Куудул Борончу Кудайбергенов президенттин инисине куда болду

8-сентябрь күнү белгилүү куудул, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Борончу Кудайбергенов жубайы Ырыс айым экөө уул үйлөп той беришти. Той Бишкектеги ресторандардын биринде өтүп, кызыктарга бай болду. Жакшылыктан фотобаян сунуштайбыз. 

 

КЫСКАЧА...

Коноктордун саны – 500

Тамадалар – Манас Алыкулов жана Бакыт Байсариев

Уул – Борончу уулу Кудайберген, учурда
жеке ишкер

Келин – Айзада Орунбасар кызы. Жердиги – Кытайдын Или-Казак автономдуу округунун Көк-Терек айылы. Бир жыл мурун Бишкекке көчүп келишкен, учурда ЖОЖдо 2-курста окуйт

 

ТОЙДУН УРУНТТУУ УЧУРЛАРЫ...

• Той белгилүү дастанчы Ширин Сарыгулованын жар-жары менен ачылды. Албетте, арча менен аластоо, келинге сары май оозантуу жөрөлгөлөрү жасалды.

• Президент Садыр Жапаровдун иниси Дөөлөт Жапаров менен Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова кыз берип жаткан тарап менен куттуктоо сөзгө чыгышты. Айзада – Дөөлөт мырзанын балдызы, жубайынын бир тууганынын кызы. 

“Борончу экөөбүз дос элек, эми минтип куда болуп калдык. Кызыбыз Кытайда өстү. Борончу экөөбүз Кытайдан ал жактын каада-салтын көрүп келгенбиз. Алардын салты менен кыз алсаңар тогуздап мал бермексиңер. Сиздерге биз кызыбызды “подарка” кылып эле берип жатабыз. Борончу кудабыздын тукуму майдаланып бара жаткан экен, эми оңоло турган болду” деп тамашалап элди бир сыйра күлдүрүп, бата-тилектерин айтты. Бул тамашанын жөнү – Айзада узун бойлуу жан экен. Чоң атасы да балбан киши болуптур. 

• Президенттин жубайы Айгүл Жапарова "Кызыбыз Ырыс айымдын тарбиясын алса жакшы келин болот. Эки жаш бактылуу болуп, сүйүүлөрүн сактап, аман жүрүшсүн...” деп каалоо айтты.

• Жалпысынан кыз тарап эки жашка бакыт, Борончу мырзанын үй-бүлөсүнө ийгилик, дөөлөт каалашты. “Кытайдагы каада-салт менен бул жактагы каада-салт айырмаланат. Андыктан кызыбыздын билбегенин үйрөтүп, үй-бүлөңүздөргө сиңирип алыңыздар” деп табышташты.

• Кытайлык ырчы кыз куттук айткандардын сөзүн коштоп ырдады эле, кыз тараптын коноктору кытайлык кыргыздардын бийин бийлеп берип, дуулдаган кол чабууларга арзышты.

• Борончу мырзанын сахналаштары тост айтууга чыкканда куйкум сөздүү тамада “сулуулар 1 кадам алдыга, Абдылда аке артка” деп ага бир тийишип өтүштү.

• Тойдо белгилүү ырчылар, өнөр адамдары ырдап-бийлеп, тойдун шаңына шаң кошушту. Алардын катарында Токтобек Асаналиев, Замир Арыкбаев, Аскат Мусабеков, Нурмат Садыров, Кызсайкал Кабылова жана башкалар болушту.

• Той аягында Борончу мырза конокторго ыраазычылыгын айтып, анан келинине кайрылып: “Айланайын кызым, сен кабатыр болбо. Мен дайыма сен тараптамын. Апаң (ред.: кайненең) сени таарынтып койгон болсо, таламыңды талашам. Анткени экөөбүздүн душманыбыз бир. Сенин душманың – менин душманым”,- деп элди күлдүрдү. Отургандар “Баракелде! Кайната калыс болсо үйдө ынтымак болот” дешип Борончу мырзанын сөзүнө ыраазы болушту.

• Тойго келгендер ак батага оомийин деп, той ээси Ырыс айымдын белектери – атайын тиктирген чакан куржунчаларын алып үйгө тарашты.  

 

КААЛОО-ТИЛЕКТЕР...

Кенжегүл Турсунгали кызы, Айзаданын апасы:

– Кызым чек арасы башка болсо да, каны, жаны бир кыргыздарды бириктирип, ортого көпүрө болуп жатат. Түшүнүктүү, маданияттуу, салтты-наркты сактаган жерге кыз берип жатканыбыз биз үчүн кубанычтуу. Борончу кудабыз 1 жыл мурун биз жакка тойго барган эле. Бирок анда куда болуп каларыбызды билген эмеспиз. Буйрук экен, куда болдук. Эки бала бактылуу болсун.

Рыскүл Темирбек кызы, Айзаданын таежеси:

– 2 баланын туруктуу болсун турмушу, учугун улап улуттун. Кызыбыз бак тапсын барган жеринен, батасын алып эл-журттун.

Эшенкул Барпиев, тамада:

– Келин алуунун түпкү максаты – тукум улоо. Инимдин тукуму уланып, көбөйө берсин. Борончу Кудайбергеновдун үйлөнүп жаткан баласынын аты Кудайберген, демек, Кудай берген үй-бүлөгө Кудайым дагы да бере берсин. Отурган 500 коноктун баарынын ак баталары тийип, уул-келин бактылуу болсун.

Тынар Курбаналиев, куудул:

– Өзү кичинекей болгону менен, Кыргыз маданиятында, Кыргыз сатирасында чоң орду бар Борончу аке келин алып кубанып отурат. Кубанычын тең бөлүшөбүз. Той ээлери кандай тилек кылса, ошол тилек-максаттарына жетсин. Тойлору тойго улансын!

Союзбек Сейитказиев, куудул:

– Күндүзгү кылган ишиң түнкүсүн уйкуңду бузбаса, жүрөктө тынчтык болот. 2 жашка ошондой жүрөктөгү тынчтыкты, үйүнө бакытты каалайм.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1187, 12-18-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан