Бактылуу болуу үчүн күн сайын, мүнөт сайын аракет, эмгек керек, анткени бакыт өзү эле колуңа конуп калбайт. Конгон күндө да аны кармап калуу үчүн болгон күчүңдү жумшоо керек. Бакыттын даамын таткан, аны кайдан издешти билген адам көпчүлүктөн айырмаланып турат дешет психологдор. Анда адистердин көзү менен бактылуу адамдардын жашоосундагы эрежелерге көңүл буралы.
Жашоосуна ыраазы
Бактылуу адам жашоосунда эмне жетпей жатканына басым жасабайт, алар колунда барына шүгүр кылып, ыраазы болуп жашашат. Жумушунда же үйүндө, же экөөндө тең кыйын кезең болушу мүмкүн. Бирок ал караңгынын арасынан бир жарык нур табат, алты саны аман жүргөнүнө, шыпаасы бар дартына, жанында колдогон адамдары барына, эртең менен күн нурун көргөнүнө, дагы да жашоого күчү барына. Эмоционалдык жактан өзүнө позитив, мотивация бере алган адамдын жашоосуна да оң энергия тартылат. Байкасаңыз, мындай адамдар дайыма күлүп-жайнап турушат. Аны көргөн адамдын маанайы да көтөрүлүп, жүзүн жылмаюу каптайт.
Жашоо кыска экенин түшүнүшөт
Кээ бир адамдар өзүн бул өмүрдүн түркүгү болчудай, өлбөчүдөй сезишет. Ал эми бактылуу адам убакыт учкан куш экенин, жашоо кыска экенин түшүнөт. Андыктан ар бир күнүн татыктуу, бактылуу, кийин өкүнүп калбагандай жашоого аракет кылышат. Интрига, жаман адат, дүнүйөнүн артынан түшүү, бирөөнү таарынтуу, таарынуу, урушуу, ич күйдүлүк аларда биринчи планда эмес.
Эмоционалдык туруктуулук
Эмоционалдык туруктуулук – бул аң-сезимдүүлүк. Жашоодо кайгы менен кубаныч эриш-аркак жүрөт эмеспи. Кайгыны кайгыдай, кубанычты кубанычтай кабыл ала билүү. Кыйынчылыкта өзүн таштап салбай, аң-сезимдүүлүк менен ойлонуу, абалды өзгөртсө болобу же жокпу анализдей билет. Бактылуу адам стресс, депрессия деген эмнеден келип чыгарын билет да, аны алдын ала алат. Бардык эмоционалдык абалдар (кайгы, кубаныч, ыза, таарыныч жана башка) башка адамдардыкы сыяктуу ага да келет. Бактылуу адам ал эмоцияларды кабыл алып, анан аң-сезимине салып анализдегенден кийин коё бере алат.
Башкалардын жашоо мыйзамдарына муктаж эмес
Бактылуу адамдарга өзүн керектүү, баалуу сезиш үчүн “күйөрмандардын” кереги жок. Ал башкалардын жашоо мыйзамына баш ийбейт. Анткени өзүнүн мыйзамы бар, жакканын жасайт, жакпаганынан айланып өтүп кетет. “Эл эмне дейт?”, “уят” деген эрежелер ал үчүн жат. Өз мыйзамы менен жашап, өзүн курчап турган социумдун басымына туруштук берүү үчүн адам эмоционалдык жактан туруктуу, күчтүү болушу керек. Ал үчүн да көп эмгек, окуу жана окуу, өсүү, өнүгүү, бутуна бекем туруу талап кылынат.
Акчаны колдоно билишет
Колунда жоктор көп акчалуу болсо эле бакытка жетчүдөй, толгон-токой маселеси чечилчүдөй сезишет. Мунун, албетте, өзүнүн чындыгы бар. Ошол эле учурда акчалуу адамдардын маселеси жок, бакытка эле балкып жатканын көрбөйсүң. Ар бир адамдын өзүнө тиешелүү маселеси бар. Бактылуу адам колундагы акчасын башкара билет, өзүнө керектүү нерсени алат, керексизине акча коротпойт. Анткени ар бир тыйын кандай кыйынчылык, маңдай тер менен келерин түшүнөт.
