин үстүндө иштөөнүн өзү чоң сыймык. Баса белгилегим келгени - Манас бул чыгарманын, тагыраагы, атактуу эпостун башкы каарманы. Аны чыныгы жашоодо көргөн, жолуктурган, Манастын келбети андай эмес, мындай болчу деп сүрөттөп бере ала турган эч ким жок. Автор катары, баштан аяк иш бүткөнгө чейин ошол устаканада болдум. Бул айкелге баш аягы 1 жыл убактым кетти.

- Манастын буту кыска болуп калган, сакалы жок, кийими жука көрүнөт деген да сындар айтылууда...

- Эми бул айкелди жасаарда мен прототип катары манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөттөмөсүн алгам.    Анда минтип айтылат:

“... Билеги жоон, таш жүрөк

Бил мүчөлүү бадирек

Балбандыгы бир канча

Баатырдыгы бир башка

Жалаяк ооз, жар кабак

Айбаты артык, заары күч

Кармаша келген адамды

Кырып-союп кылат түз

Ач арслан төштөнгөн

Өрттөнүп кеткен бул бурут

Алгыр бүркүт көздөнгөн

Жаның чыккан буруттун

Жан казандай башы бар

Жаткан иттей кашы бар

Ороодой чуңкур көзү бар

Өлүмдөн кайта кайтпаган

Оргу-баргы сөзү бар...

 

... Манастын жайын айтайын

Сөлөкөтү - сөлбөтү

Атка минген келбети

Майлаган буудай жүздөнгөн

Күүгүм туман көздөнгөн

Орто бойлуу, кең далы

Жалаяк ооз, жар кабак

Артык балбан, ары шер

Таап алсаң жан жолдош...

Бул жерде эч кандай сакал-мурут жөнүндө сөз жок. Ал эми тигиндей бийикте турган нерсени ылдыйдан караганда, албетте, буттары кыска көрүнүшү мүмкүн. Бирок жогоруда өзүңүз айтып өткөндөй, “бүткөн ишке сынчы көп”, анын үстүнө социалдык тармактарды карап отуруп, көптөгөн комментарийлер жөн гана мизогиния (мизогиния - аялдарга карата жек көрүүчүлүк) сыяктуу сезилди. Албетте, ар кимдин өз пикири, көз карашы бар. Бирок сындын дагы конструктивдүү болгону жакшы го.

- Аттын көлөмү кичине, туяктары идеалдуу параллель жайгашып калган, чуркаган аттын буттары башкача бүгүлөт дешүүдө...

- Бул кайра эле эстеликти төмөн жактан карагандагы баа. Айкел бийикте тургандыктан көзгө көлөмү кичинерээк көрүнөт, бул түшүнүктүү эле да. Дагы бир жолу баса белгилеп айткым келет, бул - айкел, ал дагы өзүнчө бир чыгарма. Биз реалдуу нерсени жасаган жокпуз, чыгарма жасадык.

- Баатырды коштоп учкан шумкар тууралуу айтып берсеңиз...

- Шумкар - өлкөбүздүн символикаларынын арасында өзгөчө мааниге ээ. Ал эркиндикти, көз карандысыздыкты, ойдун тазалыгын, ошондой эле эрдикти жана көрөгөчтүктү символдоштурат. Ал эми “Манас” эпосун окуган ар бир жаран эпостун негизги мааниси ушуларда экендигин танбайт болуш керек.

- Эстеликтин концепциясы кайдан, кантип жаралды?

- Эстеликтин концепциясы жаңы, жаш, эркин Кыргызстанды чагылдырууга арналган. Ошон үчүн айкелде бир гана Манастын өзүн эмес, элибизде өзгөчө мааниге ээ болгон жаныбарлар - ат менен шумкар кошулган.

- Кыргыздын саналуу скульптор кыздарынын бирисиз. Буга чейинки эмгектериңизге көпчүлүк суктанып келишкен. Бул жолу мактоого катар сын-пикир да айтылып жатат, сизге катуу тийген жокпу?

- Жок, эми соцтармактардагы комментарийлерге көп деле көңүл бурган жокмун. Бирок бир тармакта эмгектенген кесиптештеримдин кылыктары бир аз таң калтырды. Ондон ашуун өлкөдө айкелдерим орнотулуп, жалпы жонунан 100дөн ашуун эстеликтерди жаратып, далай сыйлыктарды алсам дагы өз өлкөмдө тиешелүү мекемелер тарабынан эмгектеримдин бааланбай жатканы бираз ойлондурат...

- Айкел жасалганга чейин атайын комиссиянын, эксперттердин сынынан өттүбү?

- Албетте. Айкел элдин назарына чыкканча, даярдалып жатканда өлкөбүздө аты чыгып калган скульптор, сүрөтчү агайлар келип өз ойлорун айтып, ошого жараша кези келгенде өзгөртүүлөрдү киргизип жаттык.

- Эми сиздин чыгармачылыкка өтөлү. Талантты курчутуп туруш үчүн скульптор эмнелерди кылат?

- Тынбай эмгектенет. Скульптор катары гана эмес, мындай деле бош отура алган адам эмесмин. Эч нерсе кылбай бир аз отуруп калсам, өзүмдү керексиз сезе баштайм. Таланттын үстүндө, талыкпастан эмгек кылып, өмүр бою аны карап турбасаң, ал деле жок боло турган нерсе эмеспи.

- Айтматов, Манас, атактуу инсандар... Кайсы бир эмгекти жаратып жатканыңызда аян берилген учурлар болобу?

- Эми кандай десем, албетте, айкелдердин үстүндө иштеп жатканда каармандар дайым түшүмө киришет. Бирок бул аян эмес, балким. Эртеден кечке ошол нерсени ойлоп, элестетип иштеген үчүн болушу мүмкүн.

- Скульптор болбосоңуз кайсы кесиптин ээси болушуңуз мүмкүн эле, башка эмнеге кызыгасыз?

- Чынын айтсам, бул жөнүндө таптакыр ойлонбоптурмун. Азыр өзүмдү башка эч бир кесиптен элестете албайм.

- Чыныгы чыгармачыл адамдар абдан “скромный” болушат. Сизчи, мактана аласызбы?

- Мактанганды жактырбайм башынан эле. Бирок башкалар эмгегимди баалап, жакшы сөздөрүн айтышса, албетте, кубанып калам.

- Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

- Максаттарым тууралуу алдын ала айтууну эч качан туура көргөн эмесмин, макул десеңиз, азыр деле айтпай эле коёюн. Бир гана айтаарым – жакында буюрса дагы бир чоң эмгегиме күбө болосуздар. Негизгиси мамлекетте тынчтык болсун,мекенибиз өнүгүп өсө берсин,мамлекетибизге буга чейин деле кызматымды кылып келгенмин, мындан ары да кызматымда аябайм!

- Жакшы. Сизге ийгиликтерди каалайбыз!    

 

Асел Нурбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1181, 1-7-август, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан