Күндөлүк (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Ал кыз чыгып кеткенден кийин Айым жаныма чуркап келип, мени кучактай бетимден өөп “Сен азаматсың! Бирөөгө жакшылык кылсаң, кылган жакшылыгың эртеби-кечпи бир күнү сага тоодой болуп кайтып келет” деди. Билбейм, негедир бул кызга ичим жылып, ак көңүлдүгүм кармап кетти. Кудайым менин көздөрүмдү дагы ушул кыздыкындай сүйүнүчтөн, сүйүүдөн жайната көр деп тиленип жибердим. Ал күнү андан башка кардар болгон жок. Айым экөөбүз сүйлөшүп, ичиндеги бүтпөй калган жерлерин оңдоп-түзөө менен алек болуп кеч кирди. Кеч үйгө кеттик. Түнү менен Айым экөөбүз сүйлөшүп, сырдашып чыктык.

– Эмне кылайын? Бир оюңду айтчы?- дедим.

– Сен кандай кыз болсоң да, мен үчүн эң жакын курбум бойдон кала бересиң. Ошону унутпа. Акбар менен эртеби-кечпи мамилеңди баары бир үзөсүң. Ал айдан ачык. Бул жашооңдун келечеги жок. Мансурдай бала – сенин теңиң. Мен сага башында эле айтчумун. Акбарга бир ооз айтып көр, "мен жаш кызмын. Жаштыгым кете электе күйөөгө тийип, өз бактымды табайын, мени коё бер" деп. Митаам эле киши го. Ойлонсо керек. Болбой бара жатса келген сайын болбогон нерсе үчүн уруш-жаңжал чыгара бер. Тажасын. Бир гана Мансур жөнүндө ага айта көрбө. Сезип калбасын. Билип калса, ал аны жок кылууга чейин деле барат,- деп мени ойго салды. Анын айтканын туура көрдүм. Мансур өткөнкү күнгө таарындыбы, айтор, чалган жок. Өзүм эртең чалайын дедим. Таң атып Айым окуусуна, мен жумушка кеттим. Айым окуусунан соң мага келип жардамдашат. Киши жок, түшкө чейин отурдум. Бир убакта эшиктен бирөө кирип келди. Сүйүнүп карасам эжем турат босогодо. Сагыныптырмын... Тез жетип барып моюнуна асылдым. Ал менин бети-башымды өпкүлөп жатты. Сагыныптыр мени. Бир топтон кийин сүйлөшүп отурдук. Байкем “жолукпа, акылы болсо өзү басып келет” деген экен. 

– Ага болбой чыдабай өзүм келип алдым. Кантип жалгыз боорумдан кечейин? Жакшы көрөм сени,- деди. 

– Бүгүн үйгө келип жатып кетчи. Жездең дагы сурап жатат, "балдызымдан кабар жок го" деп. Коркпо, биз ага сен жөнүндө эч нерсе айткан жокпуз. Ал бир гана бир туугандар арасында калат, сиңдим. Эмне болдуң? Ойлондуңбу?- деди эле ойлонбостон: 

– Эжеке, мен туура эмес кылдым окшойт. Акбар менен бүтүрөйүн деп жатам. Жигитим бар. Жаш, мен теңдүү бала. Жакшы көрүп калдым аны,- деп, айтор, акыркы жаңылыктарымдын баарын айтып бердим. Эжем абдан сүйүндү. 

– Жөжөм менин! Туура, ошол аялы бар кишиден колуңду үзчү. Жигитиңди чакыр үйгө. Биз көрөлү, коноктойлу. Бүгүн кел үйгө. Мен сени күтүп алам,- деди. Жаным жай алып, кубанып калдым. Эжем кетти. Мансурга чалсам албай койду. Тынчсыздандым. Көп өтпөй Айым келип, экөөбүз бул кечти дагы кардарсыз өткөрүп, көңүлүбүз чөктү. Кеч кирип жумуштан чыгып, эжемдин үйүнө жол тартканы жатканбыз. Айымды дагы алып алгам, жалгыз үйдө коркпосун деп. Салондон чыгып бара жатсам, баягы Ысык-Көлгө минип барган Лексус жаныбызга келип токтоп калды. Ичинде жаным Мансур, жылмая “отургула, кеттик” деди. Унаага отуруп алып, мен аны Айымдын көзүнчө уялбастан эле өпкүлөп жаттым. Ичимден кыжалат болуп, жаман нерсе болуп кетчүдөй акыбалда турдум эле. Анын жүзүн көрүп баягы кыжалатчылык заматта тарап кетти. "Эмнеге чалсам албадың?" десем, “иштер болду, шашпай айтам” деп тим болду. Таң калганым, классикалык костюм кийип алыптыр. Мен аны тааныбай турдум. Түз эле эжемдин үйүнө айда дедим. Келдик. Мансур көпкө толкунданып отуруп, айла жок кирди. Жездем менен эжем жаркырап-жайнап тосуп алышты. Кандай сонун кеч эле. Жакын адамдарым менен бир стол үстүндө каткырып, күлкү-шаң менен бири-бирибизди сыйлай, сен ал, сиз алыңыз деп тамактарды түртүшүп отурган мүнөттөр ушунчалык жагымдуу болуп жатты. Мансур үйдөгүлөргө жакты. Ананчы? Ал идеалдуу мырза эле. Өзгөчө жездеме жакты көрүнөт, аны улам эле сөзгө тартып, "бажа болот турбайсыңбы" деп тамашалап жатты. Эх! Бул кеч эсимде калды. Бирок дагы да унутуп калбайын деп сенин барактарыңда калтырып жатам. Мансур кетейин десе болбой, түндө ээн жүрбөш керек деп эжем менен жездем алып калышты. Эжем бир бөлмөгө кыздарга, экинчи бөлмөгө эркек балдарга төшөк салып берди. Ортобузду жалгыз дубал бөлүп турса да, Мансур бул түнү СМС аркылуу өз сырын айтып мени таң калтырды. Билесиңби? Мансур өзү башында көрсөткөндөй деле жөнөкөй бала эмес экен. Кадыр-барктуу, тың жашаган эле үй-бүлөнүн баласы экен. Ошол... Эч эле жөнөкөй бала сыяктанбайт эле да. Жөнөкөй адамдан ал көптү билгендиги менен болсо да айырмаланчу. Чет өлкөдөн окуп келгенине аз убакыт болгондо мага жолугуп калыптыр да. Анын аң-сезими, ой жүгүртүүсү башкача экенин башында эле байкагам. Толеранттуулукту, эркиндикти баалаган өлкөдө көпкө жашап калгандыгына байланыштуу болсо керек. Куруучу эмес, окуусун аяктап келген соң курулуш фирмасын ачып, бүгүн чоң бир долбоорду канча деген майда жана чоң компаниялардан суурулуп тендерден утуп алыптыр. Ошол үчүн чалбай жатыптыр да. "Эмнеге жашырдың менден?" десем, “чет жерде жүргөнүмдө бир чайка кыз менен сүйлөшүп көңүлүм калган. Жөн гана менин материалдык байлыгымды эмес, өзүмдү жактырган кыз тапкым келген. Анан сен жолугуп калдың... Жактырып турсам да, башында сенден абайлап, текшерип көрүүнү чечкем. Бул мен үчүн оңойго турган жок. Кайсыл күнү өзүмдүн айткан калптарымдан адашып кетер экем деп коркуп жүрдүм. Бирок жакшы көрүп калдым” деп оозумду ачырды. Мына сага... Эми такыр уйку жок. Кантип сезген жокмун? Өзүмдү түлкүмүн деп ойлоп жүрсөм...

 

xxx

 15.11.ХХХХ. Жанымдын жыргалы болгон Мансурду эч жанымдан коё бергим келбейт. Чындап сүйдүм аны. Алоолонгон денесине жуурулушуп, бир бүтүн болуп кетүүдөн да кайра тартпайм. Анын ар бир кыймылын, көзүн ирмегенинен баштап, кадам таштаганынан бери жүрөгүмдө сактап калгым келет. Корком, урушуп кеткенден корком, андан ажырагым келбейт. Ар бир коркунучтуу себептен корком, кайсыл бир күнү келип менден сүйүүмдү сууруп кетет деп. Акыркы күндөрүм коркуу сезими менен өттү го. Мындан аз убакыт мурун Мансур бир азга салонго келип кетти. Акыркы күндөрү иштери көп, жолуга албай жатабыз. Кучак жайып тосуп алдым. Адаттагыдай салондо бир да кардар жок. Күндөн күнгө маанайым чөгүп бара жатат. Бош убакытта Айымга чач жасоону, кыркууну үйрөтүп жатам. Кийинки ай кредиттин төлөмдөрү келе жатат. Ал убакытка чейин иштеш керек эле. Ии, Мансур жөнүндө жазып жатпадым беле... Келери менен эле моюнуна оролуп, алдына отуруп алдым. Эркелегим келди негедир. Мени сагынганын кулагыма шыбырап жатты. "Ойлонбо, мен чогуу иштеген балдарымдын кыздарын же келинчектерин сенин салонуңа алып келгиле деп айтам. Баары жакшы болот" деп мени жоошутуп койду. Адатынча самса ала келиптир. 

– Сени десе, жакшыраак нерсеге акчаң жеткен жок да, ээ?- деп тамашаладым. 

– Мен сени самсага көндүрүп койбодумбу? Ушул бойдон эле кетсин эми,- деп тамашага салды ал дагы. 

– Кээ бир күндөрү сага жакшы белектерди бергим келип, ресторандарга алып баргым келчү. Алдап койгонумдун азабын тартып, унчукпай туруп калат элем,- дейт. Мен ага ишендим. Көп өтпөй ал кетти. Кетип бара жатып “бир күнү экөөбүз бир жакка барып келебиз” деп кетти. Артынан карап эле кала бердим. Айым экөөбүз аркы-беркини сүйлөшүп отурганбыз. Бир убакта эшиктен эки сулууча келген кыз кирип келип, бизге бир чоң баштык сунушту, “эжем сиздерге кешик берип жиберди” деп...

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1193, 24-30-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан