Бир бүркүм. “Манастын” коду өзгөртүлдү...  

Жаратылыш министрлиги: Министрликтин атынан жалган билдирүүлөр тарап жатат, ишенбегиле.

 Бишкекте жол оңдоочу менен мушташып кеткен айдоочу кармалып, камакка алынды.

 Ошто Сулайман-Тоонун түбүндөгү үйлөр алынары маалымдалды.

 Текшерүү максатында “Казарман” аэропортуна алгачкы учак конуп-учту.

 14-15-августта Чолпон-Атада ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны өтүүдө.

 Быйыл 20 мамкызматкер Японияга билим алууга барат.

 Чүй аймагында Арашан- Чуңкурчак унаа жолун оңдоо иштери жүрүүдө.

 Быйыл Нарын облусун өнүктүрүүгө 15 миллиард сом бөлүнгөнү расмий маалымдалды.

 “Манас” аэропортунун эл аралык FRU коду 11-августтан тарта BSZ болуп өзгөртүлдү.

 Жалал-Абаддагы Токтогул паркынын тушундагы 100 үй сүрдүрүлүүдө.

 Нарын шаарынын борбордук стадионунун курулушу жүрүүдө.

 Каракол-Алматы автобус каттамын ачуу пландалууда.

 Лейлектин алыскы Ай-Көл айылына заманбап мектеп курулду.

  Асылбек Жеңишбек Лейлек районунун акими болуп дайындалды.

 Жалал-Абадда 52 маданият мекемесинин абалы текшерилди.

 Балдарын мектепке каттата албаган ата-энелер билим берүү министри менен жолугуп, кеңеш алышты.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1183, 15-21-август, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан