Тося Чайкина: “МЕНИН МУЗЫКАМ ӨЗҮМӨ ОКШОШ БИЙИК ЖАНА ЖЕҢИЛ”

“В сердце бахнули стрелы...” деп сиз да ырдап калдыңызбы, өзүңүз ырдабасаңыз да балдарыңыздын плейлистинен уккандырсыз. “Стрелы” ыры псевдоними да өзгөчө, өзү да өзгөчө Тося Чайкина аттуу ырчыга таандык. Көп убакыт инди-поп музыкасын жайылтууга аракет кылган ырчы айымдын тилеги акырындап ишке ашып келе жаткан өңдүү.

Аты-жөнү: Антонина Бадулина

Псевдоними:  Тося Чайкина

Туулган жери: Орусия, Санкт-Петербург

Туулган жылы: 1996-жыл, 28-май

Жылдыз белгиси: эгиздер

Бою: 169 сантиметр

Кесиби: ырчы, автор

Белгилүү ырлары: “Стрелы”, “Цветы”, “Беспринципные”, “25”, “Аномалия”, “Больно” жана башка

Музыканттардын тукуму

Атасы Татарстанда башкы дирижёр Александр Сладковский, таятасы Владимир Бадулин дирижёр жана композитор, апасы Вера Бадулина жана таенеси да вокалисттер. Антонинанын музыка дүйнөсүнө келери ачык айкын эле көрүнүп турганы менен, ал алгач өзүн башка жаатта сынап көргүсү келген. Алгач балерина болом деп, кийин оюн кыл кыякчы болууга өзгөрткөн. Апасы болсо кызынын опера ырчысы болуусун каалачу. Эмнеге атасынын эмес, апасынын фамилиясында?

– Апам атам дирижёрлук кылган оркестрде солист болуп иштечү экен. 2 жыл чогуу иштешип, ортолорунда жаралган кызматтык романдан мен пайда болуптурмун. Бирок атам башынан эле бош эмес, үй-бүлөсү бар экен эле. Андыктан мен таятам Владимир Бадулиндин эрке небереси болуп чоңойдум. Музыкага, классикага аралашуума таята-таене, апамдын салымы чоң,- дейт ырчы айым.

Леди Гага – кумири

Учурда орус сахнасынын эпатаждуу ырчыларынын катарына кирген Антонина Бадулина 5-классынан баштап Леди Гаганын чыгармачылыгына таасирленип, шоу-бизнеске келүү каалоосу жаралганын айтат. Анын образдарын карап отурсаң, чынында эле Леди Гаганын таасири тийгенин байкаса болот. Музыкалык мектепте вокалдан сабак алып, пианино черткенди үйрөнүп, музыкалык сынактарга катышуу менен убакыт өткөрө баштаган.

– Апам туура ырдаганды үйрөттү. Студияга барып ыр жаздырчубуз, эсимде, алгач 4 ырдан турган мини-альбом да жаздырганбыз. Сынактарды таап, аларга өзү коштоп барар эле. 

Өспүрүм курактын оор издери

Өспүрүм курактан баштап назик кыздын жан дүйнөсүндө төңкөрүш башталган. 13 жашында алгачкы жолу денесине татуировка тарттырган, андан ары тынымсыз чач жасалгасын өзгөртүү башталды. Кыска чач, узун чач, түрдүү өңдөргө боёлгон чач... Анан да туура эмес компаниянын катарына кошулуп, спирт ичимдигинин даамын да эрте таткан.

– Сабакка такыр көңүл жок эле. Анан “достор” чогулуп мектептен качып, кимибиздин үйүбүздө ата-энебиз жок болсо ошонукуна барып бекинип алчубуз. Анан таң атпай ичимдик ичер элек, болгондо да сапатсыз алкоголду ушунча көп өлчөмдө иччүбүз. Азыр ойлосом, ошондо такыр эле акылыбыз жок, туманда эле жүргөндөй жашачу экенбиз. Ошол чөйрөдөн аман-эсен суурулуп чыкканыма сүйүнөм.

Чыгармачылыкка алгачкы кадам

9-классты аяктагандан кийин апасы мугалим болуп иштеген музыкалык училищеге тапшырган. Окуу мезгилинде алгачкы жолу балет постановкасына “Adulte” деген чыгарма жазат. Ыр классикадан алыс болгону менен, балетке кабыл алынып, театрдан жаңырган. Ыр жазуу процесси кызга ушунчалык жаккандыктан, окуусун таштайм деп чыккан.

