Жөнөкөй эле кагаз, картон, таштанды сыяктуулардын көлөкөсүнөн сүрөт жаратуу... Айтор, белгилүү бир предметтерге жарык тийгенде анын көлөкөсү дубалга адамдын портретин, жаныбарды, атүгүл бүтүндөй бир картинаны чыгарат. Бул өнөрдү дүйнөдө көлөкө искусствосу же скиаграфия деп аташат. Негизгиси — адамдын көзү эмес, көлөкөнүн тили сүйлөйт. Кыргызстанда да бул өнөргө кызыккан жаштар бар. Алардын бири — Баткендин Лейлек районунун кулуну Нурсултан Халбеков. Ал картон менен иштеп белгилүү инсандардын образын көлөкө аркылуу тартат. Нурсултан кантип бул өнөрдү аркалап калганын, эмнеден шыктанарын жана алдыга койгон чоң кыялдарын айтып берди.
– Нурсултан, салам! Адамдар сейрек алектенген өнөрдүн ээси экенсиз. Искусствонун бул түрүнө кызыгууңуз эмнеге байланыштуу?
– Саламатсызбы, мен Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаштык айылынан болом. Кичинемден эле жыгачтан жана картондон учак, унаа, ар кандай техникаларды жасаганды жакшы көрчүмүн. Анын үстүнө сүрөт жана кол эмгек сабактарынын дагы бул өнөрдү аркалап калышыма салымы чоң болду окшойт.
– Башкалар таштанды деп санаган кагаз-картондон сиз искусство жаратасыз. Алгачкы эмгегиңиз кантип жаралганы эсиңиздеби?
– Негизи элде жок нерсени жараткым келчү. Бир жолу үйдө отуруп өзүмдү күзгүдөн карап, өзүмдүн элесимди жасап көрөйүн деп ойлодум. Бирок кайра мени эч ким деле тааныбайт деп, белгилүү адамдардын, жылдыздардын элесин жасап баштагам.
– Ар бир эмгекти жасаганда өзүңүздү кандай сезесиз: тынчтануубу, чыңалуубу же толкундануубу?
– Жасап жатканда өзүмдү тынчтыкта сезем. Бул иш аябай кылдаттыкты талап кылгандыктан, көбүнчө үйдө жалгыз калган учурларда жасайм. Анткени кичине эле бир жеринен ката кетип калса, бүтүндөй эмгек күйүп кетиши мүмкүн. Же жасап жаткан адамыңдан такыр башка адам болуп калат. Эң чоң толкундануу жасаган эмгегимдин видеосун соцтармакка, тагыраагы, элге жарыялап жатканда болот.
– Жакындарыңыз бул өнөрүңүздү кандай кабыл алышкан? "Ушул ишиңди таштачы" дегендер болгон жокпу?
– Жакындарым “кой, эмне кыласың?” деп кийлигишпейт. Анткени бул ишти менин хоббим катары эле көрүшөт.
– Соцтармакта сиздин талантыңызга көптөр суктанышып пикир жазышат. Бул нерсе сизди шыктандырабы?
– Албетте, мага жазылган комментарийлерди окуп турам. Кубандырганы – менде хейт жокко эсе, көптөр колдоп, кубаттап, каалоо-тилектерин жазып, ийгилик каалап турушат. Жакшы сөздөрүн комментарийлерде эле эмес, жеке кат куржунга жазгандар дагы көп.
– Бир эмгекке канча убакыт сарптайсыз? Каармандарды кандай критерийлер менен тандайсыз, мисалы?
– Баарын бириктирип айтканда, жалпысынан 12 сааттай убакыт кетет. Бул убакыттын ичинде видеонун монтажы дагы кирет, монтаждоо, музыка кошуу дегендей. Ал эми каармандар көбүнчө катталуучуларымдын суранычы менен тандалат, кайсы адамды көбүрөөк суранышса, ошол адамдын элесин жасайм.
– Кайсы чыгармаңыз жүрөгүңүзгө эң жакын, эмне үчүн?
– Жүрөккө эң жакын чыгармам – бул белгилүү аалым Чубак ажы Жалиловдун элеси болду. Аны жасап жатканда кадимкидей денем чымырап, абдан толкундангам.
– Сизге “мага да үйрөтүңүз” деп кайрылгандар болобу? Аларга кандай кеңеш бересиз?
– Жаш балдар дагы, улуу кишилер дагы кызыгып көп сурашат, “кантип жасайсың, сырын айтчы?” деп. Менин оюмча, бул өнөрдүн болгон сыры сабырдуулукта, сабыр кылып, кылдаттык менен жасай турган болсо, ар бир адам жасай алат. Ошондуктан башкаларга дайыма сабырдуу болуңуз деп кеңеш берип келем.
– Кандай ойлойсуз, эгер чыгармачылыгыңыз тууралуу кыска тасма тартылса, ал кандай аталмак?
– Чынын айтсам, бул жөнүндө таптакыр ойлонуп көрбөптүрмүн. Бирок азыр ойлонсом, тасма кандай жанрда болорун так айта албасам да, фильмдин атын “Жарык” деп коймок болушум керек. Анткени күндүз менин эмгектерим жөнөкөй эле таштанды катары көрүнсө, түн түшүп, жер жүзүн караңгылык каптаганда атайын жарык берип караганда, белгилүү сүрөттөр чыгып, искусствого айланат.
– Келечекте бул өнөрүңүздү дагы да өстүрүү пландарыңыз барбы?
– Абдан чоң кыялдарым бар, буюрса. Кыргызстанда кинорежиссёр жана актёр катары таанылып, кыргыз киносун жогорку деңгээлде чет жактарга таанытып, бул тармакта өз ордумду тапсам деп тилек кылам. Азыркы учурда бир нече кино сценарийлерим бар, алардын ичинен өзүмө жакканы тарыхый кинонун сценарийи. “Сайкал” деп аталат. Чыдамкай, баатыр, таштай катуу, ошол эле учурда гүлдөй назик кыздын таржымалы тууралуу.
– Сиз үчүн бул жөн гана хоббиби же кесиппи?
– Азыркы учурда жасап жаткан ишимди хобби же кесип деп айтсам жаңылыш болуп калат го. Бул мага хобби же кесип эмес, бул менин келечектеги кыялдарыма жетүү үчүн бир көпүрө. Анткени бул нерсе мени бир четинен сабырдуу болууга тарбияласа, экинчи четинен кылдаттык жана берилүү менен жасалган иштин жыйынтыгы дайыма жакшы болорун көрсөтүүдө. Андан тышкары эл арасында атымды таанытып жатат десем болот. Балалыгымдан башталган кызыгуум бүгүн соцтармактарда миллиондогон көрүүлөрдү топтоп, миңдеген лайктарды алып, атымды чыгарып келет.
– Нурсултан, маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик каалайбыз.
– Сиздерге да рахмат!
Асел Нурбекова