Күндөлүк (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Анан биринчи болуп өз ишимди Айымды отургузуп алып, анын чачын жасоо менен элге көрсөттүм. Баарын чакырдым. Эх! Сонун болду. Бир убакта Акбар чалып куттуктап, эл кеткенден кийин келип кетерин айтты. Менин “бүгүн кыздар менен майрамдайм” деген сөзүмдү кулагынын сыртынан кетирип, “кыздарыңды жыйыштыр, мен барам, күтүп ал. Сагынып кеттим” деди. Жаман кызыктай абалда калдым. Себеби кечинде төртөөбүз өзүнчө майрамдайлы дегенбиз. Ыйлагым келип кетти. Аны дароо байкаган Мансур жаныма басып келип, “ким чалды? Ким капа кылды?” деп жиберди. Акырын гана “эжем чалды. Бүгүн үйгө кел, чогуу отуралы деп жатат” деп алдаганга аргасыз болдум. 

“Аа, эми эжең чакырса барасың да... А баса, мени деле алып албайсыңбы? Чогуу барып келели. Таанышып да алам. Боло турган ишти кечиктирбейли” дегенде ичим жылып, аны кучактап жибердим. Кандай сонун бала! Же мен аны сүйгөнүм үчүн ушундай сезилип жатабы? Билбейм. “Башка күнү” дедим да, Айымга барып баарын түшүндүрдүм. Жан курбум! Элге сыр билгизбей баарын узатып, андан соң жигитин ээрчип сейилдеп кетишти. Мен салондун эшигин жаап, Мансурду алаксытып “мен кеттим” дедим. Шашып жатсам, мени адатынча бекем кучактап “бир нерсе айтайын сага. Буулугуп кеттим. Таарынба, ээ?” деп жатканда шаштым кетип “суранам, эртең айтып берчи. Мен тезинен барышым керек” деп жибердим. Себеби азыр ар бир мүнөтүм кооптуу эле. Акбар келип, Мансур аны көрүп калбасын деп чыйпылыктадым. 

“Мансур, суранам. Эртең шашпай отуруп сүйлөшөбүз. Мен азыр шашылышмын” деп бетинен өөп, жүгүрүп барып машинама отуруп айдап кеттим. Бир аз кыдырып, кайра салонго келип, ичине кирип эч нерсе болбогондой отуруп калдым. Көп өтпөй кучак толо гүлүн көтөрүп Акбар келди. Бирок бул ирет анын гүлдөрү мени анча кубанткан жок. Салондун ичине бир көз жүгүртүп:

– Азамат, колуңдан келбесе керек дедим эле. Мен ойлогондон да тың кыз экенсиң, гүлүм. Бирок гарнитураны алмаштырыш керек. Мен балдарга айтам, келип жаңы гарнитура, күзгү орнотуп берип кетишет,-  деп көпкө сүйлөнүп отурду. 

А менин оюм Мансурда... Аны капа кылып алган жокмунбу? Эмнени айтайын деди? Шүмшүктүн келе калганын кара, сонун кечтен куру калтырды деп ызалана кызарып чыктым. Бир убакта денеме тийген колдон жан дүйнөм аңтарылып кетти. Акбар менин артымдан келип белимден кучактап, денемди өпкүлөп жатыптыр. Бул киши мага жат болуп калганын сездим, денем титиреп кетти. Акбар “маанайым жок, бүгүн эмес” деп түртсөм да эч эле болбой өз билгенин кылды. Бул ирет чынында анын кучагынан бошонуп качкым келди! Бирок алдуу-күчтүү неме эркектик кылып мени коёндой гана эзди. Көзүмдөн жаш акты. Акбар аны сезген да жок, тек гана өз ырахатын көрүп жатты. А анын алдында уйпаланып жаткан менин оюм телефонума келген СМСте болду. Бир топ убакыттан кийин Акбар экөөбүз үйдү көздөй унаа менен бара жаттык. Ал, албетте, жайдары, а менин жан дүйнөм аңтарылып жаткан. Бир убакта жана келген СМСти эстей кетип, телефонду колго алып карасам, төмөндөгү мазмунда Мансурдан келип түшүптүр: “Мен сени сүйөм. Жакшы жат, алтыным”.

 

xxx

12.11. ХХХХ. Мен жаштайымдан көркөм жазганды, сөздүн сырын таап сүйлөгөндү жактырчумун. Абдан кыялкеч элем. Ошол кыялдар мени журналист болом деген ойго жетелеп келген. Бирок чоңойгондо ал максатым өзгөрүп, акылымда башка эле ойлор орун алды. Азыр адатымча түн жарымда отурам сени барактап, өткөн күндөрүмө бир саресеп салып. Өкүнүп кеттим. Күндөлүктү бала чактан, колума калем кармаган убакыттан баштап жаза баштасам, балким, дагы көп балалыгымдагы элестер эсте болбосо да, барак бетинде сакталып калат беле. Себеби менин бала чагым кандай өткөнүн бир гана мен билем. Балким, ата-эненин мээримине тойбогон жүрөгүм, тынчтыкты байлыктан, акчадан издеп, көөдөндү козгогон ач көздүктү пайда кылды. 

Азыр мен өз үйүмдө эмесмин. Эжемдин үйүндө, баягы өз бөлмөмдө жатам. Сагыныптырмын бул үйдү. Таң калып жатсаң керек, түшүнбөй. Ишенесиңби? Мен дагы азыр таң калып, өзүмө өзүм ишене албай турам. 

Каалабасам да таңды Акбардын кучагында атырдым. Таң атпай туруп алып ойлонуп жаттым. Акбардан кол үзүш керек. Тезинен... Бирок кантип? Айласын кантип табуу керек деп ойго батып жатсам, Акбар ойгонуп кетти. Көпкө жатты жанымда.

– Ишиңе шашып кетчү элең го? Эмне болду бул ирет?- дедим.

– Бүгүн кичине болсо да сени менен болоюнчу, кадимкидей сагынып калам сени, гүлүм. Анан дагы...- деп көпкө ойлонуп туруп, сөзүн улады: 

– Жакын аралыкта экөөбүз бир аз тыным алып турабыз. Ммм... Эми ашып кетсе бир айга жетпеген убакыт. Макулбу, гүлүм?- десе сүйүнүп кеттим. Кызыгып эмне болгонун сураганымда мындай деди: 

– Сени менен жыргап жүрө берип, өзүмдү жаш жигит сезип жүрө берип, баламдын чоңоюп калганын билбей калыптырмын. Ал эр жетип калыптыр. Эх! Сен түшүнбөйсүң. Балапансың да. Балам жакында үйлөнөм деп 2-3 күн мурун билдирди. Сүйлөшкөн кызы бар экен. Тим эле көздөрү жайнайт. Өз эркине койдум. Кандай кыз? Ата-тегин билели деп деле майдаланган жокмун. Ал өтө өжөр,- деп бир күлүп алды. Анан сөзүн кайра улантты:

– Айтканын кылмайынча жаны тынбайт. Ошол... Тойго даярдык көрүш керек. Баламды үйлөнтүп алсам, анан кызым да чоңоюп калды, эмдиги жылдан окуусун бүтөт. Чет өлкөгө жөнөтөбүз деп жатабыз. Анан баарын жай-жайына жайгаштырып алып, сени ойлоном. Экөөбүздүн келечегибизди чечкенге аракет кылам. Анан азыр ызы-чуусуз тойду өткөрүп алгыча, бир аз алыстап туралы. Эч кам санаба, картаңа акча которуп коём. Керек болгондо өзүм чалып турам. Алтышкам десе...- деп жамбашыма чаап койду.

А мени ой басып кетти. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек. Ушуну менен бул кишинин жашоосунан жок болуп кетүүгө аракет жасоо зарыл. Көп өтпөй ал да кетти, мен дагы кеттим жумушка. Таң атпай салонго барып Айымды ачып тур дегем, барсам Айым бир кардар менен баарлашып туруптур. Мени көрө калып “мына, биздин сулуубуз, сиздин чачыңыздын көз жоосун алгыдай кылат” деп мактап калды. Барып Айым экөөбүз учурашып, андан соң биринчи, эң алгачкы кардарымды тейледим. Жашы жыйырма алтыда экен. Бүгүн турмушка чыгып жатыптыр, анан өзүнүн чакырган стилисти келе албай калып, биздин салонго кире калыптыр. Чачын жасап отуруп сүйлөшө кеттик. Аябай сүйүнүп алыптыр. 

– Ушул убакытка чейин жигит менен сүйлөшкөнгө деле кызыкчу эмесмин. Окуу, жумуш деп жүрө бериптирмин. Анан туугандар “ай, кара далы болуп калдың, тий эми” деп мээмди жегендиктен, “кой, булардан күйөөгө тийип кутулбасам болбойт окшойт деп өзүмдү колго алдым” деп каткырып калды. 

– Багым экен, тойдон бир жигит менен таанышып, бири-бирибизди жактырып калып, мына, эми тоюбуз болгону турат,- деп жылмайып калды. Күзгүдөн өзүн карап таң калып эле туруп калды. Себеби ал сүйлөп алаксып отургуча мен чач жасалгасын, жүзүн боёп бүтүп койгом. 

Абдан ыраазы болуп 500 сом сунду эле, мен “албайм. Бүгүн сиз турмушка чыгып бактылуу болсоңуз, мен салонумдун жаңы эле ачылганына карабай сиздин келгениңизге бактылуу болуп отурам. Бактылуу болуңуз!” дедим. Мага ыраазы болуп, кийинип алып рахматын айтып чыгып кетти.

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1192, 17-23-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан