Атактуулардын ысымын алып жүргөн тамак-аштар

“Наполеон” торту

Француз кол башчысы, император Наполеон Бонапарттын ысымынан коюлган торттун тарыхы 1812-жылга барып такалат. Ал мезгилде Франция менен Орусиянын ортосунда согуш жүрүп, Бонапарттын армиясы орустардын жеринде жүргөн экен. Император орус ашканасына, өзгөчө алардын кондитердик азыктарына ашык болгон дешет. Императорго жаккан “Наполеон” тортунун идеясы орус кондитери Андрей Марьяновичке таандык деген маалыматтар бар.

“Маргарита” пиццасы

Помидор, базилик, моцарелла сыры кошулган “Маргарита” пиццасын эстедиңизби? Ммм... бул пиццанын түрү итальян падышасы Умберто Iдин аялы Маргарита Савайскаянын урматына ойлонулуп табылган. 1889-жылы падыша канайымын алып Неаполь шаарына барат да, улуттук тамак-аш берилүүсүн талап кылат. Ашпоз Раффаэле Эспозито помидор, базилик анан моцарелла сырын кошуп пицца жасайт. Бул тамак канайымга абдан жаккандыктан “Маргарита” аталып калган экен.

“Цезарь” салаты

“Цезарь” десе байыркы Римдеги Юлий Цезардын атынан коюлуптур деп ойлоп албаңыз. Бул салат 1924-жылы эле пайда болгон. Италиядан Мексикага көчүп келген Цезарь Кардини деген адам салаттын рецебин ойлоп табат. Чакан кафеде сата баштаганда АКШдан Мексикага келген туристтердин суроо-талабына ээ болот. Бара-бара салаттын популярдуулугу артып, Цезарь Кардини бизнесин кеңейтип, АКШда да кафелерин ачкан дешет. Салат болсо өзүн ойлоп тапкан ашпозчунун ысымын алып калган.

 “Оливье” салаты

Дүйнөдөгү эң популярдуу салат десек болот. Оливье – бул салатты ойлоп тапкан кулинардын аты. Ашпоз өзү француз болгону менен, салат Орусияда ойлоп табылып, популярдуулукка жеткен. 1860-жылдары “жарыкка келген”. Салаттын рецебин көчүрүп алгасы келгендер көп болгон, бирок ондогон жылдардан кийин гана көпчүлүккө белгилүү болгон. Ага чейин салатты жасоо ыкмасын ашпоз Оливье эч ким менен бөлүшпөй, өзү гана жасачу деген маалыматтар бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1185, 29-август-4-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан