Күндөлүк (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Дегеним, күндөлүгүм... Бул керемет көлдүн жээгине таң атпай туруп алып, атайын басып келгем. Мага таңдын атканынан жана жээке агып келген толкундун үнүнөн өтөр кооздук жок. Кичинемден жактырам. Анан да ырахаттанып отурсам жаныма Мансур келип кошулуп калды. Кудум менин ички сезимимди туюп жаткансып унчукпай отуруп берди. Себеби мен ойлонуп отурганда бирөө келип оюмду бузса, жиним келип кетчү. Көптөн кийин өзүм сөз баштадым. 

– Сага дагы жагабы таңдын атканы? 

– Жок. Мага таңда көл жээгинде отурган кыз жагат...- дегенде ичимдегини жашыра алган жокмун. Өзүнөн-өзү оозумдан чыгып кетти. 

– Мен сени сүйүп калдым окшойт...- деп аны жалооруй карасам, жаныма жылып келе жүзүмдү колдору менен аста кармап, эринимден өөп алды. Андан соң мени бир жалт карай, чачымдан сылап өзүнө тартып кучагына алды. Таңдын атышын күтүп отурган мен ал ирмемди өткөрүп жибердим. Бирок өкүнгөн жокмун. Ортобуздагы болгон кандайдыр бир күч ал таңдан да кооздой, жүрөктү эзгидей болду. Ал таңда мен кургур жөнөкөй Мансурду баш-отум менен сүйүп калганымды билдим...

 

xxx

02.09.ХХХХ. Байкем менин бетимди карабаса керек эми, ыйлап отурам, сен түшүнбөйсүң. Баары жакшы башталып жатпады беле, эмне болуп кетти?! Улам бир тепкичке өйдө көтөрүлгөн сайын жакын адамдарымдан тирүүлөй алыстап бара жаттым. Акбар командировкадан келип, менин үйүмдө түнөгөн. Эртеси кыйратып кетеби десем, кетчүдөй эмес. “Бир аз болуп турайын, иштерим бар, үйгө бирөө келет” деди. “Ким?” десем, “мага карыз адам” деп койгон. Ансайын ар бир сүйлөгөн сөзү мени ирээнжитип, эртерээк кетсе экен деп тиленип жаттым. Себеби тезинен Мансурдун жанына баргым келди. Сагынып кеттим аябай. Айым окууга кеткен. Түш ооп, короого чыксам Акбар скамейкада отуруптур. Мага карай “дарбазаны ачып койчу, мага бирөө келмек” деди. Тыпылдап барып, эч нерсе оюмда жок эле ачып койгом. Акбар чакырганынан жанына барсам, мени алдына отургузуп алып өпкүлөп кирди. “Койчу эми” десем болбойт, "сагындым" деп жөн гана өпкүлөбөстөн кыска көйнөгүмдү көтөрө калып, санымды кармалап жиберди. Ошентип эзилишип жатканда дарбаза ачылып, короого бир адам кирип келди. Биздин эркелешип жатканыбызды көрүп, уялгансып үнүн өктөм чыгарды. Үнүн угар замат жүрөгүм шуу дей түшүп, отурган ордумдан атып турдум. Бурулуп карасам... 

Менин бир боорум, бир тууган байкем турат! Жерге кирип кетким келди. Үйгө качып кирдим. Байкем токтоо жан эле. Үйгө кирип каякка отурарымды билбей, үйдү төрт айланып чыктым. Демим кысылып, өлүм менен жашоонун ортосунда эле тургандай болдум. Акырын барып терезеден карасам, байкем Акбарга акча санап берип жатыптыр. Көпкө турбай эле эки жакты карап, мени издеди окшойт, анан кетип калды. Ордумда турган жеримден жерге отура калып бышактап ыйлап жаттым. Уятым, ай! Уятым жерге кирип кетсечи! Ушундан көрө үйдө эле отуруп турбайт белем! Эми эмне болот?! Акбар кирип келип эле полдо отурган мени көрө чуркап келип, ал-жайымды сурады. Баарын айтып бердим. Өзүн күнөөлүү сезип отуруп калды.

Көрсө, Акбар көп адамга пайызга акча берет экен. Алардын арасында менин байкем да бар болуп чыкты. Ошол алган акчасынын пайызын төлөгөнү келиптир, байкушум! Акбардын алдында, жок! Деги эле ааламдын алдында байкемдин бетин жер каратканыма өкүнүп кеттим. Кашыктап чогулткан аброюн чакалап төктүм го! Акбардын алдында намысын тебеледим. Эми менин бетимди караса эле, болгону ошол керек. Бир ошону гана тиленип отурам. Бир тууганым менин. Мени кечире көр...

 

xxx

Коркуп отургам, эртеси чалды, тез эжемдин үйүнө келишимди айтты. Жетип бардым. Үйдүн босогосун аттаарым менен өлтүрүп жиберчүдөй көздөрү менен караган байкем жана Жантайды көтөргөн эжем тосуп алды. Жездем жумушта экен. Байкем бутумду чече электе эле “отур!” деп эшиктин оозунда турган столду көрсөттү. Бут кийимчен эле барып отуруп алдым. Кеп башталды. 

– Башында эжең жакшы эле айткан: ушул кызды күйөөгө эле берип коёлу. Ээн башыраак эле. Тыңып калат. Бир нерсенин үстүнөн чыгып жүрбөсүн деп. Мен акмак, кой, жаш али, окусун, эл-жер көрсүн. Жалгыз көкүрөк күчүгүм, карындашым болсо... Эрте эле башы түйшүккө малынбасын деп болбой койгом. Көрсө, баарын мен өзүм кылган турбаймынбы? Биз окуган жокпуз. Жок дегенде ушул карындашымды окуталы деп жанымды карч урчумун. Сен мектепти аяктаган жылы акча колдо болбой калды. Эми-эми бутка туруп келе жатканда, жок дегенде машина алып берейин жакыныма деп акча камдап жүргөм. Бирок сен менин мээнетимди текке кетирдиң! 

– Байке, жүрөгүмдү оорутпаңызчы. Кечириңизчи мени. 

– Сөзүмдү бөлбөй тур. Акбарды билесиңби? Ал деген менден улуу киши. Акмак! Аялы бар, балдары бар эркек менен кантип жүрөсүң?! Уялбай мен барганда отурасың аны менен эзилишип... Ал кутурган бай сени колдонуп туруп таштайт! Бети жок! Сен дагы... - деп эжемди карай:

– Билип туруп, унчукпай жүрүптүрсүң. Айтпайт белең? Бузулуп жүргөн сиңдиңе акыбалың жеткен жокпу? Токтотпойт белең?! Кайра ага сырдаш болбой. Эрким болсо асып салгым келип жатат. Өтүп кеткен ыраматылык апамды ойлоп жатам. Өлөрүндө "ушул кызыма эч качан кол көтөрбөгүлө, таарынтпагыла, эркелетип гана чоңойткула. Эми силер кызыма ата жана энеси болосуңар" деп ыйлап кош айтышкан. Апамдын сөзүн...- деп андан ары сөзүн улай албай, көзүнө жаш алып, артын карай балконго чыгып кетти. Чыгып кетери менен эжем Жантайды жерге түшүрө калып, жаныма басып келип бетиме чаап жиберди! Өкүрүп жибердим. 

– Бети жок! Аялы жок деп өлүмүштөнбөдүң беле? Жаш туруп ойнош болдуңбу? Бетиңди сыйрып алыш керек сенин. Бир тууганымсың, колум барбайт! Акмак!- деп болушунча бакырды мага. Байкуш Жантай бизди көрүп коркуп чыңырып жиберди эле, аны көтөрө калып сооротуп кирди да, бир жагынан өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жатты. Менин денем калтырап калган. Отурган столумду катуу мыкчыганымдан колум кыймылга келбей калыптыр. Бир топтон кийин байкем балкондон үйгө кирип келип:

– Болору болуптур. Эми ук! Азыр барып, үйүңдөн кийимдериңди жыйнаштыр. Мен сени алып кетем. Мындан кийин өзүмдүн көзөмөлүмдө болосуң. 

– Байке, мен бара албайм. Ал менин үйүм. Документи дагы менин атымда. Акбар мени алат,- деп калп да болсо айтып жибердим.

– Акбар сени албайт! Кандай немесиң сен?! Анын үй-бүлөсү, сен теңдүү балдары бар! Азыр кеч боло электе алдыма түш.

– Барбайм!- дедим өктөм. Мен азыр баарын бир мүнөттө таштап кете албайт болчумун. Байкем мени алып кеткен күндө деле күйөөгө, мен каалабаган адамга берип салмак. Аны жакшы түшүнүп турдум. Жини келген байкем: 

– Анда чыгып кет үйдөн!- дегенде эжем байкуш чыйпылыктап, “антпеңиз, бир тууганыбыз. Кечирип коюңуз” деп жалынды. Эжемди көрүп алып жашымды тыя албайм. Тагдырыма баш ийип, ордумдан туруп, эшикти көздөй чыгып бара жатканда артымда турган байкем: "Азыр босогону аттаарың менен бизди унут. Менин сендей карындашым жок болот" деди. Сөзү ачуу тийди. Жиним келип, чыгып кеттим. Мен экинчи бул үйгө кайтып келбейм деп өзүмө сөз бердим.

 

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1190, 3-9-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан