Күз, кыш, жаз, жай... Ар бир жыл мезгилинин өзүнүн күйөрмандары бар. Бири кычыраган кышты, бири күнү ысык жайды, бири үшүтпөгөн да, ысытпаган да жаз, күздү жакшы көрүшөт. Психологияда кайсы жыл мезгилин жактырганына жараша адамдын болжолдуу мүнөзүн ачыктаса болот делинет. Анда байкап көрөлү, кышты сүйгөндөр кандай адамдар? Жазды, күздү, жайдычы?...
Жазды жеңил адамдар жактырышат
Жер бети жаңыдан жылып, жандануу башталган жаз мезгилин сүйгөн адамдар сыртынан күчтүү көрүнгөнү менен ичинен жумшак, назик адамдар. Жашоодо жеңилдикти баалашат, оор жагдайлар, маселелер мындай адамдарды чүнчүтүп жибериши мүмкүн. Бир аз жеңил ойлуу, бирок ушул сапатынын аркасы менен бакытты майда-чүйдө нерседен да таба билишет. Башкалар менен бат тил табышат, отурган жерин шаңга бөлөп, көңүл борборунда болгонду билет. Мүнөзүндө лидерлик сапат жок, бирок керектүү жерден болгон аракетин жасап аркасынан башкаларды ээрчите алат. Негизгиси ал жумуш жаз сүйүүчүнүн кызыгуусун жаратышы абзел.
Тобокелчиликтен коркпойт, оюна келген нерсени көп ойлонуп отурбастан ишке ашырганга шашат. Болбой калса, башкасы болот деп көп кайгырбай кете беришет. Стресс, депрессияга көп кабылбайт, кабылса да бат жеңип чыгышат. Мүнөзүндө өзүмчүлдүк сапат бар, биринчи өзүнүн ыңгайын карап, өзүнөн ашса башкаларга бөлүшүүсү мүмкүн. Бир жерге байланганды жактырышпайт, алар үчүн эркиндик, ыңгайлуулук маанилүү. Аларды көп адамдар курчап жүрүшөт, ал өзүнүн жеңилдиги, шайырдыгы менен башкаларды тарта билет.
Чектөөнү жаман көрүшөт, чыныгы романтиктер, бат сүйүп, кайра сезимдери бат “күйүп” кетиши мүмкүн.
Жай – энергияга бай адамдардыкы
Жайды сүйүүчүлөрдү табият лидерлерге тиешелүү бардык сапаттар менен камсыз кылган делинет. Алар башкаларды акылы, өзүнө болгон ишеними жана түгөнбөс энергиясы менен багындыра алышат. Ооба, ысык мезгилдин күйөрмандары энергияга бай келип, башкалар менен да ошол энергияны бөлүшкүсү келип, башкалардын өзүнүн толкунунда болуусун каалайт. Алардын башында дайыма толгон токой кызыктуу идеялар, келечекке пландар, кайсы бир чечимдер бар. Мындай адамдардан жакшы жетекчилер чыгат. Бирок көп учурда өзүлөрүнүн моюнуна жоопкерчилик жана милдеттерди жүктөгөндөн качышат да, жетекчилик кызматтан баш тартышы ыктымал. Жалпысынан экстраверттик мүнөз басымдуулук кылат.
Өжөрлүк мүнөз да бар, алдына койгон максатына жетүү үчүн болгон аракетин жасашат. Үй – жумуш, жумуш – үй деген өзгөрбөгөн күнүмдүк графиктен тумчугуп кетиши мүмкүн. Андыктан жашоосуна дайыма жаңычылдык киргизгенге аракет кылат. Саякат, спорт жана башка активдүү эс алууну баалайт. Мындай адамдардын жанында жүргөн кишинин жашоосунда да ак-кара түскө башка ачык түстөр кошулуп, кызыктуу көз ирмемдер, эсте кала турган учурлар көп болот.
Сүйүүгө болгон дити менен берилишет, кумарлуу, түгөйү үчүн тоону томкорууга даяр. Саткынчылыкты, калпты кечиришпейт. Эгер мындай оор жагдай жаралса, өч алышы да мүмкүн.
Күздү интроверт адамдар жактырышат
Күздү эмоционалдык абалы өзгөрмөлүү адамдар жактырышат. Алардын маанайы аба ырайындай: бүгүн шайыр-шат жүрсө, эртең эле кыжырданып калышы мүмкүн. Андыктан мындай адамдардын жанындагылар өзүн тонуста кармап, баарына даяр болууга үйрөнүшөт. Бирок сыртынан өзгөрмөлүүлүгү эч байкалбайт, тескерисинче, бир калыптагы, тең салмакты жакшы кармаган токтоо адам сезилет. Ар бир кадамын ойлонуп, анализдеп чыккандан кийин гана чечим чыгарат.
Тынчтыкты, жалгыз калууну баалашат. Аларга дайыма жанында бирөө болуп, сүйлөшүп туруунун кереги деле жок. Көп ачыла бербейт, ачылган адамдары саналуу гана. Интроверттик мүнөз басымдуулук кылат. Башкалар аларды түнт, кызыксыз, “рамкасы” бар адам деп ойлошу мүмкүн, бирок башкалардын ою аларга маанилүү деле эмес.
Көпчүлүк учурда күздү баалагандар чыгармачыл адамдар. Акын, сүрөтчү же башка искусствого тиешеси бар кесипти аркалашы ыктымал.
Кыш – жоопкерчиликтүү адамдардыкы
Муздак аба ырайына, аппак карга сүйүүсүн арнагандар тырышчаак мүнөзгө ээ. Алар үчүн олуттуу чечим кабыл алып, бир ишти башташы көп убакытты алышы мүмкүн, бирок ушуну аткарам деп чечим чыгарса, аны аткармайынча жаны тынбайт. Бардык кыйынчылык, тоскоолдукту жеңет, ал үчүн орто жолдо калуу деген сөз болбошу керек. Баштаган ишин таштап салса өзүн жемелейт “анда эмнеге баштадың эле?” деп. Андыктан ага иш тапшырганда жыйынтыгынан кооптонбой эле койсо болот. Жоопкерчилик менен жакшы аткарат.
Мындай адамдардын айланасында топураган топ адам болбойт. Тескерисинче, саналуу, бирок ишенимдүү адамдар коштойт. Достукка бекем келишет. Жакындары үчүн баарына даяр. Бирок бир ишениминен чыгып, жаза баскан адамды кечиргиси келбейт, кечириши мүмкүн, бирок бир топ убакыт кетет.
Шаан-шөкөттүү кечелерге караганда үйдө, жакын адамдардын курчоосунда тынч эс алууну баалашат. Китеп окуп же жактырган сериал-тасмасын көрүп отургандан ырахат алат. Башкалардан даанышмандыгы, калыстыгы, эрктүүлүгү менен айырмаланат.
Комфорттуу жашоону баалашат. Көп учурда карьерасында ийгиликке жеткендиктен, жакшы акча таап, ыңгайлуу жашоо образын түзөт да, ошол аймагында башкага көз карандысыз жашай беришет.
Асыл Орозбекова