Кылым карыткан кыргыз кийимдери

Мурда кыргыздын айымдары гана эмес, мырзалары да жеңдүү көйнөк кийип, иш кылганда гана жеңин чыканакка жеткирбей түрүп коюшкан дешет тарыхчылар. Анткени ачык кийинүүдө адамдын энергиясы качат деген ишенимде болушкан. Макалада кыргыз мырзаларынын кийимдери тууралуу сөз болот. Материалды даярдоого бир катар этнограф жана тарыхчылар көмөктөштү. 

 

Баш кийим

Баш кийимдер жыл мезгилине жараша ысыкта, суукта кийип жүрүүгө ылайыкталып, айбанаттын терисинен, кийизден бычып тигишкен. Жипти  ылайыгына жараша жүндөн, кебезден кабаттап ийрип колдонушкан. Топу, калпак, малакай, тебетей, тумак болуп кете берген. Кызыл түстөгү баш кийимди бир гана бий, эл ичинде баркы бар, наркы бийик, эл башкарган адамдар кийишкен. Кыргыз элинин баш кийимди кийүүдө өз эрежелери болгон. Баш кийимди башка бирөөгө белекке бербейт. Эгерде баш кийим эскирип баратса, жаш балага жыртылганча кийгизип, андан соң өрттөп салышкан. Баш кийимди тескери каратып да кийбейт. Негизи эле жалпы кийимге карата эрежелер төмөндөгүдөй болгон:

• Кийимди аттабайт, жерге таштабай бийигирээк илет.

• Кийимди ыргытпайт, эскирсе өрттөп жиберүүгө болот.

• Баш кийимди айландырбайт.

• Сыйга кийит берүүгө болот. Баалуу териден жасалган тонбу, ичикпи, тартууга берилген.

Жегде

Кыргыз мырзалары жегде кийишкен. Жегде — көйнөк. Мындай көйнөктөр адатта бөздөн тигилген. Кыргыздар мал чарбачылык, мергенчилик менен алек болушкандыктан кыймыл-аракетке тоскоол болбой тургандай бош, денеге чапталбаган кийимдерди кийишкен. Жегде дагы кенен бычылып-тигилген. Узун тигилип, жеңи манжаларга жеткен. Жакасы болсо өрүлгөн боо же топчулар менен бүчүлөнгөн. Жегде узун болгондуктан шымдалбай кийилип, белинен бел боо менен байлап коюшкан. Жегде бай-кедей дебей баары кие турган кийим болгон.

Айтып кетүүчү нерсе, кыргыз эркектери үчүн денесин ачык көрсөтүп кийинүү намыс болгон. Ар дайым жеңи узун, көкүрөгү жабылган, белден ылдый кийим кийишкен. Бул функцияны жегде толук аткарган.

Шым

Албетте, илгери азыркыдай денеге чапташкан шым кийишкен эмес. Улакка түшүү, аңчылыкка баруу, дыйканчылык кылууга ыңгайлуу болуш үчүн кенен шымдар тигилген. Жоокерлик заман болуп,  ат үстүндө жүрүү керек болгондуктан бышык жана кенен тигилчү. Шымдын ичинен дамбал кийишкен. Дамбал жука кездемелерден тигилип, ычкыр менен байланган.

Шымдар таардан, койдун, текенин ийленген терисинен бычылып даярдалган. Таар, кандагай шым, теке шым, жаргак шым деп бөлүнгөн. Ар биринин кайда кийиле турганы белгилүү болгон. Мисалы, теке шымды бышык жана калың болгон үчүн күрөшкө же эңишке түшүүдө кийишкен. Бул айрылып кетпейт, бышык деп бааланып, баасы да кымбат болгон.

Жаргак — бул жүнү жыдытылып, мыкты ийленген тери. Мыкты жаргакты баары эле жасай алышкан эмес. Бул баатырлар согушка жана байлар узак сапарга кие турган шымдар болгон.

Чапан

Эркек кишинин кийимдери көп шөкөттөлүп жасалбай, суукта коргоо, согушта жаракаттан сактоого, чарбачылык кылганга ыңгайлуу кылып тигилген. Конокко барганда гана таш чөгөрүлгөн кемер кур менен байланып, белге бычак тагып алышкан. Көчүп-конуп жүрүү үчүн чапан көчмөндөргө ыңгайлуу болгон. Чыптама, чермей, бешмант – жаш мырзалар кие турган кийим болгон. Булар жеңил, кыймылдаганга ыңгайлуу, суукта жакшы коргоо функциясын аткарган. Бачайы чапан, сатин чапан, баркыт чапан деп жердигине карата айтылган. Жукараак кебез же жүндөн жалатып шырылган. Чепкенден кыскараак тигилген. Жеңил, ыңгайлуу болгондуктан эркектер да, аялдар да кийишкен. 

Ичик

Ичик – сырткы кийим. Ал кездемеден тышталат, териден ичтелет. Козунун жүнүнөн улгайгандарга ылайыктап жасашкан. Кашкулак ичик, бөрү ичик, сүлөөсүн ичик, илбирс ичик болуп кете берет. Жакалары ичине өңдөш болгон.  Элибиздин каада-салтында ичик башкы кийит катары белгиленет. Ичиктин кара, күрөң, боз болушу улгайган эркектер үчүн деп белгиленген. Ал эми байбичелерге кызыл, жашыл, көз түстүү кездеме менен тыштап, жарашыктуу тигишкен. 

Тон

Тон – ашатылган, өңдөлгөн койдун терисинен тигилген сырт кийим. Кышкы суукта кийишкен. Бир тон тигүү үчүн 6-8 койдун териси керектелип, чет жакалары жибек жип менен тигилген. Ийиндери ичкерээк, жеңдери кенен, этектери жазы келип, кымтылганда кенен оролгон. Тондун сырты кээде кызыл, сары айрым учурда карага боёлгон. Кээде ийинге, далыга, капталдарындагы тиликтерге тумарчаларды да тигишкен. Тонду мырзалар, аялдар да кийишкен. Балдарга  ойногондо жеңил жана жылуу болот деп чоң энелер тигип кийгизишкен. Тондун жылуулугун, жеңилдигин кийген адам билет. Уздар ар түрдүү жипти колдонушкан. 

Жоокер кийимдери

Чопкут, чопкут тон — жоокер кийими. Чопкут бышык кийизден кабатталып, арасына бор кум шыкалып тигилген. Чопкутту согушка катышкан, эр сайышка түшкөн жоокерлер ок, найзадан сактануу үчүн кийишкен. Кийиз менен кайыштан кабатталып шырылып, сыртына темирдин калкан бөлүкчөлөрү кадалып согушканда туруштук бергидей кылып жасалган. 

Бут кийим

Кыргыздар бут кийимин карап адамдын бай же кедей, устат же молдо экенин билишкен. Бут кийимдер жалпысынан өтүк, чокой деп аталат.

Чокой менен чарыкты колунда жок адамдар, койчу, жылкычылар кийишкен. Чокой жүндөн уютулуп жасалган. Таманына булгаарынын кесиндисин тамандап коюшкан. Ошол себептен кедейлерди “чор таман” деп коюшкан. Ал эми чарык — жылкынын же буканын ийленген терисинен жасалып, кончу узун келет. Колунда барлар буюртма менен өтүк ултартып кийишкен. Алардын таманы катуу, такасы бийик болгон. Эл ичинде өтүк ултарган кыйын усталар болуп, алар көбүнчө ата өнөрүн улашкан.

Жашоо турмушка байланыштуу кыргыздар кийимди үнөмдүү жана сапаттуу тигип, ыңгайлуулугун биринчи орунга коюшкан. Азыр эми заман башка, мырзалар илгеркидей кийинбесе да, ата-бабабыз кийген кийимдин философиясын биле жүрсө деген тилек.

 

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1184, 22-28-август, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан