Чаар күсөн Түштүк-Чыгыш Европанын, Азиянын талааларын, жарым чөлдөрүн байырлашат. Дарыялуу өрөөндөрдүн бадалдуу токойлорунда да кездешет. Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.
Жалал-Абадда сакталып калышы мүмкүн
Мурун Чүй, Талас, Жалал-Абад өрөөндөрүндө жашаган. Ээн талаалар айдоо аянттарына айлана баштаганда аталган аймактардан жоголуп кеткени айтылат. Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында сакталып калышы мүмкүн. Чаар күсөндүн денесинин узундугу 28-38, куйругунун узундугу 15-22 сантиметрге чейин жетет. Салмагы 370-700 граммдын тегерегин түзөт. Денеси ичке, узун, буттары кыска. Жонундагы жүнүнүн өңү сары темгилдүү күңүрт кочкул. Курсак бөлүгүнүн өңү кара. Кулактары денесине салыштырмалуу чоң. Азыгы майда жандыктар: чычкан, кош аяк, момолой чычкан, кескелдирик, канаттуулар. Териси анча бааланбайт.
Түнкүсүн активдүү болушат
Көбүнчө түнкүсүн активдүү болуп, аң уулоого чыгышат. Ийинди өздөрү казып алат же башка жаныбардан калган ийинди колдонушат. Айылда каралбай калган короо-сарайларды байырлашы да мүмкүн. Жалгыздан жүрүшөт да, жупташуу мезгилинде топтошо башташат. Тынчтыкты сүйгөн жаныбар болгондуктан, алар өздөрү жашаган аймактан башка күсөндөрдүн ары-бери жойлоп өтүп кетишин көрсө дагы “жекеме-жеке” чыгышпайт.
Өмүрүнө коркунуч туулганда душманын коркутуу үчүн жонун дүгдүйтүп, жүнү тик туруп калат, ыркырайт. Мунусу жардам бербегенде жыныс безиндеги сасык суюктукту чачып жиберет. Ошондуктан бул жандык “сасык күсөн” деп да аталат.
Балдарын 11 ай курсакта көтөрүшөт
Балдарын курсагында 11 ай көтөрүп жарыкка алып келет. Бир төлдөгөндө 1-8 бала тууйт. Балдары 1 айда эле чоңоюп, сүт эмбей, азыктарын өздөрү таап жегенге үйрөнүп калышат. Ургаачылары 3 айда жупташууга жарап калса, эркектерине бул үчүн 1 жыл керектелет. Табиятта канча жыл жашай турганы так белгисиз, бирок колдо 9 жылдай жашайт.