
Технология заманында талантын көрсөтүүгө аракет кылган көпчүлүк сындуу Ваня Дмитриенко да белгилүү ырларга кавер жаздырып, интернет желесине жүктөп, анча-мынча музыкалык сынактарга катышуу менен өзүн сынап жүрчү. Анан “Ты – Венера, я – Юпитер” чыгармасын жазып, соцтармакка жүктөгөндөн көп өтпөй жаш муундун “крашына” айланды. 16 жашында көпчүлүк белгилүү ырчылар жылдап жетпеген “Алтын граммофон” статуэткасына ээ болду. 20 жашка эми толом деп турган жаш ырчы мырзанын өткөнүнө кайрылдык...
Толук аты-жөнү: Иван Викторович Дмитриенко
Туулган жери: Орусия, Красноярск
Туулган жылы: 2005-жыл, 25-октябрь
Жылдыз белгиси: чаян
Кесиби: ырчы, актёр
Белгилүү чыгармалары: “Венера-Юпитер”, “Лего”, “31-я весна”, “Дыши”, “Цветаева”, “Вишнёвый”, “Настоящая” жана башка
Күйөрмандык кылган футбол клубу – “Динамо”
Алгачкы үйүн 17 жашында сатып алган
Скриптонит, Тима Белорусских, Макс Корж менен трек жаздыргысы келет
Спорттон кийин музыка
Атасы музыкант, апасы – врач, Валерия аттуу эжеси жана Варвара аттуу карындашы бар. Ырчылык таланты, колундагы гитарасы атасынан өткөн аманат. Чыгармачылыкка чейин өзүн бир нече тармактан сынап көргөн. Алгач эле спорттон баштаган: сууда сүзүү боюнча чебер болду, футбол, хоккей, теннис, баскетбол ойноп көрдү. Уланткысы келген жок. Бир убакта ашпозчулукка кызыгуусу артты, көп өтпөй бул хоббиси да артта калды. А музыка болсо чарчаганды жаза турган, ойлорун тазалаган, жан дүйнөсүнө тынчтык тартуулаган нерсе эле. Аны менен келечегин байлайм деген ою жок болчу. Бирок музыка билинбей эле жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланып кеткен.
"Өгөй атам – өгөй эмес"
Музыка менен келечегин, кесибин байлабаса да, 6 жашынан баштап ырдап, апасы аны атайын вокал боюнча мугалимге жаздырып койгон. 9 жашында “Эти дети” театрында вокал, бий, актёрдук чеберчилик боюнча билим алган. Ушул эле жылы ата-энеси ажырашып кетип, балдардын тарбиясына өгөй атасы салым кошо баштаган. “Өгөй атам өз атам жасабаган нерселерди жасады биз үчүн. Аны өгөй дегим келбейт, азыр деле жашоомдогу маанилүү адамдардын бири” дейт ырчы мырза.
Өгөй атасынын колдоосу менен 12 жашында Евгений Орлов аттуу продюсер менен таанышып калат. Баланын талантын байкаган ал колдоо көрсөтөрүн айткан. “Женя байке алгачкы гитарамды белек кылган. Ушунчалык сүйүнгөнүмдөн 2 ай ичинде гитара черткенди үйрөндүм. Андан кийин фортепиано, ооз гармошкасын черткенди да үйрөндүм...” Өспүрүмдүн чыгармачылыкка чыйыры чоңдордун колдоосу менен акырындан түптөлө берген.
“Апам – эң даанышман адам”
“Апам – эң даанышман адам. Балдарын ушунчалык жакшы көрүп, коргоп, сүйгөн энелер бар го, менин апам ошондой. Бирок анын сүйүүсүнөн биз чалчаңдап эрке болуп чоңойгон жокпуз. Тескерисинче, апамдан сүйүүгө үйрөндүк, адамдарды, жаныбарларды, жашоону... Адамдын жашоосунда аны эч нерсеге карабай сүйө турган адам болгону – бакыт!” дейт апасы тууралуу сүйлөгөндү баалаган ырчы. Ваняны түрдүү сынактарга жетелеп барган да апасы болгон.
2018-жылы продюсер Евгений Орловдун сунушу менен үй-бүлө Москвага келе берген. “Чоң тобокелчиликке барганбыз. Апам жумушун таштап, бизди алып баш калаага келе бердик. Кооптуу абал болчу. Бирок тобокелчиликке барбаган адам шампан ичпейт деп коёт го...” Москвага келгенин азыр күлүп эскерет Дмитриенко.
Алгачкы ийгиликтер
Ата-энеси Москвадагы жашоосун турукташтырып жүргөндө Ваня музыка менен алек болууну уланткан. Тагыраагы, интернет желесине ырларды кавер ырдап чыгарып турган. “13 жашымдан эле ыр жазып баштагам. Бирок эч ким тааныбаган ыр жүктөсөм кароо топтобойт эле. Андыктан өзүмө жакпаса да коомдо актуалдуу, популярдуу болуп жаткан чыгармаларды ырдачумун” дейт.
2020-жылы «Хочу с Open Kids» музыкалык реалити-шоусуна катышып калат. Анда 5 кыздан турган украиналык “Open Kids” тобу чогуу ыр жаздырууга, клип тартууга 1 ырчы жигит тандамак. Жеңишке 3 ырчы жетип, алардын арасында Дмитриенко да болгон. Сынактын аркасы менен “Zion Music” лейбли аны менен келишим түзүп, алгачкы ырлары жарыкка чыга баштаган.
Кантип популярдуу болду?
Дмитриенкого катышкан музыкалык сынактары атактуулук алып келген эмес. 2020-жылдын аяк жагында Тик-Токтогу баракчасына “Венера – Юпитер” ырынын кайырмасын жүктөп, “эгер ушул кайырмага 10 миң кавер-клип тартылса, ырдын толук версиясын чыгарам” деп жазып койгон. Анын талабы 2 күндө ишке ашкан. Бирок кайырмадан башка эч нерсе жок болчу... “Ырдын мынча популярдуу болуп кетерин эч ким күткөн эмес. Бирок ушунчалык жагымдуу болду. Мага окшоп бир гана гитаранын коштоосунда ырдалган жөнөкөй ырларды сүйүүчүлөр бар экенине кубандым...” дейт алгачкы ийгилиги тууралуу ырчы. Команда 36 саат студиядан чыкпай отуруп “Венера – Юпитер” чыгармасын жаздырып бүтүшкөн. 2020-жылдын 31-декабрында презентациясы болгон чыгарма, аз убакытта болгон музыкалык чарттарда лидерлик сапка чыккан да, 15 жаштагы Ваня Дмитриенконун аты жаңы жылдыз катары жаңыра баштаган.
2021-жыл Дмитриенконун жылы болду. Орусиянын көптөгөн телеканалдарындагы абройлуу шоу-берүүлөрдүн жылдызына айланды, Хабиб, Григорий Лепс сындуу музыканттар менен дуэт жаздырды. Эң негизгиси 16 жашында “Алтын граммофон” статуэткасын алып, бул сыйлыкты алган эң жаш музыкант катары аты жазылды.
Краш
Жаш, бирок краш Ваня. Өзү сөзүн, обонун жазат ырларынын. Кошумча башка ырчыларга да жазып берет. Сериал-тасмаларда анын калемине, үнүнө таандык саундтректерди (“Плакса”) укса болот. Угармандары андан дебюттук альбомду көпкө күтүштү окшойт. Канча жылдык эмгектерин чогултуп, иргеп отуруп 2023-жылы гана «Параноик» аталышы менен чыгарды.
Баса, ырчы мырзада актёрдук да өнөр бар, «Олег», «Родком» жана башка сериалдарда роль ойногон.
2022-жылы чыккан «Танцы со звёздами» шоусуна бийчи катары катышкан. Андан сырткары «Битва поколений», «Моя мелодия», «Маска», «Конфетка» жана башка атактуу шоу-берүүлөрдүн катышуучусу.
Жүрөгү бош эмес
Көп кырдуу талант ээсинин сүйүү талаасында жаңылыктар бат-баттан алмашып турат. Ананчы, миллиондогон өспүрүмдөрдүн сүйүктүү ырчысы, краш болгон жигиттин жанында болгусу келген сулуулардын да саны көп. Ваня өзү 15 жашынан баштап эле ага кыздар үйлөнүп, балалуу болуу сунушун айта баштаганын билдирет. Алгач ал “Open Kids” тобунун ырчысы Лиза Костякина менен мамиле түзүп баштаган, бирок Киев – Москва аралыгындагы мамиле 3 айга гана жеткен.
Андан кийинки сулуулардын тизмесине токтолсок: блогер, ырчы Валерия Локтионова, блогер Саша Айс. Бул сүйүү романдары да көпкө узабады.
Учурда ырчы мырзанын жүрөгүндөгү бийкечтин аты – Анна Пересильд. Экөө «Цветаева» ырынын клибин тартуу учурунда таанышкан. Кыз 15, жигит 19 жашта болчу. Алгач мамилелерин жашырып жүргөн жаштардын артынан камералар түшүп, бир нече ачыкталган фото-видеолордон кийин “бактылуу” экенин айтышты.
Дмитриенко болсо дагы да чыгармачылыктын үстүндө кызуу иштөөдө. Жаңы ырлар, клиптер, альбом, ал катышкан берүүлөр жана башка.
Асыл Орозбекова