Асфальт жолдун жөө адамдар өтүүчү атайын тилкесин “зебра” деп атайбыз. Бул аталыш кандайча, эмне себептен пайда болгон? Жообун төмөндө айтып беребиз.
Алгач Улуу Британияда пайда болгон
Өткөн кылымдарда көчөлөрдө автоунаалардын көбөйүшү менен жол кыймылын тескөө маселеси жаралган. Ошентип алгачкы “зебра” Улуу Британияда коопсуздук куралы катары пайда болгон. 1930-жылдары аталган өлкөнүн транспорт министри Хор-Белиша жөө адамдар өтчү тилкесине кызыл-сары фонарлар тагылган ак ала түркүктөрдү орнотууга буйрук чыгарган. Андай түркүктөр ошол министрдин фамилиясынан аталчу. Кечинде фонарлар күйүп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылып турчу.
Бара-бара британиялыктар жолдо кайталанып чийилген ак-кара сызыктар айдоочуларга да, жөө адамдарга да даана көрүнөрүн байкашкан. 1951-жылы аталган өлкөдө жолдордун көзөмөлдөнбөгөн бөлүктөрүндө “зебра” сызып чыгууга буйрук чыгарылган. Мындай жол белгиси башка өлкөлөргө да тарай баштайт. 1947-жылы Испанияда, 1953-жылы Германияда, 1955-жылы СССРде, тагыраагы, Москвада пайда болгон.
Эмне үчүн “зебра”? Анткени ак-кара сызыктар зебранын терисиндеги темгилдерге окшош болгону үчүн ушинтип аталган.
Кытайда “жолборс” деп аталат
Испанияда алгач асфальттын үстүнө параллель ак сызыктар тартылган. Жөө адамдар алардын ортосу менен өтүшкөн.
Орусия, АКШ, Швейцария, Италия, Кытайда ак-кара сызыктардын ордуна сары сызыктарды да колдонушат. Кытайда алар “зебра” эмес, “жолборс” деп аталат.
Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда проекциялуу “зебралар” да колдонулат. Мында проекторлордун жардамы менен “зебралар” күйүп тургандай жаркырап, алыстан көрүнөт да, жол кырсыктарынын алдын алат. Көбүнчө коркунучтуу бурулуштарда, мектеп жана бала бакчалардын тушунда, кыймыл көп жолдордо кездешет.