Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Эмне болду?

Акбардын тынчсызданып бирөө менен сүйлөшүп жатканын сезе калды. Бир нерсени айтып күлүп келе жаткан Айкөл токтой калды.

– Белек, уулум, түндө үйгө келбептир. Милицияда имиш...

Эч нерсе дей албады. Акбар анын чекесинен өөп шашыла чыгып кетти. Айкөл эмне кыларын билбей отуруп калды. Чындыгында ал иштин ушунчалык чиеленишип кетерин билген эмес. “Элдин баары эле эки аял менен жашап жатат, нормалдуу эле көрүнүш” деп ойлогон башында. Бирок бул маселенин ичине киргенде гана анын канчалык оор жана жагымсыз экенин билди. Ичинде өзү менен өзү кырчылдаша тирешкен карама-каршы үндөр кайра диалогун баштады.

– Мен эмне кылмакмын, тагдыр да. Каалабадым эле ушундай болушун...

– Бирок тагдыр деп өз чечимдериңдин жоопкерчилигин түртө салып жаткан жоксуңбу?- дейт кайра өзүнө-өзү.

– Мен чечтимби ошондо?

– Сен чечтиң! Жалгыз калгың келген жок. Коркууларың менен бетме-бет чыккың келбеди. Акбар сага жалгыздыгыңдан жашына турган түнөк гана болду. Бул үчүн башка бир адамдар азап чегип жатышат.

– Эмнеге, эркек киши чечет эмеспи? Акбар чечти. Мен чечпедим, болгону тагдырыма баш ийдим.

– Хе, күлдүрбөчү, ал адам сага колун да тийгизген жок. Эгерде сен “жок” десең, жашооңдон чыгып кетмек. Моюнуңа ал. Сен кааладың аны менен так ушундай жашоону... Алдыда дагы кандай нерселер болот, бир Кудайдын өзү билет. Ошондон аман-соо чыга аласыңбы?

Ушундай эки тараптуу тытышкан ойлор. Жан кейиткен санаалар. Бирок Акбар келери менен мунун баары кайсы бир жакка учуп кеткендей жок болот. Ичинде кубанычка гана орун калат. Бара-бара аны эч ким менен бөлүшкүсү келбей бара жатат. Дайыма жанында болсо дейт. Бирок...

ххх

Олурайып карап турган баласына боору ачый карады Акбар. Ооба, кыялы чатак болгону менен, жүрөгү таза жигит экенин билет. Дал эле маркум агасына окшош. Акбар бир нерсени ойлонуп туруп чечим чыгарса, бул ишти кылып туруп, анан ойлонуп калмайы бар. Ата баласын аяп, ичи сыйрылып турду.

– Ичиң суудубу? Штраф төлөй турган болдуң,- деди жай гана.

– Сууган жок.

– Анда дагы бир балээге кабыласың. Ошол сага жакшы болобу?

– Ата, эмнеге?

– Эмнени сурап жатасың?

– Эмнеге жашооңду башка бирөө менен байланыштырдың? Кызың менен тең экен деп жатышат. Өзүм деле көрдүм го. Эмнеге?

– Сага эмне деп түшүндүрсөм да азыр түшүнбөйсүң. Кыскасы, ушундай болду. Пландалган жок, алдын ала чече турган нерсе эмес болчу. Бул менин тагдырым, уулум. Жаманбы-жакшыбы, катабы-ката эмеспи, менин жашоом. Силерге зыян тийгизбегенге аракет кылам. Таштап басып кеткен жокмун. Силер мененмин! Бирок бул бир адамдын жеке тандоосу, түшүнбөсөң да сыйлашың керек болгон чындык ушул.

– А апам эмне болот?

– Апаң да түшүнөт, азыр балким, оор болуп жаткандыр. Убакыт өтүп, баары ордуна келет.

– Сен мындай эмес элең, ата. Сен убакытка, жагдайга, шарттарга шылтоолочу эмессиң. Сен мен үчүн идеалдуу эркектин үлгүсү болчусуң.

– Эч ким идеалдуу эмес. Баарыбыздын алсыз жактарыбыз бар. Сен кийин түшүнөсүң. Же түшүнбөйсүң. Азыр ал тууралуу ойлонбо, суранам тынчтан. 

– Макул.

Шылкыйып машинесине баскан уулун токтотту.

– Үйгө барасыңбы?

– Жок, апамдын аргасыз абалын карап үйдө отура албайм. Досторума барам.

– Белек!

Аны уккан жок. Колун шилтеп басып кетти. Акбар эмне кыларын билбей калды. Бала чоңойгондо эмне кыларын биле албай калат тура ата деле. Камап салабы? Коркутабы? Айласыз башын чайкады.

ххх

Сания алдында кубарып отурган Мариямды боору ооруй карады.

– Сеники туура чыкты, Сания. Согушуу керек экен. Болбосо үй-бүлөм чачыранды болуп, ар ким ар жакка тарап кетчүдөй. Белек канча күндөн бери үйгө келбейт. Акбар бир маал келип, балдарын эркелетип коюп кайра кетет. 

– Айтпадым беле, мындайда күчтүүлүк керек.

– Сен мага караганда тажрыйбалуусуң го. Айтчы, мен эмне кылышым керек?

– Күндөшүңдүн алсыз жактарын изилде! 

– Кантип?

– Эми адамда алсыз жагы сөзсүз болот да, ботом. Ошону билип, пайдаланышың керек. Кайда жүрөт, эмне кылат, кимдер менен дос же кас...

– Сания, сен экөөбүз курбубуз, ээ? Бул ишти сенден башка эч кимге ишенип тапшыра албайм. Сен бүтүр бул ишти. Эмне кааласаң кылып берем. Ишке жарап бер.

– Менби? Сен өзүң эле бир нерсе...

Сания телефонуна алаксып жаткансып кепти буруп кетти. Ачыгын айтканда, аялдык алтынчы туюм менен бул жерде эч нерсе кыла албай турганын сезип турду. Мындан мурун болгондо да, балким, үй-бүлөсүн сактап калмак. Бирок муну Мариямга кантип айтат?

– Акбар кайсы баласын жакшы көрөт?

– Наргизаны, улуу кызыбызды жакшы көрөт.

– Ал да укту да, ээ?

– Ооба.

– Атасына ошол кызы таасир бере алса керек. Сүйлөш дебейсиңби?

Мариям ойлонуп калды. Ортого кызын салгысы келбеди. Ата менен кыздын ортосундагы мамиле бузулуп калса, кайра ордуна келбесин сезип турду. Башка жолу болушу керек. Бирок Наргизасы айттырбай эле келип калып,  анын келиши менен жашоосу аңтар-теңтер болорун билген жок.

 ххх

– Эмнеге келдиң, кызым?- деди жаны ачыган Акбар. Наргиза аны кайдыгер гана тиктеп койду.

– Канча эмгек кылдың эле бул окууга өтүү үчүн, орто жолдо таштап салып келип калат деген эмне...

Атасы дагы бир нерселерди айтып жатты. Бирок Наргиза уккан жок. Анын мээсинде айланып жаткан бир эле суроо бар эле.

– Кызым дейм? Угуп жатасыңбы мени?

– Ата, мен жолдон чарчап келдим. Бир аз эс алайын, анан сүйлөшөлү,- деди кызы тиштене.

Атасы аргасыз чыгып кетти. Өз бөлмөсүнө кирген кызы шыпты тиктеп жатты. Келгенче атасынын жүзүнө тигилсе эле баары башкача болуп кетчүдөй сезилип келген. Ушунчалык камкор, мээримдүү атакеси аны бооруна кысып, “туура эмес түшүнүп алдың, кызым” деп айтат деп ойлогон. Кичине баладай болуп ошол нерсеге ишенип келген Америкадан. Бирок атасын бир карап эле анын өзгөргөнүн билди. Ал мурунку атасы эместей, чоочун болуп калгандай. Жүрөгү муздап кетти. Андан алыстап кеткендей, алдында башка эле бир Акбар тургандай сезди. Мурункудай эркелеп да, кыйнап да чечиминен артка кайтара албасын сезип турду. Ошондуктан башка бир жол менен барууну чечти. Атасынын экинчи аялына жолугуу керек. Анын эмне каалай турганын билүү керек. Балким, акчасына же даражасына кызыккандыр. Ким ал? Ушул суроо мээсинде кайнап жатты.

ххх

Айкөл муздаткычтан бир нерсе алайын деп бара жатып окшуп жиберди. Бул эки-үч жолу кайталанды. Болгондо да башка-башка азыктардан. Оюна бир нерсе тык эте түштү. Кош бойлуу болуп калганбы? Колунан чыны түшүп кетти.

– Айкөлүм, эмне болду?

Ичин баскан келиндин көздөрү жайнап кетти. Акбар эч нерсе түшүнгөн жок.  Анын жанына жетип барып көздөрүнө тиктеп карады.

– Эмне болду, жаным?

– Аптекага барып келеличи,- деди толкундана аптыккан Айкөл.

– Бир жериң ооруп жатабы?

– Жок, бир нерсе алыш керек болуп жатат.

Жолду катар үн катпай ичинен кымыңдап келе жатты. Балким, чындыр... Анда Айкөл кандай бактылуу болмок. Акбарга эчен жолу айтайын деп оозун таптап барып токтоду. Ойлогону ордунан чыкпай калсачы деп ойлоп жатты. Ичин улам кармалайт. Жүзү албырып, белгисиз бир кубанычтын деми аны жылытып бара жатты.

 

 (Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1192, 17-23-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан