(Башы өткөн сандарда)
– Анда үйдүн жанынан эмес, кийинки көчөдөн жолугушуп туралы. Сен мага келгениңди билдирсең, мен барам. Болбосо үйдө байкем менен турам, ал көрчү болсо экөөбүз тең соо калбайбыз,- дедим.
Акбардан корктум. Ал мени Мансур менен көрбөшү керек эле. Башын ийкеди. Көпкө чейин мени сүйүп калган адамдай карап туруп, бир маалда терс бурулуп “сени күндө аркы көчөдөн күтүп алам” деп тулпарын зуулдата айдап кетти. Мен калдым... Ал мага, жүрөгүмө жылуулук берип кетти. Башым айланып, өзүнчө бир энергияга толуп турам, күндөлүгүм... Бул эмнеси?
xxx
14.08.ХХХХ. Күндөлүгүм! Көптөн күткөн Айымым дагы келди, аябай сагыныптырмын. Чоң чаар сумка менен айылдан сонун шириндиктерди ала келиптир. Экөөбүз божурашып эле отуруп калдык. Баарынан кызыгы – анын намазга жыгылып калганы мен үчүн күтүлбөгөн жаңылык болду.
– Эмне эле заматта намаз окуп калдың?- таң кала сурадым.
– Буга да себеп бар... Айылда жүргөндө чоң кырсыкка кабылдым. Шар аккан суу бар үйдүн өйдөрөөгүндө. Бир күнү кыздар менен жуунуп келели деп барганбыз. Агып кете жаздабадымбы?! Билесиңби? Өзүм агып бара жатам, күч жок, кыйкырсам үнүм чыкпайт, кыймылдасам денем оор болуп эч эле кыймылга келбей, жалгыз үмүтүм мени менен келген кыздар эле. Жалдырап аларды үмүттүү көздөрүм менен карап, мени көрүп калса экен деп ыйласам, ой, жок, эч бири мени көрбөй эле каткырып ойноп жүрүшөт. Мени байкабай калышты. Өзүм деле бир мүнөттүн ичинде кантип агып кеткенимди түшүнбөй калдым. Билесиңби?..- көзүнөн жаш кетти.
– Сууга агып бара жатып көзүмө бүт жашоом кинодой эле тартылып кетти. Эң биринчи менин канча күнөөлөрүм бар? Мага таарынган канча адам бар? Ушинтип эле өлүп каламбы? Өлүм деген ушул экен да. Мен эч нерсеге жетишпей калдым... Адам өмүрү үч мүнөттүк эле болот турбайбы?.. Корктум. Бирок ичер суум түгөнө элек экен, мени шаардан келген бир бала куткарып калды. Ошол туштан өтүп бара жатып көрүп калыптыр, ошентип аман калдым. Ошол окуядан кийин өлүмгө ар дайым даяр жүрүш керек экендигин билдим. Ар бир мүнөтүң кооптуу экен да. Анан билесиңби? Сен өлөрдө сени эч нерсе сактай албайт экен. Ошондуктан Жараткандын берген парздарын эртеңки күнгө жылдырбай, бүгүн баштайын деп чечтим. Сага дагы айтам, курбум...- деп дагы бир топ сөздөрдү айтты. Анын ар бир сөзү жүрөккө жетип жатты. Ойлуу эле отуруп калдым. Эң аруу, эң таза, эң ыймандуу курбум канча күнөөм бар деп өлүмдөн коркуп жатса, менин күнөөм канча болду экен?
xxx
15.08.ХХХХ. Жашоом туңгуюк эле болуп бара жатат. Сыртымдан тарсылдап жүрсөм да, ичимден дайым коркуп жүрөм. Кимден экенин деле так билбейм. Балким, Акбардын аялынандыр? А эмне, билип калса, колунда бар неме киши өлтүргүч жалдатып алыш колдон келбейт бекен? Корком... Ар түнү жаздыгымды катуу кучактап жатам, кудум эртең менен ушул жерде болбой кала тургандай. Артка жол жок, билем... Баары чырмалышып калды. Анан кайдан-жайдан Мансур менин ансыз да “кызыктуу” жашоомо аралашып алды. Келбе десем болбой келет, кой, токтот десем жок дейт. Өжөр экен. Күндө болбосо да, бир жумада 2-3 жолу келип, мени аркы көчөдөн күтүп турчу адат таап алды. Башында кыргоолдой кылтыңдап качып жүрсөм, акыркы күндөрү жаным ал балага тартып бара жаткансыйт. Ал жок күнү да, ал көчөнү үмүт менен сөзсүз бир карап өтөм. Кайра өзүмдү урушам, колунда коко тыйыны жок бала менен мамиле курам деп Акбардан катуу сөз угуп жүрбөйүн деп. Бирок, күндөлүгүм, бул жигит мени өзүнө тартчу болду. Анын жөнөкөй турпаты... Кыраакы көздөрү. Анан күлкүсү, эх! Билбейм, эмне эле болуп жатам. Бир күнү жолдон тосуп, мени мотоциклине учкаштырып алып, шаар чекесиндеги кооз бир жерге алып барып келди. Атын эстей албай турам ал жердин. Бир билгеним... Ал жер өтө кооз болчу. Көптү билчү, акылдуу эле Мансур. Жолдон бир эстеликти же тарыхый бир адамдын ысымын көрүп же окуп калса, ал жөнүндө көп нерсе айтып берет. Бир күнү жолдо көп туристтер өтүп бара жатыптыр, анан токтой калышып бизден өз тилинде бир нерселерди сурап калышты. Жанымда турган Мансурдун англис тилинде эркин сүйлөөрүн ошондо билдим. деп мактап койгондо “ата-энемдин тарбиясы да, мектепте жакшы окудум” деген эле.
– Атам дайым айтат, азыр да көп кайталайт "көп нерсени билгенге, билимге умтул. Ал сени жаман адаттардан арылтып, жаркын жашоого түртөт. Көптү билгин" деп. А мен болгону ал сөздөрдү өзүмө сиңирип алгам,- деди.
Кызык, ушундай сапаттарга, билимге ээ болуп туруп эмнеге жакшы жумушта иштебейт? Бул ким болуп иштейт билесиңби? Мансур жөнөкөй курулушта куруучу болуп иштейт. Өзү айткан. Бирок күндө түрлөнүп кийинип келгенине караганда жакшы эле табат окшойт. Экөөбүз көп жолуктук. Канча кечтерди баштан өткөрдүк. Акбардын коюнунда жатып алып да, аны ойлойм. Акыры эмне болуп бүтөт экен? Бир Жаратканга маалым. Ушундан көрө ал мырзага жолукпай койсом эмне?
xxx
27.08.ХХХХ. Мен азыр каяктамын? Мен... Куму жылуу, абасы жанга дары, кооз табияты көкүрөктү кытыгылаган, Кыргызстанымдын бермети болгон Ысык-Көлдө жүрөм. Тагыраагы, Бостериде. Эми тапчы кимдер менен? Мансур, мен, Айым жана аны куткарган шаардык бала, аты Айбек (ал экөө азыр кыз-жигит). Кыскасы, Акбар командировка менен Германияга кеткен. Анын жоктугунан пайдаланып, ээн баштык кылгым келди негедир. Мансурга чалып айтсам, дароо макул болду. Айым суудан коркуп калган экен, макул болбой көпкө көгөрүп отурду. Бирок аны да ала кетким келди негедир. Көпкө суранып отуруп, макул деген жообун алдым. Акчам жок эле ашыкча, колумдагы алтын чынжырчамды саттым. Айымды жигити кызганып, ал да бизге кошулуп алды. Анан төртөөбүз жолго чыкканга даярдык көрдүк. Экөөнү үйдүн алдынан күтүп турганбыз, бир убакта Мансур менен Айбек Лексус айдап келсе болобу? Таң калып эле "кимдики?" десем, Мансур жылмая “таптым да” деп койду. Чурулдашып эле баарыбыз унаага отуруп, шаардын көчөлөрүндө Лексусту зуулдата айдап, салонду жаңырта ырдап бара жаттык. Ушунчалык сонун көз ирмем эле! Каткырык, күлкү аралашып, бири-бирибизди тиктешип, ар бирибиз өз түгөйлөрүбүздү тапкандайбыз. Өзгөчө мен ырдап жатсам, Мансур күзгүдөн менден көзүн албай эле бара жатты. Баарыбызга жагып турду бул көз ирмем, укмуш сонун бир мүнөттөр эле. Күүгүм тартып калганда Бостериге кирип бардык. Биз машинада отурдук. Айбек менен Мансур жатакана издеп кетишти. Биз байкуштардын кымбат гостиницага же котеджге акчабыз жетпейт. Анткени бул жигит акчасы көп Акбар эмес эле. Бирок бул сапар канчалык жөнөкөй болсо да, мен үчүн кымбаттай туюлуп турду. Көл жээгине жакын жерден бөлмөлөрдү үч күнгө ижарага алдык. Жигиттер өздөрү эле төлөшүп, бизге эч ыңгайсыздык жараткан жок. Биз өзүнчө бөлмөгө жайгаштык, алар өзүнчө бөлмөдөн орун алышты. Андан кийинки үч күн мен үчүн тез жана романтикалуу өттү. Кыдырбаган жерибиз, ойнобогон оюнубуз калган жок. Кызыкка бай болду. Эсте каларлык болду...
(Уландысы кийинки санда)