Алар капыстан жолугуп калышты. Анын кыялында так ушундай аялзаты жашайт эле. Сулуу, жароокер, акылдуу, боорукер, тамашакөй, көзүндө учкуну бар жанды кыялданчу. Ысымдары да дал келип калганын айт, Кайрат жана Жанат. Ичиндеги “антенналары” жол тапты окшобойбу, Жанат да ошончо адамдын ичинен ага ыктап турганын байкады. Ичинен кудуңдаган жигит эми Кудай буюрса “карт бойдок” деген какшык кептен, апасынын “качан үйлөнөсүң?” деп күңкүлдөгөнүнөн кутулат экем деп ойлоп турду. Чын да, 30дан ашканча апасынан “ал кийимим кайда, бул кийимим кайда?” деп сурап отургандан да тартынат экен адам. Жарым айдай телефон аркылуу сүйлөшүп, жазышып жүрүштү. Бир күнү Жанат аны үйүнө конокко чакырды. Ичинен “жым” дей түшкөн жигит жолугууга жакшылап даярданды. Чыкыя кийинип, колуна гүл, таттуу алып Жанаттын жиберген дарегине жетип барды. Эшиктин коңгуроосун басканында ага 7 жаштардагы балакай эшик ачты.
– Ассалом алейкум...
– Салам, апам душка кирип кетти. Келсе кире берсин деди сизди,- деди бала анын жүзүнө тааныштай тиктеп.
– А сен кимсиң?
– Амир.
– Апаң ким?
– Жанат.
Кайрат эмне дээрин билбей калды. Алгач ишенгиси келбеди. Бирок баланын жүзүндө пайда боло калган куду Жанаттыкындай чуңкурчаны байкаганда ишенбегенге аргасы калбады. Кире албай же чыга албай катты да калды. Бала эшикти чоң ачып “кир” дегендей ишарат кылды. Кайрат босогону аттады. Эртеден берки шаңы күбүлүп түштү. Ушул учурда Жанат чыгып калды да, саламдашып анын колундагы гүлдөрдү алды. Бир карап эле Амирди билип, томсоруп турганын байкады Жанат. Кыймылсыз турган Кайраттын колундагыларды алды.
– Бул магабы?
– Сага.
Көңүлсүз сүйлөдү. Алып келген гүлү көрксүз, таттуусу ачуудай сезилди. Жанаттын да ындыңы өчө түштү. Экөө эле калганда:
– Балаң бар экенин башка жол менен айтууга мүмкүн эмес беле?- деп бурк этти.
– Үйлөнөм эле үйлөнөм дедиң, мен кыйын болсо “прицебим” бар экенин билип туруп чечим чыгарсын дедим.
– Кыйын эмесмин мен!
– Аныңды билдим.
– Атасы кайда?
– Билбейм, ажырашып кеткенден бери көргөн жокмун. Жүрсө керек күнүн көрүп...
– Канча болду?
– Жети жыл. Бала төрөлгөндө эле ажырашып кеткенбиз.
Андан ары эмне деп сурашты билбей отуруп калды Кайрат. Ата-энесине Жанат тууралуу айтпай турганына сүйүндү. Алар да толкунданып алып, болбой калса жаман болушмак экен. Сөз уланбады. Баары түшүнүктүү болгондой сезилди. Кантип чыгып кетишин билбей жатканда Жанаттын телефону чырылдап калды. Ал врач болуп иштечү.
– Макул, барам...- деди да, тез туруп кийине баштады.
– Сен кайда?
– Бир оорулуум ооруканада жаңы операция болгон. Абалы начарлап кетиптир. Барышым керек. Сен мен келгиче Амирчик менен отура тур. Такыр убактың жок болсо, уктап калгандан кийин кет. Бир жакшылык кылып кой, андан ары сенин тынчыңды албайбыз,- деди ал өктөм үн менен.
Кайрат жооп бергенге жетишпей калды. Ал шашыла сумкасын, машинесинин ачкычын алып чыгып кетти.
Кайрат бөлмөнүн ортосунда отурган боюнча калды. Текчеде тизилип турган сүрөттөрдү карады. Мына, Жанаттын жаш, жадыраган студенттик кези. Боюнда бар кезинде, кийин уулу менен кучакташкан сүрөттөрү. Ак халат кийген сүрөттөр, чет жерде жүргөн... Айтор, Жанаттын ал билбеген жашоо образын сүрөттөр айтып тургансыды. Тың экени билинип турат. Мээнеткеч жана таза экени үйүнүн ичинен, акылдуу экенин жыйылган китептеринен байкаса болчудай. Аттиң, экөө сонун түгөй болушмак экен. Бирок уулу бар болуп жатпайбы. Ой, уулу демекчи, аны карап тур деп кетпеди беле. Кайрат бөлмөнү изилдеп, аны унутуп калган тура. Балдар бөлмөсүнө кирди. Кулагына кулакчын тагынып алып, чоң экрандын алдында оюн ойноп отурган балага кызыгуу менен карады. Чоңдор ойной турган оюндарды ойнойт экен. Бул оюндарды Кайрат да жакшы көрөт. Ал кичине кезинде мындай бөлмөсү болгон эмес, суктанып кетти балага.
– Чогуу ойнобойлубу?- деди Кайрат ишенимсиз.
Амир унчукпай ага джойстикти сунду. Экөө ойноп жатты. Башында ишенимсиз, анан бара-бара кызыгуу менен ойноп кетишти. Арада сүйлөшүп да калып жатышты. Сүйлөшүүлөрдөн ал тууралуу Кайрат буларды билди. Амир мектепти жаман көрөт экен, бирок апасы ага врач болосуң дегендиктен жакшы окуганга аракет кылып баштаптыр. Атасы тууралуу эч нерсе билбейт экен жана көрбөптүр. Өзү футбол менен машыгат экен, ар бир мелдеште жалгыз гана апасы барат экен.
– Эмкиде мен да барам,- дей салды Кайрат. Балага боору ооруп кеттиби же жакшылык кылгысы келдиби, эмнегедир оозуна ушул сөз келди.
– Чын элеби?- баланын бакырайган көзүндө ишеним жаткан эле. Кыя албай кетти, эми ишенимдүү баш ийкеди.
А Жанат чарчап үйүнө келип, эшик ачык экенин байкады. Кайрат эбак эле кетип калса керек деп божомолдоду. Баласынын бөлмөсүнө кирип делдиреп туруп калды. Кайрат менен Амир бири-бирин кучактаган боюнча уктап жатышкан экен.
ххх
Кайраттын акылы булардан кач деп жатса, жүрөгү буларга талпына берди. Убактысы болору менен Амирге телефон чалат, аны мектептен алып келип, ата-энелер чогулушуна катышып, футболго чогуу барчу болду. Эмнеге антип жатканын өзү деле түшүнбөйт. Бир адамдын ишенимин, аны чыдамсыздык менен күтүп жатканын билүү бакыт тура. Жашоо кооз жана маанилүү сезиле баштады. Кийин Жанаттын кечки нөөмөттөрүндө Амир менен үйдө калып, аны тосуп алууну адат кылып алды. Билинбеген жиптер менен тагдырлар байланып жатты. Бирок чечим чыгаруудан чочуп турду.
– Сен күндө кечинде кайда эле кетип жатасың, балам? Кыз-пыз таптыңбы?-деди Кайраттын атасы бир күнү. Апасы да үмүт менен карады.
– Ооба...- деди чайын шоркурата ууртап.
– Ким ал? - деди апасы сүйүнө.
– Аял...
– Атаңдын оозун урайын, аял экенин түшүнүп жатабыз. Ким? Кайсы жактын кызы? Кайда иштейт?- деди атасы.
– Хм, кайсы жерден билбейм, көлдүк беле же нарындыкпы, айтор, түндүк тарап...
– Мейли, айланайын...- деп жиберди апасы жан талаша.
– Сиз түштүктөн гана аласың дебедиңиз беле?
– Азыр түндүк-түштүк айырмасы деле калбай калды, балам. Бир эле элбиз. Башкысы – жакшы адам болсо болду. Биз деле Оштон келип Бишкекке отурукташып калбадыкпы.
– Аа...
– Иштейби?
– Ооба, врач...
– Ий, абдан сонун турбайбы. Врач келиним болот экен.
– Тамы, машинеси да бар.
– Ай, балам, сонун экен! Мындай кыздарды азыр таппайсың да.
– Анан баласы да бар...- деп күңк этти аягында Кайрат. Ата-энеси бири-бирин караган боюнча отуруп калышты. Бир топ тынымдан кийин атасы чечкиндүү сүйлөдү.
– Баласы болсо эмне экен, эми биздин балабыз болот. Сага жакса, биз макулбуз, балам.
– Чын элеби?- сүйүнгөн Кайрат апасы менен атасынын бетинен чоп эткизе өөп алып, машинесине чуркады.
ххх
Жанат иштен чыгып эле, маңдайында гүл кармап турган Кайратты көрдү. Жанында Амир.
– Ии?
– Сага!
– Магабы?
– Ооба, кайрадан сунуш киргизип жатам. Менин жубайым болууга макулсуңбу?- деген Кайрат ага гүлдү сунуп, тизелей отурганга аракет кылды эле, окшобой калды. Жанат күлүп жиберди. Амир кол чаап “апа, макул де” деп шыбырай берди.
– Романтик, эмне болду сага? Үйлөнүү тууралуу планың орду-түбү менен жоголбоду беле?
– Пландар өзгөрдү.
– Кандайча?
– Сени сүйүп калдым. Амирди да, силерсиз жашоомду да элестете албайм. Мени кабыл аласыңарбы?
– Сени эбак эле кабыл алганбыз, туурабы, Амир? Биринчи биздин үйгө келген күнү эле...
Амир башын ийкеди. Жанат жаш аралаш бактылуу жылмайды. Үчөө кучакташа беришти.
ххх
Жыл айланып, Амир карындаштуу болду. Кичинекейди колуна коомай кармаган Кайрат толкунданып жүзү албырып турду.
– Ата, атын ким коёбуз?
– Сен кой атын, балам. Сенин карындашың.
– Анда Амина болсун. Амир, Амина...
Кайрат Амирди бир колу менен кучактай, бир колу менен жаңы төрөлгөн кызын кучактай жылмайды. Миллион жолдордон так ушул Жанат менен Амир чыккан жолуна ыраазы болуп турду.
Айлин Д.