Бүгүнкү күндө АКШда Кыргызстандан жана КМШ өлкөлөрүнөн миллиондогон мигранттар жашашат. Алардын көпчүлүгү иштеп, салык төлөп, балдарды тарбиялашат. Бирок тил тоскоолдугу дагы эле олуттуу маселе бойдон калууда. Көпчүлүк АКШда 10-15 жыл жашаганына карабастан, дарыгер менен, баланын мугалими менен же полиция менен жөнөкөй сүйлөшүүдөн кыйналышат. Эмне үчүн биздин мекендештер ондогон жылдар бою Америкада жашаса да, англис тилин жакшы деңгээлде үйрөнө алышпайт? Бул тууралуу биз Чикагодо мигранттар менен көп жылдан бери иштеп келе жаткан лингвистика боюнча магистр, методист жана атайын тил курстарынын автору Болот Абдырахманов менен сүйлөштүк.
– Болот, эмнеге көп мигранттар 10 жылдан ашык убакыт АКШда жашаса да, англисче эркин сүйлөй алышпайт?
– Себеби көп. Биринчиси – окутуу системасынын өзү. Биздин элди сүйлөөгө эмес, грамматикага үйрөтүшөт: убакыттардын таблицасы, сөздөрдүн тизмеси, контекстсиз көнүгүүлөр. Мен көп жолу көрдүм, студент грамматиканы билет, бирок “даараткана кайда?” деген жөнөкөй суроону бере албайт.
Экинчиси — чыныгы муктаждыктын жоктугу. Чикаго жана башка чоң шаарларда мигранттардын өз дүкөндөрү, кафелери, авто тейлөө жайлары, бухгалтерлери бар, баары орусча же кыргызча сүйлөшөт. Ошондуктан көпчүлүк англис тилине муктаж болбойт. Бирок дарыгерге, полицияга же расмий кызматтарга барганда тилсиз канчалык чектелүү экенин түшүнүшөт.
– Сиздин оюңузча, тил үйрөнүүгө болгон мотивацияны эмне өлтүрөт?
– Биринчиден, коркуу жана уялуу. Эл ойлойт “мен 40 жаштамын, туура эмес айтсам, мени шылдыңдашат” деп. Бирок акцент жана каталар — бул үйрөнүүнүн табигый бөлүгү. Экинчиси — кызыксыз ыкмалар. Эгер үйрөнүү жөн гана сөз жаттоо жана эрежелер менен чектелсе, тил кыйноо болуп калат.
– Кайсы ыкма иштейт?
– Иштеген нерсе – практика. Мен Communicative Approach колдонуп иштейм: студенттер биринчи сабактан эле сүйлөй башташат. Жөнөкөй сөздөр менен болсо да, реалдуу кырдаалдарда: дүкөндө, дарыгерде, май куюучу жайда. Экинчи ыкма — Total Physical Response (TPR): тилди кыймыл жана аракет аркылуу үйрөнүү. Бул өзгөчө чоң адамдар үчүн жакшы иштейт.
– Улуу курактагы адамдар да англисче сүйлөп калган учурлар болду беле?
– Албетте. Менде 65 жаштагы студент бар болчу, “тy name is...” дегенден да уялып жүрчү. Эки жумадан кийин ал англисче бешбармак жасоону айтып берди. Биз “Ашкана” темасын анын жеке рецепттери менен өттүк. Тил ошондо гана натыйжалуу болот, жеке тажрыйбага байланган учурда.
– Сиздин автордук курстарыңыз тууралуу айтып берсеңиз...
– Мен бир нече программа иштеп чыккам, алар мигранттарга тил тоскоолдугун тез жеңүүгө жардам берет: Trucker’s English — трак айдоочулар үчүн: диспетчер, полиция, таразадагы диалогдор.
English for Moms — үй кожойкелери үчүн: дарыгерге баруу, мугалим менен сүйлөшүү, дарыкана.
Survival English for Newcomers — жаңы келгендер үчүн: батир алуу, банкомат, SIM-карта.
MIME and SPEAK — кыймыл-аракет менен тил үйрөнүүчү оюндар: уялууну жоготуп, эркин сүйлөөгө үйрөтөт.
– Бул маселелер жалпы коом үчүн да маанилүү эмеспи?
– Тил – интеграциянын ачкычы. Эгер мигрант англисче сүйлөсө, ал тез адаптация болот, жакшы жумуштарга жетет, кирешеси жана өзүнө болгон ишеними жогорулайт. Бул обочолонууну азайтып, өлкөнүн экономикасына да оң таасирин тийгизет. Мен муну “тил аркылуу коомдук интеграция” деп атайм.
– Сиз эксперт катары кандай чечимдерди сунуштайсыз?
– Бир нече чечим бар: кургак грамматикадан баш тартуу, тилди реалдуу турмуштук кырдаалдар аркылуу үйрөнүү керек.
Жаңы мугалимдерди даярдоо, мен тренингдерди өткөрөм, анда заманбап ыкмаларды үйрөтөм: communicative approach, TPR, роль оюндары. Мугалим дем берүүчү болушу керек.
Бизнес жана коомчулук менен кызматташуу — курстар мигранттардын кесиби жана жашоосу менен байланыштуу болушу шарт. Мен трак компаниялар жана диаспоралар менен тыгыз иштейм.
Коркууну жок кылуу — каталар жана акцент бул табигый нерсе экенин элге түшүндүрүш керек.
Интеграция жана коомдук байланыштар — өз этностук чөйрөсүнөн чыгуу маанилүү. Америкалык досторду табуу, биргелешкен иш-чараларга катышуу, кошуналар менен сүйлөшүү. Болбосо тил “тирүү” болбойт.
Эгер бул ыкмалар күнүмдүк норма болуп калса, мигранттар тил изоляциясында ондогон жылдарын текке кетиришпейт.
– Азыр тил үйрөнүүдөн үмүтүн үзгөндөргө эмне дейт элеңиз?
– Эгер сиз башка өлкөгө көчүп келип, бул жакта жашап, иштеп жатсаңыз, демек, сиз буга чейин эле күчтүүсүз. Өзүңүзгө дагы бир мүмкүнчүлүк бериңиз, сүйлөй баштаңыз. Ката кетириңиз, акцент менен сүйлөңүз, бирок сүйлөңүз. Англис тили — бул идеалдуу грамматика эмес, бул эркиндиктин куралы.
Маалымат үчүн:
Болот Абдырахманов – лингвистика боюнча магистр (РУДН, 2017), англис тили мугалими жана методист. Trucker’s English, English for Moms, Survival English, MIME and SPEAK сыяктуу курстардын автору. Англис тили мугалимдери үчүн тренингдердин уюштуруучусу. Чикагодо жашайт жана иштейт, Diversity Go Trucking, RIO Trucking Company, Zamzam Fresh Market жана башка кыргыз уюмдары менен биргеликте мигранттар үчүн билим берүү долбоорлорун ишке ашырат.
Адина Муктар