Өз аты-жөнү – Анжела Ян. Бирок көпчүлүккө Анжела Бейби псевдоними менен таанымал кытайлык актриса, модель жана ырчы тууралуу кеп кылабыз. Өспүрүм кезинен башталган чыгармачылык карьерасы бирде бийиктикке умтулуп, бирде коомчулуктун “бойкотуна” кабылып артка кеткен күндөр болду. Назик айым кыйын күндөрдө күчтүүлүгүн далилдеп кайрадан сахнага кайта алды...
Толук аты-жөнү: Анжела Ян Ин
Псевдоними: Анжела Бейби
Туулган жери: Шанхай, Кытай
Туулган жылы: 1989-жыл, 28-январь
Жылдыз белгиси: балык
Бою: 167 сантиметр
Салмагы: 45 килограмм
Кесиби: актриса, ырчы, модель
Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Жылмаюу дүйнөнү багынтат”, “Генерал жана мен”, “Сен менин күнүмсүң”, “Уурдалган колукту”, “Кудайлар Лигасы”, “Колуктулардын согушу” жана башка
Белгилүү ырлары: “Beauty Survivor”, “Love Never Stops”, “Everyday’s A Beautiful Story”, “Can We Smile Together” жана башка
Гонконг-Шанхай-Гонконг
Гонконг-Шанхай-Гонконг. Анжеланын балалыгы, жашоосу ушул эки шаарга байланган. Гонконгдо төрөлгөн, бирок балалыгы Шанхайда өттү, 9-классты аяктагандан кийин кайрадан Гонконгго келишкен. Ошондон бери жашоосунун көп бөлүгүн Гонконгдо өткөрүп, карьерасы да ушул аймакта өнүккөн. Атасында кытай жана немистердин каны бар, апасы болсо кытай улутунан. Чыгармачылыктагы карьерасы моделдиктен башталды. Буга себепчи атасы эле. Ал Гонконгдо модага байланыштуу бизнес алып барган корпорациянын жетекчиси болчу. Тагыраагы, кийимдер брендинин ээси, кийимдер саткан дүкөндөр желесин башкарчу. Анжела болсо атасынын жумушуна барып, күзгү алдында тегеренип кийимдерди кийип көрүп, жаңы образдарды ойлоп таап, мода дүйнөсүндөгү бардык жаңылыктардан кабардар эле.
Түркүн өнөрдүн ээси
Фешн-индустрияга 13 жашында баш баккан. Курбулары менен тамашалашып отуруп сүрөттөрүн мода агенттикке жөнөтүп жиберишет. Дароо чакырык келип, өспүрүм кыз Style International Management моделдик агенттиги менен келишим түзүп калган. Мода индустриясында иштөө үчүн псевдоним менен чыгуу ыңгайлуу эле. Мектепте окуп жүргөндө классташтары аны эркелетип “бейби” деп чакырышчу. Өз атына ошол "бейби" сөзүн кошуп, Анжела Бейби болуп подиумга чыккан.
Киного болсо 2007-жылы келди. “Ачык-айкын нерселер” аттуу комедияда эпизоддук ролго тартылган. Андан кийинки ролдору деле чакан, экинчи пландагы каармандар болду. Алгачкы жолу баш каармандардын биринин ролуна 2011-жылы жеткен, “Лав Ю-Ю” деген романтикалык комедияда. Ал эми 2012-жылы “Биринчи жолу” сериалына тартылган актрисага “Көптөн үмүттөндүргөн актриса” наамы буюрган. Андан бери ондогон тасма-сериалдардын көркүн ачкан Анжела Бейби дүйнөгө таанылуу кыялына да жетти окшойт. 2015-жылы эл аралык деңгээлге чыгып, “Хитмэн: Агент 47”, «Көз карандысыздык күнү: Кайра жаралуу» сыяктуу Голливуд тасмаларына да тартылган.
Анжеланы тааныгандар анын назик үндүү ырчы экенин да жакшы билишет. Алгачкы жолу сингапурдук ырчы Жей Жей Лин менен биргеликте “Лав Ю-Ю” сериалына ОСТ катары “Bottom of the Heart” аталышындагы дуэт жаздырышкан. Азыр анын ырчылык капчыгында он чакты чыгарма бар.
Үн коштойт. “Рапунцель” мультфильминин кантон тилиндегисинде Рапунцелдин үнү Анжелага таандык.
Социалдык тармактарда активдүү, миллиондогон катталуучулары бар. Күйөрмандары Анжела Бейбини кытайлык Ким Кардашьян деп сүрөттөшөт.
Ак менен кошо жүргөн кара
Ак менен кара ээрчишип жүрөт деген чын, Анжела Бейбинин чыгармачылыгындагы “кара” окуялар тууралуу да учкай кеп болсун. Жаңыдан көпчүлүккө таанылып жүргөн учурда интернет желесинде “пластикалык операция жасаткан” деп күнөөлөгөндөр көп болгон. Актриса айым бул маалыматтын жалган экенин далилдөө максатында түз эфирде атайын пластикалык хирург чакыртып, табигый келбетке ээ экенин билдирген. Ал эми “операция жасаткан” деген сөз чыгарган клиниканы сотко берген.
2023-жылкы конфликт аны бир топ түйшүккө салды окшойт. Жалпыга маалымдоо каражаттарында Анжела Бейби Парижде BLACKPINK тобунун ырчысы Лиса өткөргөн +18 шоуго катышкан деген маалымат тараган. Шоу өткөн жай актрисанын бул кечеде болбогонун айтканына карабай, анын социалдык тармактардагы баракчалары блоктолуп, алдын ала тартылган жаңы жылдык берүүлөрдөгү номерлер кыскартылып кеткен. Ошону менен бир канча убакытка анын чыгармачылыгы тыным алды. Бул “бойкоттон” актрисаны 2024-жылы чыгарышты, тагыраагы, баракчалары блоктон чыккан. Жарым жылдан кийин “Менин эсимде” аттуу тасма менен кайрадан экранга кайтты.
Бир уулдун апасы
2010-жылы Анжела актёр, ырчы, модель Хуан Сяо Мин менен кыз-жигит экендиги тууралуу кептер айтыла баштаган. Жеке жашоосун сыр туткан белгилүүлөр 6 жыл сүйлөшүп жүрүп, 2014-жылы гана мамилелерин ачыкташкан. Болгондо да Анжеланын туулган күнүнө бир нече миллион доллар турган автоунаа белек кылуу менен жар салды окшойт белгилүү мырза. 2015-жылы болсо Кытай тарыхындагы масштабдуу үйлөнүү үлпөт тойлорунун бирине айланды экөөнүн тою. Колуктунун нике шакеги Chaumet брендине таандык, баасы 1,6 миллион АКШ доллар болгон. Кытай ЖМКларынын маалыматына ылайык, тойго жалпысынан 31 миллион доллардан ашуун каражат сарпталган. Шоу-бизнестеги белгилүү түгөйлөр 2017-жылы уулдуу болуп, баары жакшыдай сезилип жаткан. Бирок ортолорун кайсы кара мышык аралаганы белгисиз, 2022-жылы ажырашып кеткенин жар салышты.
Асыл Орозбекова