“Кандай анан, күйөө бала?” Каарманыбыздын ушул “фирменный” сөзүн укпаган адам аз болуш керек. Өзүнүн таланты, харизмасы, аракети менен кино тармагында өз ордун таап келе жаткан актёр, вайнер Нуркул Адылбеков бул аптанын каарманы. Кызыктуу кептин капкагын ачпай туралы, баарын маектен окуй аласыз, окурман.
– Саламатсызбы, Нуркул мырза? Таланттуу үй-бүлө: кайната, кайнене, жубайыңыз чогуу үй-бүлөлүк тасма жаратып жатыпсыздар. Кепти ушундан баштайлы...
– Саламатсыздар. Ооба, “Эки жаш” деген тасманы быйыл жайында тартып бүттүк. Тасманын идеясы режиссёр Радик Эшимовго таандык, мындан үч жыл мурун жубайым экөөбүз баш кошконубузда ушул идеяны айткан эле. “Карап көрсөм, Альбина Имашованын жаш кезин ойногонго кызы Мадалена туура келчүдөй, кайнатаң Арнис Кыдырмышевдин ролуна сен жарашып турасың” деген. Чын эле жубайым апама (ред.: кайненеси, актриса Альбина Имашова) окшош. Мага идея жагып калган, бирок кандайдыр бир себептер менен Радик Эшимов тасманы тартпай жүрдү. Ушул жылы андан уруксат сурап, сценарийин өзүм жазып, тасма биздин версиябыз боюнча тартылды. Режиссёру – Алтынбек Казакбаев.
– Арнис Кыдырмышев да, Альбина Имашова да такшалган актёрлор. Силерде болсо тажрыйба азыраак. Образ жаратууда бир толкунда болуу кыйынчылык жаратпадыбы?
– Ооба, ачыгын айтканда, биз кесипкөй актёрлор эмеспиз. Бирок учурда кинолор көп тартылып жатпайбы, ар биринде кесипкөй актёр, актрисалар жаштарга жакшы жардам беришет. Ролго эмне жетпей жатса, айтат, түздөйт. Алардын жардамы сөзсүз болду.
– Сизди кино тармагына күчтүү каалоо ээрчитип келдиби же башка нерсеби?
– Албетте, каалоо. Кичинемде эле актёр же ырчы болгум келчү. Баары бир чыгармачылык жол менен кетеримди билчүмүн. “Тамашоудо” да 4-5 жыл ойноп калдым. Бирок мектепти бүткөндө журналистика факультетине тапшырып, үч жыл окуган соң таштап салдым. Анан “Тамашоудо” жүргөн агаларыбыз кино тартып башташты. Аларга кошулуп кадр артында иштеп жүрдүм, сценарий жазганды үйрөндүм, ортодо эпизоддук ролдорду ойной калып жүрдүм. Анан актёр катары тасмаларга тартыла баштадым. Кыскача айтканда, ушундай.
– Жубайыңыз Мадалена күчтүү режиссёрлордун бири Руслан Акундун тасмасына тартылды. Мындай салмактуу долбоорго катышууга дароо эле макулдук бердиңизби?
– Руслан байке менен иштешип келебиз. Ал мага телефон чалып: “Нуркул, романтикалык тасма тартылганы жатат. Башкы каармандын ролуна нукура сулуу, жылдыздуу актриса таппай жатабыз. Сенин келинчегиң “пробага” келип көрсө кандай карайсың? Сценарийде аябай деле сүйүшкөн жери жок, бир эле эпизод бар, жигит кызды көтөрөт. Сен кандай дейсиң?”- деди. Сценарийди окуп чыгып жактырдым, анан келинчегиме айттым.
– Кийин жубайыңыздын популярдуулугу сиздикинен ашып кетсе, куру намыска алдырып капа болбойсузбу?
– Эч качан. Антип ойлосом, анда бир да тасмага тартылышына уруксат бербейт элем. Биз үйлөнгөндөн бери келинчегим беш тасмага тартылды. Кызыгы, бардыгында режиссёрлор Мадаленадан эмес, менден макулдук сурашты. Сценарийлерин окуп чыгып, ылайыктап, макул болдум. Айрым туура келбеген сунуштардан баш тарттык. Эгер аялымдын ийгиликтүү болушун каалабасам, анда ага айтпай эле баш тартып коёт элем да. Жубайымдын ийгиликтүү болуп кетиши мени коркутпайт. Болгону комментарийлерде жазылган негатив сөздөр бир аз кыжырымды келтирет.
– Сиздерди баш кошууга алпарган сүйүү жолу кантип башталган?
– Кино тартуу учурунда таанышып калганбыз. Кайненем тартуу иштерине келгенде Мадалена чогуу келип, сиңдисин карап турчу. Биринчи көргөндө абдан эле кичине кыз болчу. 16 жаштарда болсо керек. Ичимден “жакшынакай кыз экен” деп жашын сурасам, айтты. “Ай, кичине тура” деп койгом. Эки жылдан кийин кино тартуу учурунда кайра жолугушуп калдык, анда чоңоюп калыптыр. Баш каарман болуп тасмага да экөөбүз тартылып калдык. Кийин кыз-жигит болууга сунуш кылдым, беш ай сүйлөшүп, анан баш коштук.
– Силер баш кошкондо жубайыңызга карата эрте турмушка чыгууда деген талкуу жүргөн...
– Экөөбүздүн ортобузда алты жаш айырма бар. Мадалена 18 жашында турмушка чыкты, ал учурда мен анча сезбеген экенмин. Азыр “ий, жапжаш болчу экен да” деп ойлонуп калам. Бирок ошондой эрдиги үчүн азыр аны аябай сыйлайм. 18 жашында тагдырын мага ишенип тапшырганына ыраазы болом. Коомдо талкуу болгонун деле сезбей өткөрүп жиберген окшойбуз.
– Чогуу тарткан вайндарыңыздарды көрүп кайната-кайненеңиз менен сонун тил табышып кеткениңиз байкалат...
– Биз кино жаатында жүргөндүктөн, үйлөнгөнгө чейин эле тааныш болчубуз. Башкаларда кандай болот билбейм, биз жеңил эле тил табышып кеттик. Анткени атам менен апам деле жаш эле да, “мен кайнатамын же кайненемин” деп каадаланбай, тескерисинче, вайн тартуу учурунда тамашалап күлдүрүп “минтип койбойлубу” деп турушат. Бирок баары бир ортобузда дистанция бар, сүр болот. Баары бир сестенип турабыз. Абдан жакын болуп, күндө эле чай ичишип жолуга бербейбиз. Тартуу учурларында, үй-бүлөлүк майрамдарда гана чай ичишип калбасак...
Аларга сый, урмат баары бир болуш керек деп ойлойм. Башында чогуу вайн тартууда тартынчу элем. Ушуну айтсамбы, айтпасамбы деп абайлап турчумун, кийин туура эле кабыл алышарын түшүнүп калдым.
– “Балам, балалуу болгондо билесиң” демекчи, ата болгон кандай экен?
– Ачыгын айтсам, кызым 1 жашка чыкканга чейин анчалык деле боорума басып үзүлүп түшкөн жокмун. Басып, аталап, ээрчип, жармашып калгандан баштап кызыма аябай жакын болуп кеттим. Кызымды бала бакчага алып барган, кайра алып келген мага аябай жагат. Чуркап чыгып кучактаган учурларын өткөрүп жибергим келбейт. Тамак ичерде, анан уктаарда эле апасына жакын болбосо, өзү да менин жанымдан чыккысы келбей жүрө берет. Мүнөзү да мага окшошуп кетет.
– Тармакка аралашып жүргөн адам катары айтсаңыз, Кыргыз киносу кандай нукта бара жатат?
– Кыргыз киносунун эң жакшы доорунун башталышы ушул болуш керек. Кинонун жаңы доорго багыт алган жылдарында жашап жатабыз деп ойлойм. Азыр карасаңыз, ар түрдүү жанрдагы тасмалар тартылып жатат. Он жыл мурун комедиялык тасмалар эле тартыла берчү. Биздин тасмалар Орусия, Казакстан, Өзбекстанга сатыкка чыга баштады. Алдыда мындан дагы жакшы ийгиликтер болот деп ишенем.
– Кино сиз үчүн көбүрөөк: киреше табуу жолу же ырахат тартуулаган иш?
– Жакпаган иш болсо такыр жасай албайм. Эгерде ырахаты болбосо, акчасы көп кандай иш болсо деле чыдабасам керек. Тасма талаасы мага аябай жагат. Ырахат алам жумушумдан. Сценарий жазууну, тартуу ишин ушунчалык толкундануу менен баштайм. Экинчи тарабы, албетте, үй-бүлөнү эч нерседен кем кылбай багуу керек. Ансыз болбойт да.
- Маегиңиз үчүн рахмат!
Нуржамал Жийдебаева