– Ата-энем экөө тең каршы чыгышты. Алардын ою боюнча, мен училищеден кийин консерваторияга, андан ары театрга барышым керек эле. Мен болсо башка багытта кетишим керектигин сезип, көгөрүп туруп алдым. Алар болсо менин бүдөмүк келечегимден коркуп жатышты... Училищени ошол менен аяктабай калдым. Анан классика эмес, эстрада жаатында жолумду тапканымды апама далилдеш үчүн көп убакыт кетти. Азыр апам концерттериме калтырбай барып, блогер болуп баарын телефонуна тартып алат.

Эмнеге Тося Чайкина?

Эстрадага келүү да оңой болгон эмес. Алгач “More Oblakov” деген топ түзүп, ал бир жылдан кийин тарап кеткен. Андан кийин “SunSay” долбооруна бэк-вокалист катары кошулду. Кийин Ассаи аттуу рэпер менен иштешти. Бул мезгил 2013-2017-жылдар аралыгы эле. Жамааттар менен жүрүп, Антонина жеке ырчылык тууралуу да ойлонуп, Тося Чайкина деген псевдонимди алууну чечет.

– Антонина дегенге караганда Тося оңой, эсте каларлыктай сезилди. Чайка – бул бийик учуу деп түшүндүм. Анын үстүнө “чайка” деген пианиномду жакшы көрчүмүн. Тося менен Чайкинаны кошкондо менин музыкамдай бийик жана жеңил учкан псевдоним пайда болду.

Популярдуулук

Тося Чайкинага чыныгы популярдуулук 2019-жылы келди. Анда кыз ТНТ каналында өткөн “Песни” сынагына катышкан. Сынактан жеңишке жетпегени менен, өзү үчүн чоң дем алып, Москвага көчүп келген. Өзү ыр жазган кыз четинен музыкалык альбомдорун чыгара баштаганы менен, Москва бир топ кыйнап койгон. Акчасы күнүмдүк жашоосуна жетчү эмес. Ыр жазуу үчүн жакшыраак телефону да жок болчу. Анан насыяга айфон алып, 2020-жылы “Сделано в айфон” деген альбомун чыгарган, андагы ырлардын баары айфонго жазылган эле.

– Жазган ырларымды теле, радиолорго берүүгө командам болуп көп аракет кылдык. Жалпысынан “ырларыңыз биздин форматка туура келбейт” деген жооп алчубуз.

“Стрелы”

2020-жылы Тося Чайкинанын үнү ар бир “үтүктөн” жаңырып калган. Көптөн күткөн ийгилик кушу колго конуп, “Стрелы” ыры хитке айланган эле. Азыр Тося Чайкина белгилүү ырчылар: Дима Билан, Лолита, Ёлка, Полина Гагарина жана башкалар менен активдүү иштешет. Сериал-кинолорго саундтрек жазат. Орусиянын шаарларын кыдырып гастролдоп жүрөт. Бир учурда “биздин формат эмес” деген телеканалдарда “Битва поколений”, “Дуэты”, “Новая фабрика звёзд” сыяктуу чоң долбоорлордун катышуучусу болуп калды.

– Укмуш сүйүүгө кабылдым, болгон жүрөгүм, жан дүйнөмдү ал адамга арнадым. Бирок анын сезимдери меникиндей болгон жок окшобойбу, таштап кете берди. Анан жетпей калган махабаттын айынын “в сердце бахнули стрелы...” саптары жаралып, “Стрелы” ырым “төрөлгөн”.

Жеке жашоосун жашырбайт

Башкалардай болуп баарын жашырбайт, тескерисинче, майда-чүйдөсүнө чейин ачык айтат. 18 жашында 36 жаштагы мырза менен роман курган. Андан боюнда болуп калып, концерттен алган гонорарын акыркы тыйынына чейин аборт жасатууга коротконун айтканы бар.

Андан кийин рэпер Ассаи менен сүйүү мамилесинде болгон. Мамиледе көп абьюз, зомбулук орун алган. “Бүгүн мени ушунчалык катуу сабады. Колу-бутум кыймылдабай, бетим шишиктен көрүнбөй, кулагымдын учу жырылган абалда көпкө жаттым...” деп соцтармактагы баракчасына жазган. Учурда театр актёру Никита Манилов менен кыз-жигит. “Никита токтоо, мен эмоционалдуумун. Уусу жок алгачкы мамилем” дейт ырчы.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1186, 5-11-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан