Жаңы гимндин текстине обон изделүүдө

Өлкөнүн жаңы гимнине жарыяланган сынакта 5 эмгек тандалган эле. Азыркы учурда аларга ылайык обон изделип жатат. 6-августта мамлекеттик катчы, гимндин жаңы редакциясын тандоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын төрагасы Марат Иманкулов композиторлор, обончулар жана музыка ишмерлери менен жолугушту. 

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, жолугушууда гимндин обонуна сынак жарыяланганы маалымдалды. Сынактын талаптары, уюштурууга тийиштүү маселелер талкууланды. Сынакка композиторлор, музыканттар, ырчылар, студиялар, союздар жана курамы 5 адамдан ашпаган топтор катыша алары айтылат.

Сынакка катышуу үчүн өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелиши керек:

• Музыкалык чыгарма музыкалык аспаптын коштоосунда же хор менен аткарылган аудио же видеожазуу (USB-флеш каражатына сакталып)

• Гимн долбоорунун ноталык жазуусу (партитурасы) кагаз жүзүндө

• Гимн долбоорунун тексти кагаз жүзүндө

• Ар бир автордун жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу

Тийиштүү эмгектер 2025-жылдын 8-сентябрына чейин gimn.2025@minculture.gov.kg почтасына жөнөтүлүшү керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1182, 8-14-август, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан