“Анча-мынча ырчыны жолго таштачудай экен” деп суктанып калабыз кээ бир жакшы ырдаган адамдарды көрүп. Маектешим Элдияр Усубакунов да элдик талант, үнү мыкты. Чоң сахнада жүрбөсө да, тубаса таланты менен элге таанылып баратат.
– Элдияр мырза, ырдаганыңызды угуп үнүңүзгө баа бердим. Атайын сабак алгансызбы?
– Ырчылык боюнча билимим жок, тубаса эле үнүм ушул. Апам жакшы ырдайт, атам тарапта да өнөрлүүлөр бар. Вокалдан үч-төрт жолу Улукмырза Полотов агайга барып сабак алгам. Ал мага “келип тур, сага жардамым ушул болсун, бекер эле окутам” деди. Беловодскийде жашайм да, башында келип-кетип жүрүп, кийин чарба иштеринен кол бошобой бара албай калдым. Бирок агай үч сабактан кийин эле үнүмдү туура жолго салып койду. Тойлордо ырдап жүргөнүмө 5-6 жыл болуп калды, чоң сахнага чыга элекмин.
– Негизи кесибиңиз боюнча кимсиз?
– Кесибим боюнча экономистмин, бирок учурда “Кыргызгидрометте” иштейм. Аба ырайы тууралуу алдын ала маалыматтарды билип, элге жеткирип турабыз. Техник-гидрологмун. Өзүм негизи мал чарбасы, аарычылык иши менен алекмин, чарбачылык иштер көп. Билек түрүнүп чыгармачылыкка киришсем дейм, бирок тиричиликтен кол бошобойт.
– Үй-бүлөңүз барбы?
– Ооба, келинчегим, балдарым бар.
– Балалыгыңыз кайда өттү?
– Ысык-Көлдө, Каракол шаарынын жанындагы кичинекей айылда төрөлүп, чоңойгом. 2000-жылы Ысык-Көлдөн Чүйгө көчүп келип, отурукташып калганбыз. Атам чарбачылык менен алек, апам мурун медайым болчу, бирок кийин иштебей калды. Үч бир тууганбыз, эжем жана карындашым бар. Балалыгым жакшы өттү, кичине айыл, 18 эле түтүн болуш керек эле. Бири-бирибиздикине киришип-чыгышып, кенен, бапырап эле чоңойдук. Биздин учурдун балдары боорукер болгон окшойт деп калам, менин майыптыгымды эч ким көзгө сайып көрсөткөн эмес. Өзүмдү башкалардай эле сезип чоңойдум. Азыркы балдар таш боор болуп баратканын байкап калам. Майып балдарды көрүшсө, басынтып жиберишет, мурун андай эмес эле.
– Колуңузга эмне болгон, кырсыктын кесепетиби же тубасабы?
– Тубаса колумдун жарымы жок төрөлгөм. Мындай болгон экен: 1994-жылы “Кумтөр” алтын кени ишке бериле баштаган да. Бирок андан бир топ жыл мурун ошол жерде алтын бар экени белгилүү болуп, кен изилдөөчүлөр барышкан. Ал жерде атам менен апам да иштеп калат. Бул учур 1986-жылдарга туш келет. Атам геологдор менен иштешип, жер алдынан таштарды алып чыгып лабораторияга беришчү экен. Апам болсо жумушчуларга тамак жасап иштейт. Ошол кезде кош бойлуу болгондуктан, радиациянын зыяны тийиптир. Ошол аймакта төрөлгөн бир топ бала майыптыгы менен төрөлгөн дешет. Кээ биринин акылы кем, кээ бирөө дагы башкача оорулар менен төрөлүптүр. Эми баары Кудайдын буйругу деңизчи, бирок ошол жер, ошондогу абал себеп болгон.
– Абалыңызга кейип, тагдырга таарынган учурлар болгонбу?
– Шүгүр кылам, канча адам көзү азиз же кулагы укпай төрөлөт. Айрымдар баса албай жардамга муктаж. Албетте, өспүрүм куракта тагдырга таарынган сезимдер болду. Анткени достордун баары кыздар менен таанышып, биринчи сүйүү, ашыктык каттарын жазуу менен алек болуп калышты. “Мени кайсы кыз карамак эле” дегендей бир кемсинүү, өксүк болот экен. Бирок ал тез эле өтүп кетти. Кудайга шүгүр, үйлөнүп, бала-чакалуу болдук. Менимче, төрөлгөндө менин майыптыгымды ата-энем оор кабыл алса керек. Жакшынакай эле бала күтүп жатышса, мындай болуп калса трагедия болду да. “Биз го карайбыз, биз өлгөндөн кийин эмне болот, кантип оокат кылат?” деген ойлор болот да бардык эле ата-энеде. Бири-бирин колдоп, оор абалдан чыкса керек деп ойлоп калам.
– Адам баарына көнөт да, азыр көп нерсеге ыңгайлашып калдыңыз болуш керек?
– Көптөр “бул кантип тамак жейт, кантип кийинет, өзү кийине алабы?” деп ойлошот. Баарын өзүм эле кылам. Анткени мен ушундай кол менен төрөлдүм да, ошого башынан ыңгайлашып калгам. Башында кадимкидей төрөлүп, кийин колунан ажырап калгандар кыйналышса керек. Машине айдайм, чарбачылык кылам, айтор, кадимкидей эле толук кандуу жашоо образы. Эжем айтып калды өткөндө, бир жигит Москвага барып мушташа кетип, бир көзү агып түшүп калыптыр. Көпкө депрессия болуп жүрүп, кийин жанын кыйып коюптур. Эми өлгөнгө шашканда эмне, баары бир өлөбүз. Жараткан берген өмүр аманат. Динде айтылат эмеспи, адам жараларда Жаратканга “мен барып жашап, сага ибадат кылып келейин, кайра өзүңө кайтам” деп суранат деп. Ошого жашоону жаркырата эле жашаш керек.
– Ырдап эл алдына чыгуунун сүрү болдубу башында?
– Албетте, башында сүрдөө болгон. Калчылдап, демим кысылып башкача болчумун. Кафеде биринчи жолу ырдаганда бутум калчылдап калган. Бара-бара сүрдөнүү жоголот же азаят экен. Азыр деле атымды айткыча көпчүлүктөн сүрдөп кетем, бирок ортого чыкканда, ырдап баштаганда эч нерсе сезбей калам. Баары тажрыйба менен келет тура.
– Чоң сахнага чыгуу максатыңыз барбы?
– “Сенин үнүң өзгөчө, концерт бер, жардам беребиз” дегендер көп. 38 жаштамын, алдыда эмне болот, жашап көрөбүз, буюрса.
– Көбүнчө эски ырларды ырдайт экенсиз?
– Жумамүдүн Шералиевдин, Асанкалый Керимбаевдин, улуу муундун ырларын көп ырдайм. Анткени аларда башкача сезим, энергия бар. Ошол ырларды ырдагандан ырахат алам. Обонду созчу жерден созуп дегендей... Кийинки эстрада ырчыларынын ырлары үнүмө отурбайбы же табиятыма туура келбейби, айтор, ырдай албайм. Созоюн десем созо турган кайрыктары да жок же ырынын сөзүнүн мааниси жок. Бек Борбиевдин, Бактияр Токторовдун ырларын гана кээде ырдап калам. Мени көбү Асанкалый Керимбаевдин “Гүлкайыр” деген ыры менен таанышат.
– Ата-энеңиз сиздей өнөрлүү уулу менен сыймыктанышса керек?
– Апам айтып калат, мурда Мирбек Иманбековдун концертин көрүп отуруп, ата-энесин сахнага алып чыккан учурунда мени ойлоп койгон экен. “Менин балам да ырчы болсо, бизди да ушинтип сахнага чакырса” деп кыялданыптыр. Анда мен ырдап чыга элек болчумун. Азыр интервьюга чакырып жатышат, ырдап жүрөм, балким, чоң жылдыз болуп кетермин (күлүп). Менимче, сыймыктанышат го дейм. Алардын жүзүн жер каратпайын деп ар дайым түз жүрүүгө аракет кылам.
– Маегиңизге рахмат, талантыңыз арта берсин!
Нуржамал Жийдебаева