Сулуулук дүйнөсүнө саякаттап келели, окурман. Жакында “Кыргызстан сулуусу-2025” сынагы өтүп, анда 19 жаштагы Аяна Расул кызы жеңүүчү аталды жана быйыл Японияда өтө турган эл аралык сулуулар сынагына катышууга жолдомо утту. “Алма сабагынан алыс түшпөйт” демекчи, таланттуу үй-бүлөнүн өкүлү, кыргыздын жадыраган сулуу кызы Аяна менен жакындан таанышып алыңыздар.
– Салам Аяна, жеңиш кут болсун! Алгач өзүңүздү окурмандарга тааныштыра кетсеңиз...
– Саламатсыздар, рахмат! Аты-жөнүм – Аяна Расул кызы. 19 жаштамын, учурда жогорку окуу жайдын эл аралык журналистика факультетинде окуп жатам. Чыгармачыл үй-бүлөдө чоңойдум, үч бир туугандын кенжесимин. Атам Расул Маматкулов – Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы жана композитор. Ошондуктан кичинемден ыр, бий дүйнөсүнө аралашып чоңойдум.
– Көп сулуунун ичинен суурулуп чыгып жеңүүчү болгон кандай экен? Таажыны кийгенде толкундандыңыз болуш керек...
– Сонун экен (күлүп). Албетте, жеңиштин даамы мени азыркыга чейин толкундатып жатат. “Кыргызстан сулуусу” титулун алуу жана таажыны кийүү – менин кыялдарымдын бири эле. Кудайга шүгүр, максатыма жетип отурам.
– Сынакка катышууга кантип белсенип калдыңыз? Сизди колдоп, жол көрсөткөн кимдер болушту?
– Айгерим эжем (ред.: ырчы Айгерим Расул кызы) 2023-жылы “Дүйнө айымы” титулун жеңгенде ал окуя мага чоң мотивация болду. Мен дагы эжемдей чоң ийгиликтерди багындыргым келди. Ошондон баштап сулуулук сынагына катышуу максатка айланып, аракет кыла баштадым. Алгач сынакка кастинг башталганда бардым, талап боюнча кыздардын сулуулугуна, акылына, харизмасына, талантына, өзүн сахнада эркин алып жүрүүсүнө карашат экен. Бою 160 сантиметрден өткөн кыздарды кабыл алышарын билдим. Ал жердеги калыстардын сынынан өттүм. Эч кимге айтпай барып катышып, кастингден өткөндүктөн үйдөгүлөр кандай кабыл алышат деп ойлогом. Башында кичине каршы болушту, кийин көнүштү. Мени колдогондор ата-энем, эжем болду. Айгерим эжем ар бир образымды ойлоп таап, көйнөктөрүмдү чет өлкөдөн алдырды.
– Атаңыз, эжеңиз атактуу ырчылар экени белгилүү. Максаттарыңыз кандай? Балким, сиз дагы алардын жолун жолдойсуз...
– Кичинемден ыр дүйнөсүнө кызыгып, хобби катары ырдап жүрөм. Бирок атамдын “ырчы болом десең, толук кириш, болбосо баштабаш керек” деген сөзүнөн улам азырынча толук чечим чыгара элекмин. Убакыт көргөзөт.
– “Эжени көрүп сиңди өсөт” дейт эмеспи, эжеңиздин таасири чоң болду болуш керек?
– Айгерим эжем ар дайым мен үчүн үлгү. Ошондуктан баскан-турганым, мүнөзүм да ага окшоп кетет. Мен дагы ал сыяктуу төрт тарабы төп келишкен кыйын айым болгум келет. Жогоруда айткандай, сахнага кийген кийимдеримди, стилимди, сценарий постановканы, айтор, бүт бардыгын Айгерим эжем даярдап берди. Ага чексиз ыраазымын.
– Буюрса, Кыргызстандын атынан эл аралык деңгээлдеги дүйнөлүк сулуулар сынагына катышасыз, буга даярсызбы?
– Сынакта жеңген күндүн эртеси “Кыргызстан сулуусу” дирекциясынан мага Японияга жолдомо келди. Бул эл аралык деңгээлде өтө турган сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алдым деген сөз. Даярданып, кыргыз элин татыктуу көрсөткөнгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.
– "Атактуу инсандын кызы же сиңдиси болгону үчүн сынакта биринчини алды" деген сөздөр айтылууда, буга эмне дейсиз?
– “Кудайдын буйругусуз бир дагы жалбырак жерге түшпөйт” деген кеп менен жооп бермекмин. Албетте, сынакка катышкан кыздардын баары жакшы даярданып, аракет кылышты. Талапкер көп, орун бирөө эле да. “Чуркаган эмес, буюрган алат” дегендей, жеңиш мага насип болуптур. Мен бул наамды татыктуу алдым!
– Хейтерлердин сын-пикири оор тийген жокпу? Жаман кеп кээде адамды сындырып коюшу мүмкүн эмеспи...
– Мен шоу-бизнес чөйрөсүндө чоңойгондуктан хейтерлердин сөздөрүнө маани деле бербейм. Ошондой тарбиялангам. Адамдардын ойлору сел сыяктуу, күндө өзгөрө берет. Менимче, андайга көңүл буруштун кажети деле жок. Ага караганда жакшы адамдардын жылуу сөздөрүнө, кеп-кеңештерине маани берүү туура. Көптөр канчалаган куттуктоолорду, жакшы сөздөрүн жазып жатышат. Колдогондордун баарына чын дилимден ыраазычылык билдирем.
– Өзүңүзгө келсек, Аяна кандай кыз?
– Аяна жөнөкөй, улуу-кичүүнү урматтаган, адамдардын көңүлүнө караган, баарына бирдей мамиле жасаган, койгон максатына умтулган, үй тиричиликке тың, тамактын түрүн жасаган кыз. Үй-бүлөлүк баалуулуктарды бийик туткан үйдүн эң эркеси.
– Азаматсыз! Сизге алдыдагы сынактарда, дегеле бардык жаатта ийгилик каалайбыз. Сөз соңунда эркин микрофон...
– Мени ушул даражага жеткирген ата-энеме таазим! Колдогон кыргыз элиме жана кыргыз желегин дүйнөлүк аренада желбиреткен, кыргыз маданиятына опол тоодой салым кошкон "Кыргызстан сулуусу" сынагынын президенти Рыскүл Намазбековага чексиз ыраазычылык билдирем. "Кыргызстан сулуусу" титулу мен үчүн чоң жоопкерчилик. Буюрса, алдыда жаштарга үлгү болчу көп иштерди жасайм жана бул титулду татыктуу алып жүрөм!
Нуржамал Жийдебаева