Дүйнөдөгү эң терең жайгашкан метролор

1. “Хунъяньцунь” (Чунцин, Кытай)

Тереңдиги – 116 метр

Жолдогу тыгындарды азайтуунун эң эффективдүү ыкмасы катары дүйнөлүк практикада жер алдына салынган метролор эсептелет. Дүйнөлүк статистикага кайрылсак, жер алдында эң терең салынган метро Кытайда. Кытайдын Чунцин шаарында жайгашкан “Хунъяньцунь” метросу 116 метр тереңдикте салынган. 2022-жылы ачылган, станциянын эшигинен киргенден кийин метрого эскалатор менен 13-15 мүнөт убакыт аралыгында гана жетесиң. Жергиликтүү эл азыркыга чейин метродо техникалык же башка кырсык болгон учурда эвакуация иш-чаралары узакка созуларын айтып кооптонуп келишет.

 

2. «Арсенальная», (Киев, Украина)

Тереңдиги – 105,5 метр

Кытайдагы метро ачылганга чейин, тагыраагы, 2022-жылга чейин дүйнөдөгү эң терең салынган метро деп Украинанын борбору Киевде жайгашкан “Арсенальная” метросу эсептелчү. Станция 1960-жылы ачылган, 1986-жылдан бери жергиликтүү маанидеги архитектуралык эстелик статусун алып жүрөт. Станциянын кире беришинен эскалатор менен метронун эшигине 5 мүнөттө жетсе болот.

3. «Пухын» (Пхеньян, Түндүк Корея)

Тереңдиги – 100 метр

Башкалар жол тыгындарын азайтуу максатында метро станцияларын курса, Түндүк Корея аны башка максат үчүн колдонобуз дейт. Тагыраагы, метро өзөктүү согуш болуп калса, бомбадан баш калкалоочу жай катары колдонууга ылайыкталган. 1987-жылы ачылган станциянын тереңдиги – 100 метр.

 

4. «Хунтуди», (Чунцин, Кытай)

Тереңдиги – 94 метр

Тереңдиги боюнча 4-орунда Кытайдын Чунцин аймагында жайгашкан “Хунтиди” станциясы. 2017-жылга чейин станциянын тереңдиги 60 метр деп эсептелчү, бирок аны кеңейтүүгө туура келип, жаңы линиялардын кошулушу менен тереңдиги 94 метрге жеткен. Станция аркылуу метрого жетүү үчүн 91 эскалатор орнотулган, андан сырткары тепкич менен түшмөкмүн дегендерге 354 баскычтуу тепкич бар. Эскалатор менен платформага 5 мүнөттө жетесиң.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1191, 10-16-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан