Бек Исраилов, ырчы: “СЫНАКТА БИЗГЕ БООРДОШ ЭЛДИН КАЛЫСТАРЫ АЗ ДОБУШ БЕРИП КОЮШТУ”

Жакында Кыргыз желегин чет өлкөдө желбиретип келген ырчы жигиттердин бири Бек Исраилов менен маектештик. “Номад” триосу кантип түзүлдү? Орусиянын абройлуу “Интервидение-2025” сынагы кандай өттү? Суроолорго маектен жооп таба аласыз. 

 

– Кош келдиңиз, Бек мырза, жеңиш кут болсун!

– Кош келдик, силердин да колдооңорго чоң рахмат!

– Сынак тууралуу айта кетсеңиз, кандай өттү жалпысынан?

– “Номад” триосу катышып келген “Интервидение-2025” сынагы көптөн бери Орусияда болуп келе жаткан эл аралык абройлуу сынак. Тээ 70-80-жылдары эле болчу экен, бир убактары токтоп калыптыр, быйыл кайра уланды. Орусиянын президенти Владимир Путин колдогон сынак экенин айта кетейин. Маалым болгондой, сынакка катышып бир топ мамлекеттин арасында экинчи орунга ээ болдук. Даярдануу боюнча айтсам, Бишкекте эки айдан ашык даярдандык. Фестиваль жогорку деңгээлде өттү, заманбап технология менен, өзгөчө шоу болду. Уюштуруучулар аябай жакшы аракет кылышыптыр. Чет мамлекеттерден шайланган калыстар тобу бизди катуу колдошту, жакшы баа беришти. Болгону биздин боордош, коңшу мамлекеттерден барган калыстар тобу бизге азыраак добуш берип коюшту. Ошонун айынан биз экинчи орунду алып калдык. Эми буга дагы шүгүр дейбиз.

– Трио кантип түзүлүп калды? Мурун сүйлөшүүлөр жүрдү беле же сынак учурунда эле биригип калдыңарбы?

– “Номад” триосу сынактын алдында эле түзүлдү. Ага чейин үчөөбүз (ред.: Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Миңжашар Мурзаев) Кремлде “Ну-ка, все вместе!”долбоорунун гала концертинде чогуу ырдаган элек. Азат экөөбүз 5-сезондо катышсак, Миңжашар 6-сезондо катышкан. Сезондун аягында чогуу ырдап биригип калганбыз. Андан кийин эле аталган сынак башталып калып, трио “Номад” болуп үчөөбүз катышалы деп чечкенбиз. Буюрса, жаман болгон жок, жакшы жыйынтык менен келдик.

– Албетте, эл жакшы колдоп жатты. “Жеңиш менен келген үч жигитке наам берилсин” деген пикирлер да айтылды. Сиз мамлекеттик наамдарга кандай көз караштасыз?

– Элибизге рахмат, уул-кызын колдогон жактан мыкты калкпыз. Биз дагы элдин колдоосун, демин, рухун сезип жаттык. Дем, күч, мотивация болду. Наам – албетте, жакшы нерсе. Берилсе мындан да жакшы болмок, демибизге дем кошулмак. Жыйырмадан ашык эл аралык сынактарга барып келдим, Кыргыздын желегин желбиреттим, менимче, наам алууга татыктуу эле болушум керек (күлүп). Бирок ушуга чейин ким берет, кандай критерий менен берилет, алуу үчүн эмне кылыш керек экенин билбейм. Негизи наам бере турган тарап татыктууларга айттырбай, чуркатпай эле берип коюшса жакшы болмок деп ойлойм. Башка мамлекеттерде сынактарга катышып келгендерди жакшы эле колдоп жатышат, бизде эле чуркатмай. “Наам кимдерге жана эмнеге берилиши керек?” деген суроо жаралса, “чет жерде өз улутун таанытып келгендерге берилиш керек” деген критерий биринчиде турушу керек беле деп ойлоп калам.

– Фестивалдарга көп катышкан ырчылар жеңишти дегдеп, сынактарды гана көздөп калат дешет, сизде да ошондой сезимдер болобу?

– Ооба, эл аралык сынактарга катышуу мага жагат. Себеби жаңы горизонттор, мүмкүнчүлүктөр, достор, тааныштар табылат. Чыгармачылык жолум өзү сынак менен башталган. 2011-жылы “Ысык-Көл -2011” деген сынакта чыгып, элге таанылгам. Азыр колумдан келишинче эл аралык сынактарга катышып, кыргыз эли тууралуу билдирип, кооз табиятыбыз, жашоо образыбыз, тарыхыбыз, элибиз тууралуу дүйнөгө жар салсам деген тилек менен аракет кылып келем.

– “Ну-ка, все вместе!” долбоорунда калыстар тобунда отурдуңуз, калыстык кылууга кантип барып калдыңыз?

– Мага сунуш түшкөн. Бул чоң долбоор, жакында 7-сезонун аяктадык. “Сынактарда көп жүрөсүз, тажрыйбаңыз бар, ошондуктан сизди чакырабыз” дешти. Мен үчүн бул сыймык болду. Эки жылдан бери калыстар тобунда отурам. Бул жерге ырчылар дүйнө жүзүнөн келип өздөрүн, элин таанытканга аракет кылышат. Арасынан кыргыз ырчылары да барып күч сынашып, чоң аренага чыгып жатышат. Ошондуктан биздин бардык ырчыларга да сунуштайт элем. Жүз кишиден коркуп кереги жок, толкунданбай эле барып ырдаш керек. Бизде таланттар өтө көп, ушул сынак аркылуу чоң аренага чыгууга мүмкүнчүлүк бар.

– Орусия шоу-бизнесин ичинен билип калдыңыз окшойт, биздин шоу-бизнеске эмнелерин алып келсек болот?  Салыштыруу мүмкүнбү?

– Катышкан долбоорлордун аркасы менен орус шоу-бизнесиндегилер менен жакшы мамиле түзүп калдым. Аралашып калдык, айрымдардын ырларын аткарып жүрөбүз. Ал эми кыргыз шоу-бизнеси менен салыштыра албайм. Салыштыруунун өзү кыйын. Мен дагы кыргыздын ырчысымын, ушул эле ырчылар чыккан “тегирменден” чыктым. Тиги жак жакшы, бул жак анча эмес деп айта албайм. Бизде да келечекте чоң сынактар болот, шоу-бизнес өнүгөт, заманбап   технологиялар келет деп ойлойм.

– Сиз баалаган ырчылар...

– Орусия ырчыларынан Леонид Агутиндин, Алексей Чумаковдун чыгармачылыгын баалайм. Ал эми кыргыз ырчыларынан чыныгы эл ырчысы, көптөгөн хит ырлардын автору, менин өкүл атам Мирбек Атабековду баалайм. Мыкты вокалист, дүйнө жүзүнө тааныла тургандардын бири Азат Раимбердиев деп эсептейм. Анан Казакстандын атынан чыгып жүргөн Марселди баалайм, бирок анын да улуту кыргыз.

– "Сынактан жеңип келгенден кийин Бектин тойлорго “ставкасы” көтөрүлсө керек..." деп бир таанышым тамашалап калды, ошондойбу?

– Андай деле болгон жок. Тойго чакырса мурдагы “ставкам” менен эле барып жатам (күлүп). Андай ой деле келбеген экен. Бирок тойго “Номад” триосун чакырып калышса, анда бир аз баасы жогору болот.

– Эл аралык сынактарда жубайыңыз дайыма жаныңызда жүрөт, бул нерсе жагымдуу болуш керек?

– Жубайым Айжаркын кыргыздын таланттуу инсандарынын кызы. Мага чейин эле чыгармачылык эмне экенин билип, көрүп чоңойгон. Биз баш кошкондон кийин ар дайым мени колдоп келет. Менин кийген кийимиме, репертуарымдагы ырларыма, жадакалса сүйлөй турган сөздөрүмө чейин даярдап берет. Акылы тунук, таланты күчтүү, табити өзгөчө жан. Ал дагы ырдайт, чогуу дуэт аткарып калабыз. 

– Бар болуңуз, ийгилик каалайбыз!  

 

 

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1191, 10-16-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан