“АК ЧАРДАК”, “ТУМАРЫМ” ЫРЛАРЫНА ОБОН ЖАЗГАН АЛЫМБЕК КОРОБАЕВДИН ЭМГЕГИ БААЛАНДЫБЫ?

Кыргыз эли “Ак чардак”, “Тумарым”, “Алтын шакек” сыяктуу ырларды жакшы билет. Бул ырлардын обонунун жаралышында өзгөчө тагдыр жашаарын билесизби? Ал тагдыр белгилүү композитор Алымбек Коробаевге таандык. Бул жолу анын кызы, маданият кызматкери Алтынай Коробаева менен атасынын өмүрү, баалуу мурасы жана адамдык бейнеси тууралуу сүйлөштүк.

 

– Алтынай айым, бүгүн сиз менен атаңыз, белгилүү композитор Алымбек Коробаевдин чыгармачылыгы жана мурасы тууралуу сүйлөшөлү деп турабыз. Сиз үчүн ал кишинин орду кандай?

– Мен үчүн атам “АТА” деген сөздү чоң тамгалар менен жазган жашоомдогу өтө маанилүү адам. Мен эрке кыз болуп өстүм, атам менен дайым кобурашып бир нерселерди сүйлөшүп, аны менен көп убакыт өткөрөт элем. Атама менин атам болгону үчүн миң мертебе ыраазымын. Анын көзү өтсө дагы, мага калтырган мурасы – чыгармалары менде жашап келет.

– Атаңыздын “Ак чардак”, “Тумарым”, “Алтын шакек” сыяктуу ырлары элге белгилүү. Сиз үчүн бул ырлардын кайсынысы өзгөчө мааниге ээ?

– Мен үчүн өзгөчө чыгармасы – бул “Ак чардак”. Атамдын 15 жашында жазган алгачкы чыгармасы, азыр салыштырып ойлоп көрсөм, 15 жаштагы бала үчүн аябай оор ыр. Эч бир адам бул чыгарма 15 жаштагы бир балага таандык деп ойлобойт го дейм...

– “Тумарым” ырынын тарыхы укмуш сүйүү баяны экен. Сиз ал ырдын жаралыш окуясын биринчи жолу качан, кимден уккансыз?

– Ооба, “Тумарым” ырынын сөзү өзүбүздүн эле аяш атабыз, акын Абдыжапар Эгембердиевге таандык. “Тумарым” – бул 16 жаштагы баланын алгачкы сүйүүсү десек дагы болот. Албетте, бул нерсе кийинчерээк көп айтылбай калды. Анткени баары бой жетип, үй-бүлө кургандан кийин сөз козголбой калды да. Бирок ырдын түпкүрүндө Абдыжапар атабыздын Тумар аттуу кызга деген алгачкы сүйүүсү, аруу сезимдери жатат. Биринчи жолу атамдан уккам.

– “Тумарым” ырын казак композиторлору талашкан окуя тууралуу айтып берсеңиз. Ошондо атаңыз бул жагдайды кандай кабыл алган эле?

– Бул ырды бир казак ырчысы ырдап жүрүп, анан бир гезитке берген маегинде “менин ырым” деп айткан экен. Гезитке маеги чыккандан кийин биздин маданият тармагында жүргөн адамдар атама келип “сенин ырыңды меники деп ээлеп алыптыр, казактар талашып жатат” деп айтышса, кең пейил адамга айла жок да, “аа, макул, башкысы – менин ырым экенин элибиз билет” деп коюптур. Казактын Илебаев деген ырчысы экен, кийин ал кишинин баласы мага интернет аркылуу байланышып кечирим сураган. Атасы бул жашоодон өтүп кетиптир. Бул чыгарма казактарда эле эмес, өзбектерде, тажиктерде, айтор, жалпы Борбордук Азияда ырдалды окшойт. Ал кезде интернет жок, обондун кимге таандык экени билинбей, эл оозунда ырдалып жүрсө, тиги киши өзү казакча сөзүн жазып “обону элдики, сөзү меники” деп ырдап койгон экен. Кийинчерээк үй-бүлөсү бизге кат жолдоп кечирим сурашты, ошондо да атам унчуккан эмес. Бир гана атамдын жакын досторунун бири Түгөлбай Казаков “мындай болбойт, бул чыгарма сеники да” деп күйүп-бышкан.

– Атаңызды сүрөттөп берсеңиз. Ал кандай адам эле, мүнөзү, кыял-жоругу, башкаларга мамилеси...

– Атамдын мүнөзүнө токтоло турган болсом, абдан токтоо, бир сырдуу эле. Ичинде эмне болуп жатканын эч убакта бирөөгө айтчу эмес. Бала кезден жашоонун оордугун таткандыктанбы, айтор, түнт мүнөз, көп ачылып сүйлөбөгөн, дайым бир калыпта жүргөн адам болчу. Ошондон улам дагы сыйлык, наам дегенге умтулган жок окшойт. Көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгондуктан жашоонун ачуу-таттуусун бир топ татыптыр. Мага атамдын көп чыгармалары өзүнүн жашоосунун кайрыктарындай сезилет. Чыгармаларына кайрыла турган болсок, биз жер тамда жашайт элек. Эки үйүбүз бар эле, чоң там, анан “времянка”. Атам чыгармаларын дайым чоң тамда жазар эле. Ал иштеп жатканда биз болушунча тоскоол болбоого, тынч отурууга аракет кылар элек. Кээде атам жарыктык күндөп-түндөп иштечү.

– Чыгармачыл инсан катары атаңызды обон жаратууга эмнелер шыктандырчу?

– Жогоруда айтылгандай, атамдын көп чыгармалары өзүнүн жашоосунан алынган. Белгилей кетсем, атамдын “Мен тирүүмүн, ошон үчүн ырдаймын” деген чыгармасы акыркы чыгармаларынын бири, 90-жылдары СССРдин урашы, оор турмуштун таасири менен жаралган. Союз урап ар ким өз арабасын тартып, концерттер дээрлик токтоп калганда эл арасында “Коробаевдин көзү өтүп кеткен” деген сөздөр айтыла баштайт. Ошондо ушул ырын жазып Ысык-Көлдү бир айланып концерт коюп келген. Анан апама арнап “Аппагым” деген ырды жазган экен, ал ыр бүгүн дагы ырдалып жүрөт эл арасында.

– Атаңыздын замандаштары, ошол кездеги ырчылар, композиторлор менен чыгармачылык алакасы кандай болгон?

– Балалыкта анча билинген эмес, эми ойлосом, атамдын таланты заманыбыздын бир топ залкар инсандары менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүптүр. Сайра Кийизбаева, Түгөлбай Казаков, Рыспай Абдыкадыров, Мукан Рыскулбеков сыяктуу маданият тармагына эмгеги сиңген залкар адамдар биздин үйгө көп келишет эле.

– Сиз да маданият тармагында эмгектенип, ошол эле учурда атанын жолун улап келесиз. Атаңыз колдогонбу ушул тармакты тандаганыңызды?

– Мен маданият жаатына, музыка тармагына барам дегенде аябай каршы болгон. 9-классты бүткөндөн кийин музыкалык окуу жайга тапшырам деп чыкканымда мени менен бир жума сүйлөшпөй койгон. Ал учурда маданият тармагына азыркыдай көп көңүл бөлүнбөй, бул жааттагы адамдарга жашоо бир топ кыйын болчу. Атам өз башынан кыйын жашоону өткөргөнү үчүн мени кыйналбасын деп аяды окшойт. Бирок кийин тандоомду сыйлап, колдоду.

– Үч уул, эки кыздын апасы экенсиз. Балдарыңыздан таятасынын таланты өткөндөрү барбы?

– Ооба, улуу кызым бийге кызыгып, ошол тармакта окуп жатат. Кичүүлөрү гитара, скрипкада кол ойнотуп калышат. Аларды эч ким үйрөткөн, окуткан жок, өздөрү эле кызыгып үйрөнүп алышты.

– Атаңыздын эмгеги бүгүн кандай бааланып жатат деп ойлойсуз? Эл, мамлекет, маданият тармагы жетиштүү урмат көрсөтө алдыбы?

– Чынын айтсам, атамдын эмгеги көзү тирүүсүндө бааланган жок. Атамдын өзүнөн дагы болду окшойт, улунуп-жулунган сапатынын жоктугунан улам көмүскөдө калып кеткендей сезилет. Маданияттын мыкты кызматкери наамын атам экөөбүз катарлаш эле алдык, ортодо бир-эки эле жыл бар.

 

 

Асел Нурбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1192, 17-23-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан