Биринчини бербеген АЛЛЕРОЙ жана КАГАН

Жыл башынан бери мыкты көрсөткүчтөр менен эл оозуна алынган аргымактар Аллерой менен Каган – биздин бул жолку каармандарыбыз болмокчу. Эки ат тең Жакыпбек ата жылкы заводуна таандык. Саяпкери болсо 6 жылдан бери “Жылдын мыкты саяпкери” наамын алып келген Чубак Жайлообек уулу. “24 саат бою жылкылардын жанындамын, ушулар менен жашайм” деген саяпкер Каган менен Аллеройдун теги, тарыхы, ийгиликтери, мүнөздөрү тууралуу кызыктарды айтып берди. 

 

“Үч жолу чаап, үчөөндө тең биринчи келди”

– Жай мезгилинде үч жолу чабылып, үчөөндө тең биринчиликти алып келген жорго Каган 6 жашта. Ата-тегине келсек, атасы Жекпот деген таза кандуу америка жылкысы. Энеси болсо аты чыккан Пенилопа деген бээ. Экөө тең Орусияда турат. Өзү болсо Локотск жылкы заводунан 10 миң долларга сатып алынган.

Бул жорго колума былтыр келди. Орусияда таскак чабышат эмеспи, анда бул аргымак жорголоп туруп алган. Ошол жактагы таскак чапкан тааныштарыбыз сунуш кылып, алып калдык. Былтыр 5 жолу чабылып, үчөөндө биринчи, экөөндө экинчи келген. Быйыл болсо үч жолу чаптык, үчөөндө тең биринчиликти алды. Биринчиси – туристтик мезгилдин ачылышына карата уюштурулган ат чабышта озуп чыгып, 200 миң сом байге алды. Андан кийин эле Айыл чарба министрлигинин кубогунда биринчиликти бербей, мындан да 200 миң сомдук баш байгени утту. Ал эми жакында Казакстанда Абай Кунанбай уулунун 180 жылдыгына карата уюштурулган ат чабышта автоунаа менен сыйланып кайттык.

“Абдан намыскөй жылкы”

– Бул аттын энеси Пенилопанын дагы бир баласын чапканбыз. Даңк деген жорго болчу. Алып жатканда алгач эле ошол линиясына карадык. Андан кийин өзүнүн жеңилдиги жакты. Жакшы ат өзү эле көзгө жакшы көрүнүп, жагып калат. Ошол сыяктуу Каганды көргөндө эле көңүлүмө толду. Сөөгү, деми да жеңил, алыска чыдамкай. Буюрса, ойдогудай чыкты. Жашы алтыга келип калса да кунандардай эле көрүнөт. Жарышта башында кандай алдыга кетсе, аягына чейин ошол ыргактан жазбай озуп келет. Алдына жылкы чыгарбайт, абдан намыскөй. Дээринен күлүк десек болот. Анткени жарышка дайыма эле жакшы дайындык менен чыга албайбыз, кандай дайындык менен келсек да, биринчи келгенге жан үрөйт. Ал эми кадимки күндөрү жоош, баарына мингизе берет, бат да дайындалат. Акыркы бир жума, 10 күндүк жумуш менен эле даяр болот. Жеңил минилет, көп эс алат. Даярдоодо аттын да маанайына карап көп кыйнабайбыз. Былтыр Орусиядан алып келгенден 15 күндөн кийин эле чала-бучук даярдык менен жарышка салдым эле, ошондо да биринчини алды. Буюрса, алдыда болуучу Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине дайындык көрүп жатабыз. 

Маалымат үчүн:

11-12-сентябрь күндөрү Алай районунун Гүлчө айылында Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракеси белгиленет. Маараке чоң маданий жана спорттук иш-чаралар менен коштолот. Арасында ат чабышка өзгөчө маани берилип, аламан, кунан, жоргого 7 орундук байге каралган. Мисалы, аламан ат салышта 1-орунга автоунаа болсо, 2-орунга 724 миң сом, 3-орунга 543 миң сомдук чоң байгелер коюлган. Кунан, жорго салышка да ушул сыяктуу байгелер коюлган.

 

“Аллерой Рамзан Кадыровдун аргымагы болчу”

– Бул жылкыны да Орусиядан алдык. Тай кезинде Америкадан аукцион аркылуу 50 миң долларга Рамзан Кадыров сатып алыптыр. Ошентип Орусияга, Грозныйга келип калган. Ата-энеси экөө тең таза кандуу америка жылкылары. Атасы Трепит Америкадан көп байгелерди утуптур, энеси да ошондой байгелүү орундарга илинген бээ.

Аллерой 4 жашына чейин эмнегедир чабылбаптыр. 4 жашында 3-4 жолу чабылып, 5, 6-орун, бир жолу 1-орунду алыптыр. Ошентип былтыр күзүндө Кыргызстанга алып келинип, биз болсо быйыл жазында 20 миң долларга сатып алдык. Жаздан бери 6 жолу чаап, үч жолу 2-орун, үч жолу 1-орунду утту. 1-орундагы байгелерине токтолсом, 31-августта болгон Президенттин кубогунда 200 миң сом, министрлер кабинетинин кубогунда 150 миң сом, туристтик мезгилдин ачылышына карата уюштурулган ат чабышта 200 миң сом утту. Буюрса, 4-октябрда Алматыда кыска аралыкка чоң ат чабыш болот, ошол жакка даярдык көрүп жатабыз.

“Кыска аралык менен дүйнөгө чыксак дейбиз”

– Кыска аралыкка чуркаган аттардын айырмасы – күлүктүгүндө. Мисалы, өткөндө Аллерой 3200 метр аралыкты 3 мүнөт 26 секундда чуркап өттү. Күлүктүн күлүгү булар. Мындай аттарды деле аламан байгеге дайындаса болот, жай чуркаганга көнүшөт. Бирок кыска аралык менен дүйнөгө чыгууга болот, кыска аралыкка дүйнө чабат. Бул аттар болбосо да, кийинкилери менен Дубайга намыс талашып барып келсек деген кыялдарыбыз бар.

Кыска аралыкка жазында 2000 метрге чабылат, жайында 2400, күздө 3200 метр болуп узарат. 

“Жумуш берген сайын чыйралган жылкы”

– Аябай жоош ат, бир мүнөз. Бул да башталышында эле озуп алып, алдына ат салдырбайт. Бизге арык келген, эттентип, табына келгенче бирге чыга алган жок. Анда да аттын кыйындыгы менен 3-орунга түшпөй, жалаң 2-орунда келип жатты. Акыркы үч чабышта жалаң 1-орунда келди. Тамагын көбүрөөк берип, катуураак жумуш бергенди жактырат. Жумуш берген сайын чыйралып табына келген жылкы. Даярдоодо болсо алгач 20 мүнөттөй басат, 10 мүнөт желет, анан чуркоочу аралыгына чаптырабыз. Ошентип чабышка дайындыгы жүрөт.

 

 

Асел Ишенбай кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1186, 5-11-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан