Жаш болсо да чоң сахнадан орун алууга бел байлап, салттуу музыканы сүйгөндөрдүн жүрөгүн багынтып келе жаткан ырчы Гулина Калыгулова – бул жолку маектешибиз. Ал Нарындын Кара-Кужур өрөөнүнүн кызы. Ыр-күүгө бала чагынан аралашып, кийинчерээк дастанчылыкты тандап алганын айтат. Гулина айымдын ырларында улуттук демдин да, ошол эле учурда жаштарга таандык болгон заманбап ырлардын да илеби бар. Жаш ырчы менен жакындан тааныштырабыз, окурман.
– Гулина айым, кандайсыз? Алгач өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз, туулган жериңиз, үй-бүлөңүз дегендей...
– Арыбаңыздар! Өзүмдү тааныштыра кетсем, Нарындын кызы болом. 2001-жылы 18-майда Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Кара-Кужур өрөөнүнүн Жер-Көчкү деген айылында туулуп-өскөм. Балалыгым ошол айылда өттү. 11-класска чейин Кыязов атындагы орто мектепте окудум. Кийин Бишкек шаарына келип, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин салттуу музыка жана фольклор кафедрасында дастанчылык адистиги боюнча 5 жыл окуп, артыкчылык менен бүтүрдүм. Азыркы учурда улуттук “Манас” театрында өз адистигим боюнча эмгектенип келе жатам.
Үй-бүлөдө төрт бир туугандын кичүүсүмүн. Учурда эжем анан байкем бар. Дагы бир байкем бар эле, ден соолугунун айынан каза болуп калган. Үй-бүлөдө баарыбыздын кесибибиз – мугалим. Ата-энем – физика мугалимдери, байкем – химик, эжем бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенет.
– Салттуу музыкага кызыгып калышыңыз жөн жерден эмес болуш керек?
– Ырчылыкка кичинемде эле кызыкчумун. Агаларым ырдап калса кошулуп ырдагым келчү. Бирок кийин ырчы болом деп ойлогон эмесмин. Улуу агам кесиби боюнча ырчы, манасчы эле. Ошол агамдын көзү өткөн соң анын ырчылыгын улантам деп өзүмө сөз бергем. Жараткандын буйругу экен, студент кезимден баштап салттуу музыкага кызыгуум чоң сүйүүгө айланып, кесиптик жолум дал ушул багытта уланып кетти.
– Дастанчы болуу – чоң жоопкерчилик. Бул сизди канчалык чыйралтат же таасирлентет?
– Дастанчылык өнөр мени терең руханий дүйнөгө алып кирип, элдик көркөм өнөрдүн күчүн сездирди десем болот. Ырчы агамдын аты да Дастан болчу. Кесибим дагы байкемдин атынан болсун деп дастанчылык багытты тандап алгам. Анан албетте, бул жолду тандоомо студент кезимден тарта устатым Мээрим Карыпованын кулагыма куйган, үйрөткөн обондору да себеп болду. Дастанчы катары көптөгөн кароо-сынактарга катышып, байгелүү сыйлыктарды ээлеп, алдыга карай умтулууга, улуу өнөрдү улантууга шыктандым. Ар бир жолку дастан айтууда элибиздин духун, баатырдыгын, улуу тарыхын сезем. Туура айтасыз, бул чоң жоопкерчилик. Бул багытты тандаганыма эч өкүнбөйм.
– Агаңыз үчүн өнөргө аттанып, агаңыздын аты үчүн дастанчылыкты тандапсыз, демек, ал кишини абдан жакшы көрчү окшойсуз? Экөөңөр абдан жакын белеңер?
– Ооба, бир боорум өтө таланттуу адам болчу. Кичинемде аябай эркелетчү. Жамакчылыгы да бар эле, ырларды кураштыра калып маанайыбызды көтөрүп турчу. Өзү ырдап калганда "кел, ырдай гой" деп ырдатып калары бар эле... Ким эле бир боорун жаман көрсүн. Бир тууганымды кандай жакшы көрөрүмдү сөз менен айтып жеткизе албайм чынында. Дастан агам атына заты жарашкандай, биз үчүн айтылып бүткүс дастан. Тагдырдын жазмышына айла жок экен да, байкем өзү жок болсо да, айткан сөздөрү, элеси ар дайым жүрөгүмдө!
– Эл арасында “фольклор жанры азыркы жаштарга анчалык кызык эмес” деген сөз айтылат. Сиз жаштар менен кантип тил табышып жатасыз?
– Мен антип ойлобойм. Ар бир угармандын өзүнүн табити, ар бир ырчынын өзүнүн угарманы бар. Тескерисинче, мурдагы жылдарга салыштырмалуу азыр салттуу музыкага, фольклордук ырларга, манаска, айтыштарга кызыккан жаштар көбөйүүдө десем болот. А менин өзүмө келе турган болсок, дастанчылык менен эле чектелип калбайм. Эстрада жанрында да ырдап жүрөм. Ошондуктан жаштар менен тил табышуу мага кыйын деле эмес.
– Чоң сахнага биринчи жолу качан чыктыңыз эле?
– Эң алгач чоң сахнага 3-курсумда, заманыбыздын залкары Замирбек Үсөнбаев агабыздын республикалык кароо-сынагына катышып, “Гөзал кыз”, “Кызыл туу кыргыз кыздары”, “Кожожаш” дастандарын ырдап чыккам. Ошондо көптөгөн таланттардын арасынан суурулуп, кызыктыруучу сыйлыкка ээ болгом. Ошол күндөн тарта улуу инсандар менен аралашып, улуу өнөргө аттандым.
– Сүйүү темасындагы ырларга басым жасайт окшойсуз. Сүйүү тууралуу көз карашыңыз кандай?
– Ооба, сүйүү темасындагы минор ырлар абдан жагат. Айрыкча Элмирбек Иманалиев агабыздын, Майра Керим кызынын чыгармаларына ашыкмын. Ал эми мен үчүн сүйүү – бул ар бир адамдын жан дүйнөсүндөгү эң таза, эң күчтүү сезим. Ал эркиндик да, жоопкерчилик да болушу керек деп эсептейм. Сүйүүдө чыныгы баалуулук – ишеним, түшүнүү жана колдоо. Сүйүү – бул жөн гана сөз эмес, аракет, талыкпаган камкордук деп билем. Ар бирибизге чын сүйүүнү насип этсин деп тилеп келем.
– Чыгармачылык ааламындагы Гулина менен күнүмдүк турмуштагы Гулинанын айырмасы барбы?
– Чынын айтсам, өзүмө билинбейт деле. Муну досторумдан сураш керек го (күлүп). Ар дайым өзүмдү болушунча жөнөкөй, бир калыпта алып жүргөнгө аракет кылам. Айырмасы деле жок, менимче. Ал эми тема сахнанын үстүндө боло турган болсо, аткарып жаткан чыгармамдын мүнөзүнө жараша өзгөрөм.
– Кайсы кыргыз ырын же дастанын аткарганда жүрөгүңүз өзгөчө эргийт?
– Ырлардан Сологой ырчы Сооронбек агабыздын “Четиндей” деген чыгармасын аткарууда аябай жыргайм. Өзүмө аябай жаккан чыгармалардын бири, аны ырдагандан тажабайм... Ал эми дастандардан болсо “Карагул ботом” дастанын аткарууда башкача сезимдер болот. Аны сөз менен айтып жеткире албайм го.
– Социалдык желеде активдүүсүз. Интернет колдонуучуларынын пикирлери көбүнчө сизди шыктандырабы же маанайыңызды бузабы?
– Шыктандырат да, албетте (күлүп). Баракчамды карасаңыздар, жалаң гана чыгармачылыкка тиешелүү нерселерди жүктөйм. Ашыкча нерселерди жарыялабайм деле. Комуз чертип, кыргыздын улуттук кийимин кийип жүргөндүктөнбү, айтор, негатив пикир жазгандар жокко эсе менде. Тескерисинче, баары жакшы пикир калтырышат.
– Чыгармачылыкта сиз сыйлаган, кумир туткан инсан ким?
– Өнөр адамдарынын баарын сыйлайм, бирок эч кимди кумир тутпайм.
– Алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз. Балким, концерт берүүнү пландап жатасыз?
– Жакында өзүмдүн кичи мекенимде жеке концертимди берип, өз элимден, ата журтумдан бата алып келдим. Ал эми алдынкы пландарда, буюрса, жаңы дуэттер, ырлар даярдалып жатат. Анан саналуу күндөрдөн кийин Кыргыз Республикасынын Эл артисти Табылды Актанов агайыбыз жетектеген “Жаңыл мырза” спектаклин коёбуз. Ал спектаклде мен дагы ойнойм. Буюрса, баарыңыздарды премьерага чакырам.
– Рахмат, сизге албан ийгиликтерди каалайбыз!
Асел Нурбекова