Белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев учурда эмне менен алек? Театр сыйкыры, кыялдагы роль, жашоо, котормо тасмаларда үн коштоо таланты, айтор, кенен маектештик. Маек сизди кайдыгер калтырбайт, окурман.
- Чыңгыз мырза, кандайсыз? Жайдын күнү эмне иштер менен алексиз?
- Учурда эмгек өргүүсүндөмүн. Кино тарткым келип, өз күчүмдү режиссёрлуктан сынап көрсөм деп жүрөм. Учурда сценарий жазуу менен алекмин, өзүмдү таптап жаткан кез. Менимче, жакшы сценарий жаралат.
- Жакшы жаңылыгыңыз бар экен. Сиздин актёр болуп калышыңызга Күмөндөр Абылов себепкер дешет, бул кандайча болгон?
- Күмөндөр Абылов байке куудулдугу менен атагы чыгып турган учур эле. Ал биздин айылдан болот, туугандык жайыбыз да бар. 1995-жылы белгилүү актёр Кыргызбай Осмонов экөө айылга барып калды. Ата-энем үйгө чакырып, экөөсүн коноктошту. Атам аларга мени көрсөтүп “ушул балам таланттуу, жаныңарга кошуп алып, элге чыгышына жардам берсеңер болот эле” деди. Ошентип алар менен 3 ай чогуу гастролдоп, өнөр адамынын жолу кандай болорун ошондо түшүнүп, билдим. Белгилүү ырчы, актёрлор Юрий Бобков, Адылбек Кыязов, Канат Мамырканов, Арсен Өмүралиев агалар менен чогуу жүрүп, алардан таалим алып, сахнага кантип чыгышты үйрөндүм. Кийин Нарын музыкалык драма театрына ишке кирип, 2 жыл эмгектендим. Анан театралдык окуу жайды бүткөн соң, кайра Нарын тетарына барып 3 жыл иштедим. “Учур” театрына 2003-жылы келгем. Анда иштеп келе жатканыма быйыл 22 жыл болду. Ошондуктан Күмөндөр аганы устат катары көрөм.
- Эмгек сиңирген артист наамы сизге Алыкулдун образынан кийин берилди. Бул образдын сиздин чыгармачылыкта орду өзгөчө болуш керек...
- Ооба, жалпы журтка Алыкулдун образы менен таанылдым. “Мезгил жана Алыкул” тасмасына тартылып жатканымда Алыкул акындын арбагы тасманы колдоп жүргөндөй сезим калтырган. Режиссёр Айдай Чотуеванын жардамчысы катары актёр Акылбек Мураталиев агай жүрдү. Анын табият менен өзгөчө мамилеси бар адам экендиин ошондо билдим. Алыкулдун чарчап калган кызы Жыпарды жерге берген кадрларды тартмак болуп жолго чыктык. Күн чайыттай ачык. Акылбек байкенин жол тандабас унаасында бара жатсак бир жерге токтоп “бизге керектүү кадарларды тартканга жаан, бороон керек. Ошого Жараткандан ушуларды жибер деп сураналычы” деп калды. Сурандык. Анан 15 мүнөт өтпөй, заматта күн бүркөлүп, бороон-чапкын болуп, жамгыр жаап баштады. Биздин артыбызда тартуу ишин көрөлү деп бара жаткандар бара албай калышты. Мен, оператор, Акылбек байке, Айдай Чотуеваа төртөөбүз эле барып тартылып келдик.
- Сиз тартыла элек, кыялыңызда жашап жаткан образ кандай?
- “Генерал болууну эңсебеген аскер, аскер эмес” дегендей, бардык актёрлор театрда дүйнөлүк “Падыша Лир”, “Отелло” сыяктуу образдарды жаратууну самайт. Кыргыздын чыгаан инсандары тууралуу тасмаларда роль жаратууну каалайт. Роль – актёрдун багы сыяктуу. Алыкул менин багыма жаралган, дараметиме төп келген ролдорун бири. Негизи актёр үчүн чоң же кичине роль жок, берилген ролду элге жетире ойносоң элдин эсинде каласың.
- Актёр катары өзүңүзгө ыраазысызбы?
- Өзүмө абдан сын көз менен карайм. Эл мактап жатса дагы ролум 100 пайыз мыкты болду деп эсептебейм. Өзүмө ыраазы болгон учурлар чанда болот. Тасма кинотеатрларга чыккандан кийин “тигил жерин минтип ойносом болмок экен” деп калам. Элге жаккан, эсинде калган роль чыкса деп эңсейм.
- Жубайыңыз Элмира Тагаева да актриса. Анын чыгармачылыгында сиздин колдоонун орду чоң болуш керек?
- Эмка мага караганда көп тасмаларга тартылып, мыкты ролдорду жаратып келет. Эмканы мыкты актриса катары баалайм. Өзүн театрда да, үйдө да шайдоот, шаңдуу, шайыр алып жүрөт. Куудулдугу укмуш, ар кимди туурап боорду эзет. Менин баамым боюнча Эмка аткара турган потенциалдуу ролдор али алдыда. Таланты, дарамети жакшы ачылбай жүрөт. Мыкты режиссёрго туш болуп актрисалык багы ачылса деп тилейм.
- Элмира айымдын шортысы тууралуу атаңыздын бир тамашасы бар экен го, ошону айтып берсеңиз...
- Жаңы келин болгондо Элмира үйгө көйнөк кийип барган. Эки жагында тилиги бар болчу. Атам заманбап адам эле, бир нече күндөн кийин Эмкага “шым эле кийип алчы” десе, апам “башка көйнөк кийип ал” дейт. Бирок Эмканын башка көйнөгү да, шымы да жок, бермудасы (тизеден келген шорты) эле бар эле. Анан аргасыз ошону киет. Атам Эмканы жакшы көрчү, ошого үйдөгүлөргө “Элмиранын жинине тийбегиле, жинине тийсеңер бермуда шортасын кийип чыгат” деп тамашалап калчу.
- Акыл токтотуп калган инсан катары айтсаңыз, жашоонун маңызы эмнеде экен?
- Бул өмүрдөн не деген гана тарыхый мыкты инсандар өткөн. Алардын баскан жолун, элге жасап кеткен иштерин карап отуруп Кудайым адамга ал көтөрө ала турган жүк, өзүнө чактап өмүр берип коёт экен деп ойлоном. Биз “муну мындай кылсак болмок экен” деп кейип калабыз го. Бирок баары бир Жараткан берген ырыскы, өмүр менен жашайт турбайбызбы. “Кыямат” романында Чыңгыз Айтматов жазат эмеспи “тагдырга жараша адам, адамга жараша тагдыр, бирок тагдыр өз мерчеминен жазбайт окшобойбу” деп. Анын сыңары бизге берилген миссия эмне болду экен, аны аткарып жатабызбы же аткара албай жатабызбы деп ойлоном. Жакшы ат жасайын, артымда жашкы иштерим калсын деп аракет кыласың. Алдыңа жакшы максаттарды коёсуң. Бирок жакшы ат жасоо – оор. Кыскасы, бул өмүрдүн сырын аңдап бүтпөйбүз го дейм.
- Унутчаакмын деп калдыңыз...
- Ооба, унутчаакмын. Бул көп ойлоно бергенимден окшойт, сыягы. Бир нерсе пландап алсам ошонун үстүндө көпкө ойлонуп жүрө берем. Башка нерселерге көңүл бөлбөй калган учурларым да болот. Тааныштарым, бир туугандарым кээде бир нерсе сурашса жооп бербей да коёт экенмин. Унутчаактыкты калтыруу үчүн ыкмаларды окуп, үйрөнүп, ошонун үстүндө машыгуу керек го дейм.
- Атактуу түрк сериалы “Даңазалуу доордун” кыргызча котормосунда Ибрагим пашанын үнүн коштогонсуз. Үн коштоонун кыйынчылыгы көппү?
- Үн коштоо үчүн образга сүңгүп кирип, образды ийне-жибине чейин кайра ойноп чыгыш керек. Ибрагим пашаны актёр кандай ойноп жатса, ошонун образын бузбай, үнүн элге жеткиздим го деп эсептейм. Сөзүң так болушу керек. Үндү баары эле коштой албайт.
“Жашоо сүртүмдөрү”, “Чыңгызхан” сыяктуу тасмаларда, анан 60-70тей мультфильмде үн коштодум. Өзүмө “Бемби” мультфильминде Бембинин атасынын үнүн коштогонум жаккан. Үнүмдүн тембри жакшы болгондуктан көбүнчө баш каармандардын үнүн коштойм.
- Балдар чоңоюп калышкандыр. Сиздердин жолуңуздарды улантчулары барбы?
- Актёрлордун балдары ата-энеси ээрчип театрга барып жүрүп, даяр артист болуп калышат турбайбы. Улуу кызым кичинесинен бир нече фильмге тартылган. Мектепти бүткөндөн кийин “актриса болбойсуң” деп экономика факультетине тапшыртып койгом. Бүттү, бирок жүрөгү каалаган окууга кайра тапшырды. Искусство университетинин режиссура факультетинин 3-курсун бүттү. Ортончу уулумду да “кыйнап башкага тапшыртпайлы” деп чечкенбиз. Ал 9-классты бүтүп, театралдык окуу жайга тапшырды, өтөт деп турабыз. Кичүү уулумдун кызыгуусуна карап “футболчу болот го” деп калабыз.
Канымжан Усупбекова