(Башы өткөн сандарда)
Анан ууру, бандиттер көп болот. Ошолордун бири болуп жүрбөсүн деген ой кетти. Машинаны улам тез айдаган сайын ал да тездетип коёт. Үйүмдүн алдына келип, унаамдан чыкпай көпкө отурдум. Себеби ал дагы мени качан чыгат деп күтүп тургансыйт. Акбарга чалдым. Кашайып өчүрүп койду. Денемди калтырак басып кетти. Өзүмдү колго алдым да, эмне болсо ошол болсун деп машинадан түшүп, дарбазаны ачып, машинамды киргизип, кайра дарбазаны жаап жатсам жүрөктү түшүрүп мени карап турат. Жүзүн байкай алган жокмун. Башында шлем, кара тери күрмө жана жинсы шым кийип алыптыр. Тез дарбазаны жаап, бөлмөмө жүгүрүп кирдим. Эгер мага бир нерсе болсо, сен далил болуп бересиң, күндөлүгүм.
xxx
21.07.ХХХХ. Менин күндөрүм акыркы убакта табышмактанып эле бара жатат. Акбар кабарга чыга элек болчу. Баягы күнү коркуп отуруп уктап калыптырмын. Эртең менен короодон сыртты көздөй көчөгө чыксам, дарбазанын жанына бирөө бир букет гүл таштап кетиптир. Жагымдуу болду, албетте. Акбардан деп ойлодум дароо. Кечинде кайра үйгө кайтып жатсам, бул ирет коомдук транспорт менен барып, үйгө дагы жөө басуу керек эле... Дагы баягы балабы? Кишиби? Айтор, ошол дагы артымдан мотоцикл менен жай айдап келе жатыптыр. Үйгө жакындаганда артымдан түштү. Жүрөгүм түшүп калды. Жай басып келе жаткан мен болгон күчүмдү жумшап жүгүрдүм. Тез эле үйгө жетип келе калдым да, дарбазадан кирип кеттим. Үйгө кирсем Акбар отурат гезит окуп. Сүйүнгөнүмдөн моюнуна асылдым. Көптөн кийин ага баарын айтып бердим. Менин оюм бул: Акбардын аялы билип калып, мен үчүн атайын маньякты жалдады окшойт. Башка кимге керек элем? “Мага тезинен күзөтчү жалда” дедим. Көпкө угуп туруп, “коркпо, жубайымдын кабары жок. Болсо, мен билмекмин. Күзөтчүнүн кереги жок мен турганда” деп кайдыгер карап койду. Ооба да! Менин жаным бул кишиге тыйынчалыкка да турбайт. Өзүмдүн жаным өзүмө гана керек. Көпкө сурансам да, эч көнбөй койду. Эмне кылсам деп ойлоно баштадым. Жаның көзүңө көрүнгөндө заңгыраган үйүң деле эч нерсеге арзыбай калат экен. Түн бир оокумда Акбардын коюнунда жатып да терезе тырсылдап кетсе чочуп, көздөрүм алайып, уктай албай чыктым. Ошентип бир жума жүрдүм коркуп. Бирок баягы мотоцикл айдаган киши жок болду. Ошентсе да өзүмө сак болуп жүрдүм. Кайсы күнү келип өлтүрүп кетет деп. Болду болбоду Акбардын аялынын эле кылганы. Мен үчүн жалдаган адам бул.
xxx
29.07.ХХХХ. Баягы артымдан аңдыган киши жөнүндө жазып жатпадым беле? Ал мен ойлогондой коркунучтуу маньяк эмес экен. Айтор, башынан баштайын, күндөлүгүм. Иштебей үйдө отура берип тажап кеттим. Анан бир нерсе менен алек болбосом болчудай эмес деп ойлонуп, анан да Акбар да көп келбей калган, акчам да калбай калып жатты. Ошондуктан маникюрга кызыгып, курска барып жаткам. Ал күнү курстан эрте чыгып, машинамды айдап үйгө келе жатсам, баягы мотоцикл айдаган бала турат. Күндүз болгондуктан корккон жокмун. Айланада элдер бар болчу. Үйгө жакын машинамды токтотуп, ичинен чыгып ал баланын жанына бардым. Мен жанына барганда башындагы шлемин чечип, колуна кармай туруп калды. Чынын айтайынбы? Аябай келишимдүү, жаш эле жигит экен. “Кандайсың?” деп жылмайып коёт уялбай.
– Эмнеге аңдып жүрөсүң? Ким жалдады сени? Эгер мага бир нерсе болсо, башың менен бир адамга жооп бересиң,- деп беттен алып, кыйынсындым. Мени карай жылмая көпкө унчукпай карап туруп:
– Чоң кыз, мен сени менен таанышайын эле деген максатта... Сени өлтүрөйүн деген деле ой жок...- дегенде экөөбүз тең күлүп жибердик. Сөздөр сөзгө уланып, экөөбүз жарым сааттай баарлашып коюптурбуз. Жөнөкөй, жоош көрүнгөнү менен ошол эле учурда өтө чыйрак, сөздү орду менен сүйлөгөн, эркектик духу күчтүү мырза экенин баамдадым. Бир өзгөчөлүгү – анын көзүнүн үстүндөгү калы болду. Ысымын Мансур деди. Менден болгону үч жашка улуу экен. Көпкө сүйлөшкөн соң коштошуп үйгө кирдим. Анын элеси ошол түнү эсимден кетпей туруп алды. Бирок андан кийин аны көргөн жокмун. Күндө жол карап коём. Күтүп жатат окшойм...
xxx
01.08.ХХХХ. Бүгүн Мансур менен кайрадан жолукканыма сүйүнүп отурам. Мени үйдүн алдынан баягы мотоцикли менен тосуп алды. Бул ирет унаамда бензин калбай калгандыктан маршрутка менен курска бармакмын. Кош көңүл карап, бой көтөрө жанынан өтүп кеттим. Жаш болсом да аз убакыт ичинде жашоо мага көп сыноо берип, окутуп койду. Бир нерсени ишенимдүү айта алам. Бул – эркектин эч убакта көзүн карап, алсыздык көрсөтпөө керек. Ичиңден аны канчалык жактырып, жылмайгың келип турса да, кош көңүл болуп, керсейип турган “стерва” айымдар эркектердин көңүл чордонунда болорун билдим. Мен мындан кийин эч бир эркектин көзүн карап, жалдырабайм. Азыр дагы ичимден ага сүйлөгүм келип турса да, жанынан өтүп кеттим. Мотодон түшө калып, артымдан тез басып келе мени колдорумдан кармай тарткылайт. Жини келип алыптыр:
– Мени адам катары көрбөй жатасыңбы? Сылыктыкты үйрөтүп коюш керек экен сага,- деди. Колумду тартып алып, мага андай тондо сүйлөбөшүн, кимге кандай мамиле кылышты өзүм чечеримди айтып сөздөрдү жаадырып жибердим. Эмне кылды дебейсиңби? Мени карап бир каткырып алды да, “макул, бийкеч, көрөбүз” деп мотосун көздөй жүгүрүп барып, ага отурду да катуу ылдамдыкта айдап келип мени эки айланып, белимден шап кармап илип кетти! Чыңырып бара жатам анын алдында жаткан абалымда. Аябай катуу ылдамдыкта айдайт экен, “токтот!” деп чыңырганымды да тоготкон жок. Катуу шамалда чачым бетимди каптап, оозума кирип, какап аябай жүдөдүм. Айланадагы элдер деле жардам берип коёюн дебейт, кайра бизди карап каткырып артта калып жатышты. Бир убакта көзүмдү көл кылып ыйлап жиберсем, боору ачып кетти окшойт, мотоциклди жайлатып барып токтотуп, мени ордумдан тургузду. Белим ооруп калыптыр. Өңгүрөп ызама чыдабай ыйлап жатам. Мансур мени сооротуп жатат.
– Сени эр жүрөк, кыйын кыз экен десем, коркок турбайсыңбы,- деп күлүп коёт улам. Ансайын жиним келет. Бирок мени жаш балача сооротуп жатканынан улам жүрөгүм жылып, эжемди эстеп аны бир азга сагына түштүм. Деги эле эркеликти унутуп бара жаткандаймын. Курсум дагы калды. Эми убакытты жөн кетирбей, жок дегенде Мансур менен жакындан таанышып, эптеп кеч киргизейин дедим. Курсагым ачты десем, ары жактагы дүкөндөн эки самса көтөрүп келди. Мен ойлогом, жок дегенде кафетерийге алып кирсе керек деп. Мотосуна жөлөнүп, майы ар жерден аккан самсаны жеп, артынан муздак суу жутуп жаттык. Бир көргөндө байдын баласы го деп ойлогом. Себеби кийимдери кымбат бренддерден болчу. Анан да колундагы кымбат сааты дароо көзгө урунган эле. Өзү жөнүндө көп нерсени айтып берди. Жөнөкөй эле карапайым үй-бүлөнүн баласы экенин, колунда ашыкча акча жүрбөгөн мырза экенин. Бирок ынтымактуу, бири-бирин сүйгөн ата-энеси бар экенин айтып бүтө алган жок. Кеч кирип калганда үйгө алып келип койду. Мындан кийин жолумду торобошун айтканымда “анда көпкө шамалдап каласың го” деп каткырып күлөт. Мен дагы күлдүм...
(Уландысы кийинки санда)