Өзүн-өзү гана башкарат
Бактылуу адамдарды таарынтуу, тең салмактан чыгаруу оңой-олтоң иш эмес. Анткени алар өз маанайын башка адамга башкарууга жол беришпейт. Көпчүлүктүн оюна жетеленбейт, ар бир көз ирмемге өзүнүн ою болот. Мындайча айтканда, өз жашоосун өзү гана башкарат. Ага улуулар, абройлуу адамдар, достор, ата-энеси, түгөйү же башка адамдар кеңеш бериши мүмкүн. Бирок “сен ушундай кылышың керек!” деп ал үчүн бири да чечим чыгара албайт. Өзүнүн чечими, өзүнүн тандоосу, натыйжасы оң болсо да, терс болсо да өзү жоопкер.
Жоопкерчиликтүү
Бактылуу адам бардык тармактан жоопкерчиликтүү. Бирөөнүн убактысын кетирип күттүрбөйт, сөз бергенден кийин аткарат, аткара албаса алдын ала эскертип кечирим сурайт. Ката кетирсе башкаларга шылтабай, жок шылтоону издебей моюнуна алат да, оңдогонго шашат. Моюнуна тагылган тапшырманы колунан келишинче жакшы аткарганга аракет кылат. Бул башкага жагынуу, кошоматчылык үчүн эмес, өзүнө болгон тартип, жоопкерчиликтен улам. Өзүнө жараша башкалардан да ушундай жоопту талап кылат. Эгер андай жооп болбосо, ал адам аброюн жоготот.
Айланасындагыларды “фильтрлейт”
Бактылуу адамдар жанындагы адамдарды да “фильтрлей” билишет. Жакындарынын башына кыйынчылык түшкөндө жардам берип, колдогонго даяр. Бирок ошол кыйынчылыктан чыккысы келбеген, ага аракет да жасабаган адам болсо, андан алыстайт. Дайыма жашоосуна же башка адамдарга нааразы болуп, өзүн “курмандык” катары сезип жашаган адамдардан качат. Өзүн баалаган, жашоону сүйгөн адам терс эмоциядан башы чыкпаган адамга “ый жаздыкчасы” болбошу, ага энергия коротпошу керек деп эсептейт.
Башкалар менен да, өзү менен да
Өзүн өстүрүүгө, жашоодо жакшы нерселерге жетүүгө аракет кылган, позитивдүү адамдарды жакшы көрүшөт. Ошондой адамдар менен достук мамиледе болуп, керемет көз ирмемдерди өткөрүп, аны эстеп калганга аракет кылат. Ошол эле учурда досторунун жашоосуна байланбайт, керектүү учурда жолугуп, чер жаза билет. Өзү менен жалгыз калганда деле жашоосуна нааразы эмес. Өзүнүн компаниясында ыңгайлуу жүрө берет. Жалгыз сейилдегенден, тамактангандан, киного, концертке баргандан, китеп окугандан ырахат алат. Жаңы нерселерди изилдейт, кубаныч табат, айтор, башкалар менен да, жалгыз жүргөндө да бактылуу.
Өзүн баалайт
Өзүн кабыл албаган адам эч качан бактылуу боло албайт. Бактылуу адам келбетине, жүзүнө, акылына, салмагына же башка факторлорго нааразы эмес. Ал бул жашоодо идеалдуу адам жок экенин билет. Андыктан өзүнүн күчтүү тарабына басым жасайт. Өзүн кандай болсо ошондой кабыл алат, баалайт, сүйөт, камкордук көрөт, башкалар менен салыштырбайт. Башкалардын өзүн кемсинтүүсүнө жол бербейт. Өзүн сүйгөн адамдын жүзүнөн да нур чачырап турат.
Бактылуу адамдын мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөр
Жаңы нерсени өздөштүрүүгө каалоосу күч;
Ой жүгүртүү ийкемдүүлүгү;
Ички туюму күчтүү;
Боорукер;
Жоопкерчиликтүү;
Ишенимдүү;
Адилеттүү, чынчыл;
Эмоционалдык жактан туруктуу;
Сак;
Жөнөкөй;
Оптимист жана башка.
Асыл Орозбекова