Марс Мамаев, ырчы: “ЫРЧЫ КАТАРЫ ӨЗГӨЧӨЛҮГҮМ – ҮНҮМ ЖАНА КӨЗ АЙНЕГИМ”

Гезитибиздин бул санында “Шаардык кыз Аида” ыры менен элге таанылган ырчы Марс Мамаев менен чыгармачылык, үй-бүлө жана башкалар тууралуу сүйлөштүк. Азыркы учурда ден соолугун чыңдап жатканын, жакын арада автордук чыгармаларын күйөрмандарына тартуулай турганын айтып ачык маек куруп берди.

 

– Марс мырза, кандайсыз? Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болууда?

– Чыгармачылыкта бир аз тыныгуу десем болот. Ден соолукка байланыштуу. Азыркы тапта жаңы дуэт жазылып жатат. Күйөрмандарыма 2 ай аралыгында жаңы ыр, клиптерди тартуулайм, буюрса. Жаңы тартуулана турган ырлар тамак жана толук адамдар тууралуу.

– Бул чөйрөдө жүргөнүңүзгө канча убакыт болуп калды?

– 2007-жылдан бери чыгармачылыкка аралашып келе жатам. Бирок чоң сахнага 2017-жылы гана чыктым.

– Ырчылыктан сырткары эмне менен алексиз?

– Буга чейин самсыкана иштетип көрдүм. Балык бизнесинде да жүрдүм. Азыр чыгармачылык тармагында элемин, кошумча жумушум жок.

– Чыгармачылыктан эмне таптым деп ойлойсуз? Материалдык байлык топтодуңузбу дегеним...

– Чыгармачылыктан жакшы инсандарды таптым. Кадыр-баркка ээ болдум. Бул менин эң чоң жетишкендигим. Ал эми материалдык байлык эл катары эле. Тапканым кайра эле чыгармачылыкка кетет.

– Репертуарыңызда жалпы канча ырыңыз жана автордук чыгармаңыз бар?

– Жалпы 20га жакын ырым бар, анын 15ин сахнада, тойлордо ырдап жүрөм. Ал эми автордук 50дөй ыр жазгам, бирок ырдалып чыга элек. Акырындык менен элге тартуулай баштадым.

– “Булуттар” деген ырыңыздын сөзү, обону өзүңүзгө таандык экенин билебиз. Кандайча жаралып калган?

– “Булуттар” ырым ковид пандемиясы учурунда жаралган. Үйүм тоо тарапта жайгашкан да. Бир күнү эшикке чыксам асманда булуттар аябай көп экен, аппак болуп, тоо менен куп жарашып калгандай таасир калтырды. Ошондо илхом келип, аранжировкасына чейин өзүм жазгам. Ал кезде бойдок элем. Кийин бул ырды Марат Талантбеков экөөбүз дуэт ырдап чыктык.

– Кесиптештериңизден өзгөчөлүгүңүз эмнеде деп ойлойсуз?

– Өзгөчөлүгүм – асты-үстү окшош кийимим жана тоголок көз айнегим окшойт. “Кечинде кийип жатуучу кийим”, “ырчы Григорий Лепсти туурайт” деп көп сындашты. Анан үнүмдү атайын кырылдатып ырдап койгонум өзгөчөлүк болду.

– Көз айнегиңиз имиджиңиз болгон үчүн дайым тагынып жүрөсүзбү?

– Бир себеби ушул. Ошондой эле сахнада көз айнеги жок элди карап ырдай албайм. Күнүмдүк жашоодо көз айнеги жок эле жүрөм. Андай учурда мени көчөдө тааныбай калышат.

– Сахнада эсте калган ыңгайсыз учур болду беле?

- Албетте. Дони экөөбүз сахнага жаңы чыгып ырдап баштаганда көз айнегим түшүп кетти. Аны алайын дегенде ырдын сөзүн унутуп калгам. Ошол учурда Дони рэп айтып жиберип, мени ыңгайсыз абалдан куткарып кеткен.

– Канча жыл болду үй-бүлө курганыңызга, канча балаңыз бар?

– Үй-бүлө курганыма 4 жыл болуп калды. Келинчегим Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айылынын кызы. Аты – Мээрим. Сулуулук тармагында иштечү. Учурда балабыз кичинекей болгонуна байланыштуу үйдө. Үйдө отуруп товар сатып бизнес кылат.

– Балаңыз эркеби?

– Ооба. Аты – Билал. Ысымын өзүм койгом. Ата-энем айткандай “Балам, балалуу болгондо билесиң” деген сөздүн маанисин эми түшүндүм. Ата статусуна ээ болгондон кийин аябай жоопкерчиликтүү болуп калдым. Баламдын ар бир кылыгы мага жаңы ачылыш болуп жатат. Өзгөчө алгачкы кадамдары.

– Бир туугандарыңыз тууралуу сурагым келди...

– Балалыгым аябай жакшы өткөн. Ата-энеме эркелеп жүргөн кезимди сагынам. Жети бир тууганмын. 6 уул, эң кенжебиз кыз. Жалгыз карындашыбыз Даткайымды баарыбыз жакшы көрөбүз.

– Маектериңизден улам абдан ишенчээк, сезимтал экениңиз байкалат. Үй-бүлө кургандан кийин кандай сапаттарыңыз өзгөрдү?

– Ооба, ишенчээк, боорукер, жумшак адаммын. Мүнөзүм атамдыкына окшош. Үй-бүлө кургандан кийин бир аз өзгөрдүм. Өзгөрүшүмө келинчегим түрткү болду.  Жоопкерчиликтүү, көп эле ачылып-чачыла бербеген, терең ойлонгон Марска айландым.

– Күчтүү сапатым деп эмнени айтат элеңиз?

– Күчтүү сапатым – көздөгөн максатыма кандай кырдаал болбосун жетүүгө умтулуу.

– Эгер сиз кинодогу каарман болсоңуз, ал кандай жанрда болмок?

– Кинодо Камчы Сарыбаев байкемдин образында болмокмун. Комедия жанрында. Менден токтоо, олуттуу каарман чыкпайт го. Бирок өзүм коркунучтуу, атышуу коштогон кинолорду көп көрөм.

– Өзүңүздү тынч сезген, жан дүйнөңүз эс алган жер кайсы?

– Убакыт болгондо үй-бүлөм менен тоо тарапка барам. Таза абада, шаркыраган суунун жанында жатып эс алам. Суунун агымын угуп, сонун пейзажда эң бир сонун эргүү, идеялар келет.

– Өзүңүзгө жаккан бир мүнөзүңүздү айтып берсеңиз. Эл билбеген дагы кандай таланттарыңыз бар?

– Жогоруда айтылгандай, атамдын мүнөзүн тартып калганым жагат. Боорукердик, шайыр мүнөзүм менен көп адамдардын көңүлүнөн, жүрөгүнөн орун табам. Корсулдап тургуча, жумшак мүнөз жакшы да. Албетте, эл билбеген таланттарым бар. Эрмек Нурбаев ачкан “Тамашоу” долбоорунда да ойноп калдым. Куудулдук жайым бар. Бурул Асакеева эжем менен 10 жылдан ашык “Рабаят” куурчак театрында иштедим. Куурчактарды кол менен ойнотуп, сүйлөтүп... Аты аталган инсандардын чыгармачылыгыма салымы зор.

– Эмнени дароо, кечиктирбей аткаруу керек?

– Берген убаданы кечиктирбей аткаруу керек. Мен бирөөгө убада берсем, өз убагында аткарам.

– Алдыга койгон пландарыңыз?

– Буюрса, максаттарым чоң. Жаңы клип, ырларды жаздырып жатам. Быйыл Кыргызстанды түрө кыдырып гастролдоп келсемби деп да ойлонуп турган учурум.

– Сизге бекем ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Дагы  эргүүлөр келип, мыкты чыгармаларды жарата бериңиз!

 

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1191, 10-16-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан