Шаирбек Маматокторов, снукер сүйүүчү: “КӨҢҮЛ БУРУУ ЖОКТУГУНАН КЫРГЫЗСТАНДА СНУКЕР ТОКТОДУ”

8-16-август күндөрү Сауд Арабиясында снукер боюнча Saudi Arabia Snooker Masters турнири өтүп, ага Ронни О’Салливан, Марк Уильямс, Марк Селби сыяктуу дөө-шаалар катышты. Жыйынтыгында Нил Робертсон жеңүүчү аталып, рейтингин бекемдеди. Спорттун бул түрү Кыргызстанда эмне үчүн популярдуу эмес? Аны өнүктүрүү мүмкүнбү? Бул жаатта снукер сүйүүчү Шаирбек Маматокторов менен пикир алыштык.  

 

– Саламатсызбы, Шаирбек мырза? Спортко, анын ичинде снукерге кызыгууңуз качан ойгонгон?                                          

– Саламатчылык. Негизи спортко өспүрүм кезден эле кызыгам. Мектепте баскетбол, гандболдон сырткары күнүгө футбол ойночубуз. Баса, стол тенниси боюнча район, облустук мелдештерде байгелүү орундарды ээлегем. Ал кезде телефон жана интернет жок, кышы-жайы үй иштеринен бошоп эле стадионду көздөй чуркамай. Стадион десе, азыркыдай жашыл майсаң стадионду элестетип албаңыз. Ал ортосу чаң топурак, четтерин чөп баскан мектептин спорт талаасы же жарымы асфальт, жарымы шагыл болгон чакан аянтча эле. Бирок ошол деле бизге Сантьяго Бернабеу же Олд Траффорд стадионунан кем эмес сезилчү. Айтмакчы, мектеп курагымда бильярд менен такыр ишим жок эле. Маданият үйүндө эски бир бильярд столу турчу, айылдаштар ошону тегеректеп үймөлөктөшүп калышчу. А мен аксакалдар баш, агаларым төш болуп түш оогондон, кээде таң атканча шахмат ойночубуз. Мектепти аяктап, Бишкекке окууга тапшыргандан кийин гана бильярдга кызыгып баштагам. Албетте, көпчүлүк катары орус бильярдын ойночумун. Чеберлерге жетпесем да, бильярд сүйүүчүлөрдүн көпчүлүгүнө белгилүү деңгээлде ойноп калгам. Снукерди тандаганымдын себеби да кызык. Бир долбоор менен Кытайда бир топ жүрүп калдым, ал жерде снукерден башка бильярд жок экен. Ошентип аз-аздан ойноп жүрүп, аны түшүнө баштагандан тарта снукер мен үчүн экенин анык билдим.

– Снукер кыргызга анча тааныш эместей сезилет. Аны жайылтуу үчүн кандай аракеттер көрүлүшү керек деп ойлойсуз?  

– Снукер кыргызга анча тааныш эмес спорт дегениңизге кошула албайм. Анткени снукерди бир нече жыл бою телеканалдардан тынымсыз көрсөтүп турдук, кайдыгер эмес мекендештер көп болчу. Бир кызыктуу окуяны айтып берейин. Бир жолу Сары-Челекке баратып жолдон адашып кеттик. Божомолумда Аксы районунда болсок керек. Бир айылда жолдо бараткан кишиден жолду сурасам, жооп берүүнүн ордуна “Шаирбексиңби? Качан снукер бересиңер?” деп оозумду ачырган. Жүзүмдөн эмес, үнүмдөн таанып калыптыр. Дагы бир жолу алыскы айылдардын биринен бир карындашыбыз баракчама жазган. “Байке, ушул сиздин снукериңиз тойгузду! Мал-жанды шашыла жайгарган атам "болгула, батыраак чай даярдагыла, азыр снукер башталат" деп үйдөгү жалгыз телевизорду ээлеп алат” дегени эстен кетпейт. Тилекке каршы, снукерди көрсөтүп жаткан спорт каналы кийин жабылып калды. Ошондуктан снукер гана эмес, спорттун кайсы түрү болсо да эфирден канчалык көп көрсөтүлсө, элде ошончолук кызыгуу пайда болот. Мен муну тажрыйбадан улам билем.

– Эл аралык турнирлерге катышкансызбы? Кайсынысы сиз үчүн эсте каларлык болду?                                

– 2020-жылы Мальтада өткөн дүйнө биринчилигине катыштым. Бул менин жашоомдогу эң чоң кыялдарымдын бири болчу. Ал эми Индия, Португалия, Бельгия, Катар мамлекеттеринде өткөн Азия жана Дүйнө биринчиликтеринде болсо Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу катары катыштым.                                 

– Сиздин оюңузча, Кыргызстанда снукерди өнүктүрүү үчүн эмне жетишпей жатат? Балким, спорттук базалар, машыктыруучулар же каржылык колдоо?          

– Снукер эле эмес, спорттун бардык түрлөрүн өнүктүрүү жолдору жана ыкмалары дээрлик окшош. Эң алгачкысы – каржылык колдоо жана керектүү спорттук инфратүзүм. Андан сырткары коомду спортко үндөө, спортту пропагандалоо туура жолго коюлушу керек. Анан бизде мамлекеттик кызматкерлердин, чиновниктердин спортко болгон мамилеси абдан салкын. Башкаларды кой, ошол эле Спорт министрлигиндеги жетекчилердин көбү менен жолуккам. Аман эле болушсун. Бишкектин мэрлерине да далай кирдим.  Кызыгы, бирөөсү да жок дебейт. “Ой, албетте! Сөзсүз жардам беребиз. Имарат бөлүп беребиз” дешип, бери жагы эле 10 жыл сүйрөштү. Мен болгону “чет өлкөлүктөр ачкан снукер залына көп акча төлөп машыктырып жатам, бизге 200-300 чарчы метр жай таап бергиле” деп кайрылгам. Баары сөзүнө турбай, алдап кетишти. Ал эми Спорт министрлигиндегилер болсо спорт түрлөрүн 2-3 сортко бөлүп карашат. Футбол жана күрөш – жогорку сорт. Олимпиадалык спорт түрлөрү – биринчи сорт. Ал эми калганы – акыркы сорттогу спорт оюндары. Аларга бөлүнгөн акча тууралуу айтсам, ыйлайсыз. Балким, күлөсүз. Албетте, күрөш жана футбол артыкчылыкка ээ болушу ыктымал жана ал жааттагы ийгиликтердин артында акча эле эмес, эң башкысы, спортчулардын жана машыктыруучулардын эбегейсиз эмгеги жатат. Аларга колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө алкыш! Анткени сен спорттун кайсы бир түрүнөн ийгилик жаратсаң гана мамлекет колдоп баштайт. Чынында, тескерисинче болуш керек. Колдоо болбогондон кийин кайдагы жыйынтык? Албетте, өлкөбүз абдан бай эмес, каржы тартыш. Ошентсе да спорттун башка түрлөрүнө да көңүл буруу керек.

– Кыргызстандын Снукер федерациясынын колдоосу кандай?                                  

– Биздин федерациябызга акыркы 5 жылда бир тыйын бөлүнгөн жок. “Календарлык план бер” дешет, бересиң, күтөсүң. Аягында “акча жок, Каржы министрлиги бербей жатат, аталган министрликке карызыбыз бар” деген жомокторду угасың. Мен айткандарды “жалган” деп айтышса, анда ар биринин аттарын атап берүүгө даярмын. Эң сонун билишет, качан, кайда, кандай диалог болгонун.

– Азиядагы снукердин деңгээли тууралуу кандай пикирдесиз? Кыргызстан башка өлкөлөр менен салыштырганда кайсы деңгээлде?                                       

 – Азияда снукер эң популярдуу спорт. Индия, Пакистан жана Кытайда 600 миллиондук аудиториясы бар. Ал эми КМШ өлкөлөрүндө эң күчтүү биздин тайпа элек. Бизден кийин баштаган Украинанын 2 спортчусу: Юлиан Бойко жана Антон Казаков профессионалдык турга киришти. Азыркы учурда снукер араб өлкөлөрүндө абдан катуу өнүгө баштады. Saudi Arabia Snooker Masters турнири эле 2 миллион доллар байге таратат. Өткөн аптада болуп өттү, Нил Робертсон 10:9 эсебинде Ронни О’Салливанды утуп алды. Катар, БАЭ, Бахрейн, Египетте күчтүү оюнчулар көп. А бизде болсо снукер спортуна көңүл бөлүнбөгөндүктөн, бул спорт токтоду десем болот.

– Мындан ары снукерчи катары өнүгүүнү каалайсызбы же бул сизде хобби катары гана калабы?                                 

– Снукер кесибим да, хоббим да эмес. Снукер – мен үчүн таза, тынч, кооз жана адилеттүү жашоо образы.

 

Асел Нурбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1184, 22-28-август, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан