“ТҮРК МЕССИСИ” АТЫККАН АРДА ГҮЛЕР

Арда Гүлер – жаш болсо да дүйнөлүк футбол тарыхына өз атын жаза алган талант. Балалыгында кыялданган клубунда ойноп, миллиондогон күйөрмандардын сүймөнчүгү болуп келет. Мындан 4-5 гана жыл мурун эмгек акысы 20 миллион евро болсо, бүгүнкү күндө эксперттер аны 60 миллион еврого баалап келишет.

 

КАРАПАЙЫМ ҮЙ-БҮЛӨДӨН ЧЫККАН

Арда 2005-жылдын 25-февралында Түркиянын борбору Анкара шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө эки бир туугандын кичүүсү, эжеси Нургүл Гүлер менен ортодо бир топ жаш айырмачылыгы бар. Апасы Севги Гүлер үй кожойкеси, ал эми атасы Үмит Гүлердин кичинекей дүкөнү болгон. Түрк басылмаларынын бирине берген маегинде Арда балалыгында үй-бүлөсү бир топ каржылык кыйынчылыктарды башынан өткөргөндүгүн айткан. Ал 6-классты аяктаганга чейин Анкарада чоңойгон, кийин Түркиянын атактуу “Фенербахче” футбол командасынын академиясынан чакыруу алып 13 жашында, тагыраагы, 2018-жылы үй-бүлөсү менен Стамбулга көчүп барган. Атасынын айтымында, бул кадам баласынын кыялын колдоо эле. Арда Гүлер – үй-бүлөсүнүн сыймыгы. Ата-энеси анын ар бир оюнун калтырбай көрүп, кээде ал үчүн атайын Испанияга учуп барышат. Арда жалгыз бала болгондуктан, апасы Севги аны “жаныбыздагы кубаныч” деп мүнөздөйт. Арда өзүнүн маектеринде: “Эң чоң максатым – ата-энемди сыймыктантуу”,- деп көп айтат.

 

“ФЕНЕРБАХЧЕДЕН” ЖАНГАН ЖЫЛДЫЗ

2021-жылы, болгону 16 жашында Арда Гүлер “Фенербахченин” негизги курамына чакырылып, профессионалдык дебютун жасайт. Түркия басма сөзү аны "Фенербахченин бриллианты" деп жарыялайт. Анын көк майсаңдагы оюн стили көпчүлүккө легендарлуу Лионель Мессини жана Месут Өзилди эске салган. Ал эми машыктыруучулары Арданы оюн учурунда өзүн өтө эркин алып жүрөт, топту жоготпой, ар дайым чечкиндүү пас берип, оюн ыргагын башкара билет деп айтышат. Биринчи сезондо эле Арда 20дан ашык оюнга чыгып, футбол талаасындагы көрсөткөн өнөрү менен “Фенербахченин” күйөрмандарынын сүймөнчүгүнө айланган. Ошондой эле ал команданын эң жаш капитаны болуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болгон. Эл арасында аны “күчтүү мүнөзгө ээ, бирок абдан сылык жана жоош” деп сыпатташат.

 

“РЕАЛ МАДРИДГЕ” ЖОЛ

2023-жылдын жай мезгилинде дүйнөлүк спорт коомчулугу бир жаңылык менен дүрбөлөңгө түшөт: “Реал Мадрид” Арда Гүлерди сатып алды! Испаниялык ири клуб бул жаш оюнчу үчүн 20 миллион еврого жакын акча төлөп, ага 6 жылдык келишим сунуштаган. Мадридге келгенде Арда “бул менин бала чагымдагы кыялым эле. Эми ал чындыкка айланды” деп кубанычын бөлүшкөн.

Анын жаңы клубундагы биринчи айлары оңой болгон эмес. Арда бир нече жолу жаракат алып, талаага чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготкон. Бирок кайра кайтып келип, “Реал Мадриддин” күйөрмандарына өзүнүн чыныгы деңгээлин көрсөтө алды десек болот. Тагыраагы, 2024-жылдын жазында Арда Гүлер Ла Лигада бир нече гол киргизип, эң жаш оюнчулардын бири катары “Реал Мадриддин” тарыхына жазылып калды. Испаниялык медиа аны “Түрк Мессиси” деп бекер атабайт.

 

КЛУБДУК ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

“Фенербахче” (2021–2023-жылдары)

• Түркия Кубогунун ээси (2022-2023)

Арда финалга чейинки оюндарда мыкты оюн көрсөтүп, клубга көптөн күткөн кубокту тартуулаган.

• “Фенербахченин” тарыхындагы эң жаш капитан – 17 жаш курагында.

• Суперлиганын эң мыкты жаш оюнчусу (2022-2023).

Түрк футбол федерациясы жана спорт журналисттери тарабынан ыйгарылган.

• Суперлигада биринчи голун 17 жашында, “Аланьяспорго” каршы оюнда киргизген.

• Күйөрмандар аны “Фенербахченин бриллианты” деп аташкан.

 

 

“Реал Мадрид” (2023-жылдан азыркыга чейин)

• Испания чемпиону (2023-2024)

Жаракат алуудан кийин кайра кайтып келип, 10 оюнда 6 гол киргизүүгө жетишти

• Европанын Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү (2023-2024)

Арда бул турнирди уткан биринчи түрк футболчусу

• “Реал Мадриддин” тарыхындагы гол киргизген эң жаш оюнчу – 18 жаш, 240 күн

• "Жылдын голу" (2024) – “Гранадага” каршы унутулгус соккусу үчүн

• “Golden Boy-2024” сыйлыгынын талапкери (Европанын эң мыкты жаш оюнчусу наамына)

 

 

Түркиянын улуттук курама командасы

• Улуттук курамда дебют – 2022-жылы март айында. Болгону 17 жашында (Чехияга каршы)

• Түркия тарыхындагы гол киргизген эң жаш оюнчу – 16 жашында

• "Евро-2024" катышуучусу (Германияда өткөн)

Грузияга каршы оюнда киргизген голу үчүн UEFA’нын “мыкты жаш оюнчулар” тизмесине кирген

• "Евро-2024түн" жаш жылдыздар командасына кирген (UEFA жана ESPN версиясы боюнча)

• 22 оюн – 7 гол (2025-жылдын октябрына карата)

 

Жеке жетишкендиктери жана рекорддору

• Түркиянын эң мыкты жаш футболчусу – 2022-2023-жылдары

• “Golden Boy” талапкери – 2023 жана 2024-жылы

• Суперлигада жана Ла Лигада гол киргизген эң жаш оюнчу

• 2024-2025-жылкы сезондо ар бир 90 мүнөттө бир гол (орточо көрсөткүч)

Nike брендинин Европадагы жүзү – 2023-жылдан бери

Instagram’дагы эң популярдуу түрк футболчулардын бири — 10 миллионго жакын катталуучусу бар

 

ЖЕКЕ ЖАШООСУ

Арданын жеке жашоосу тууралуу көп маалымат жок. Ал коомдун көңүлүн көбүнчө оюндарына жана карьерасына багыттагысы келерин белгилейт. Социалдык тармактарда да тынч, көбүнчө машыгуусун, оюн же команда менен болгон учурларын гана бөлүшөт. Мындай токтоо мүнөз аны башка жаш жылдыздардан айырмалап тургандай. Жалпылап айтканда, Арда Гүлер жөн гана жаш талант эмес. Анын жолу, ийгилигинин артында дайыма  эмгектин жана сабырдын күчү турары белгилүү. Демек, максатка умтулууда бекем туруу керектигин көрсөткөн үлгүлүү жаштардын бири десек жарашат.

 

Асел Нурбекова  

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1191, 10-16-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан