Акыркы жылдары кытай кинолорунда Чжан Жонань аттуу актрисанын ысымы көп аталып, жүзү көп көрүнүп калды. Үлбүрөгөн назик жан көрүнгөнү менен, кандай жанрда, кандай роль болбосун ийине жеткиргенге аракет кылган күчтүү айым. Өзүнө болгон ишеним, күч башынан кызга мүнөздүү эмес сапаттар болчу. Баары кийин келди...
Аты жөнү: Чжан Жонань (Чжан Руонан)
Туулган жери: Кытай, Вэньчжоу, Чжэцзян
Туулган жылы:
1996-жыл, 14-ноябрь
Жылдыз белгиси: чаян
Бою: 166 сантиметр
Кесиби: модель, актриса
Тартылган белгилүү сериалдары: “Менин боссум”, “Биринчи ызгаар”, “Келечек менен кездешүү”, “Сүйүү – бул панацея” жана башка
Сүрөткө болгон сүйүүсү
Карапайым, жөнөкөй үй-бүлөнүн кызы Чжэцзян провинциясындагы Вэньчжоу шаарында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси жумушуна байланыштуу бат-баттан жер которгонго туура келгендиктен, Чжан Жонандын балалыгы өткөн шаар Шицзячжуань болуп саналат. Ачылып-чачылбаган, жоош, жөнөкөй кыз болуп чоңойду. Кичинесинен жакшы көргөнү сүрөт эле. Алгач кагаз бетине көзүнө жаккан нерселерди карандаш менен сүрөт тартып жүрдү. Кийин атасы фотоаппарат алып берип, бары-жогун фотоплёнкага тартуу хоббисине айланган.
Сүрөтчүдөн моделдикке...
Мектепти аяктагандан кийин Ханчжоу шаарындагы жогорку окуу жайына тапшырган. Кытайда Weibo социалдык тармагы популярдуу эмеспи. Дал ошол тармактагы баракчасына студент кыз тарткан сүрөттөрүн, анын ичинде өзүнүн фотолорун да жүктөй баштайт. Бир жолу курбусу Weibo сулуулар сынагын өткөрүп жатканын, кастингге фотолорун жиберүүнү айтат. Чжан ойлонуп жатып араң макул болгон, анткени анда сынакка катышуу тилеги, көпчүлүктүн көз алдында болуу каалоосу жок эле. Маңдайга жазылган тагдырдан качып кутулууга болбойт деген чын белем, ошончо катышуучунун арасынан Чжан Жонандын сүрөттөрү “өтүп кетип”, кыздын алдында моделдик кесиптин эшиги ачылган.
Моделден актрисалыкка...
Журналдарга, бренддердин жүзү катары жарнамалык роликтерге фотомодель катары тартылып жүргөн кыздын жашоосун өзгөртө турган дагы бир сунуш түшкөн. Баягы эле Weibo социалдык тармагынын расмий аккаунтунан кызга кат келген “биздин компания тартып жаткан тасмага тартылып бериңиз” деген. Эптеп модель болууга көнүп келе жатканда кино дүйнөсү кызды чочутуп жиберген. Андан узакка жооп болбогондо компания ортого тааныштарды салып жатып акыры Чжан Жонанды көндүрүшкөн. Эпизоддук роль эмес болчу, мектептеги зордук-зомбулук темасы чагылдырылган “Кайгы дарыясы” аттуу тасмада эгиз кыздардын биринин ролун ойногон. 2018-жылы дал ушул тасма менен актрисалык тушоосун ийгиликтүү кесип алган.
Популярдуулук
Кыз корккон популярдуулук баары бир кууп жетип алды. Бирок баары жаман болгон жок, кинонун, камералардын, кесиптештердин арты менен Чжан Жонань өзүнө болгон ишенимсиздиктен арылган, адамдарга ачылуу керек экенин түшүнгөнүн айтат. Ачылбаса тандаган кесибинде көпкө узабайт эле. Андыктан ал киного ачылды, кино ага ачылды.
2019-жылы “Сүйүү – бул баары” аттуу тарыхый драмада детектив-айымдын ролун ойногон.
2020-жылдын аягында актриса баш каарман болгон “Чексиз сүйүүнүн аягы” тасмасы прокатка чыгып, алгачкы аптада эле 200 миллион юандан ашык каражат топтоп эң кассалуу тасмалар менен ат салышкан.
Кийинки жылы актриса дагы бир жаңы жанрда, бул ирет аскердик жашоону чагылдырган “Жаштыктын атагы” драмасына тартылган.
“Жаштардын мода тенденциясы”
Ооба, актриса катары эң алгач алган сыйлыгы “Жаштардын мода тенденциясы” деп аталды. Анткени жаш актрисаны ээрчиген, аны кумир туткан жаштардын саны күндөн күнгө көбөйүп жаткан. Биринчи сыйлыктын аркасынан кийинкилери чууруду: “Көптөн үмүттөндүргөн артист”, “Жылдын перспективдүү артисти”, “Перспективдүү драмалык артист”, “Жылдын актрисасы”, “Эң ажарлуу актриса” жана башка.
2018-жылдан бери экранга чыккан актрисанын куржунунда ондогон тасма-сериалдар бар, бул тизме дагы да толукталат деп ойлойм. Анын эмгектеринен дүйнөлүк атактуулукка жеткендеринин арасына “Менин боссум”, “Биринчи ызгаар”, “Келечек менен кездешүү”, “Сүйүү – бул панацея” жана башка долбоорлорун кошсок болот.
Учурда...
Учурда актрисаны кино талаасынан сырткары иш-чаралардан да көп көрсө болот. Баягы жоош кыз жок, оюн-зоок шоулоруна активдүү катышып, шайыр-шат жүрөт. Шоулордон сырткары коомдук иш-чаралардын да активдүү катышуучусу. Мисалы, Кытай айыл чарба университетинин студенттери жана мугалимдери уюштурган жаратылышты коргоо боюнча демилгени колдоп, алар менен бир катарда турат. Андан сырткары оор илдеттер менен күрөшкөн бейтаптарга колдоо көрсөтөт, коомчулуктун да көңүлүн буруп, кайдыгер болбоого чакырып келет.
Келечекте...
Ал эми тасма талаасындагы жаңылыктарга келсек, ушул жылдын аягында же кийинки жылдын башы менен “Чжань Чжаонун жоруктары” аттуу сериал экранга чыгат. Албетте, башкы ролдо Чжан Жонань. Сериалды тартуу иштери 2024-жылдын сентябрь айында башталган, бирок качан чыгары тууралуу так дата маалымдала элек.
Жашоосундагы романтика
Жашоосунда романтиканы хоббилеринен тапкандай. Дагы деле сүрөт тартканды жактырат, музыка, спорт, саякат... Мына ушул нерселерден ырахат алат. Апасы, агасы менен убакыт өткөргөнгө аракет кылат.
Сүйүү мамилелери ачыктала элек. Тасмадагы өнөктөштөрү менен кыз-жигит деген сөздөр чыгат, бирок убакыттын өтүшү менен маалымат такталбаган боюнча кала берет.
Асыл Орозбекова