Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Самат Кыргыз (Абдырахманов) бокс дүйнөсүндө аты таанымал инсан. Маекте бокско кантип келип калганы, үй-бүлөсү жана жашоосу тууралуу айтып берди. Баса, бийкечтердин кулагына күмүш сырга болсун... Самат мырзанын учурда жүрөгү бош, кандай кыздар жагары тууралуу да сурадык. “Жараткандын маңдайга жазганы бардыр” дейт ал.
АНКЕТА
Туулган жылы, күнү – 1999-жыл, 19-март
Туулган жери – Кыргызстан
Бою – 188 сантиметр
Салмагы – 77 килограмм
Спорт түрү – муштум мушташы
Клуб, лигасы – Hardcore Fighting Championship
Кесиби – профессионал мушкер
Жетишкендиги – Hardcore FCнин Гран-при ээси (2022)
– Самат мырза, кандайсыз? Кайсы жердин кулуну болосуз? Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз...
– Жакшы, рахмат! Ата-тегим Ош жергесинен, тагыраагы, Ноокат районунан. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын үчүнчүсүмүн, эки эжем жана иним бар. Ата-энем спорттон алыс адамдар, бирок мени ар дайым колдоп келишет. Иним дагы баарыбыздын каршы болгонубузга карабай учурда бокс менен машыгып жатат. Каршы болгонубуздун себеби – бокс спорттун абдан оор түрү, кыйынчылыгы көп. Бирок көнбөй койду.
– Самат Кыргыз деген ысым сиз үчүн жөн гана каймана ат эмес, символ болуп калды окшойт. Бул ысым качан, кантип тандалды эле?
– Бул менин балалыктан берки кыялым десем болот. Кыргызстанда төрөлүп, бирок жашоо-шартка байланыштуу Орусияда өсүп калдым да. Негедир дайыма өлкөмдү чет элдиктерге тааныткым келе берчү. Ошон үчүн “САМАТ КЫРГЫЗ” деген лакап атты тандап алгам. Кайда жүрбөйүн, элим мени менен, мен элим менен дегендей. Мааниси зор мен үчүн.
– Чет өлкөдө жашап Кыргызстандын атын алып жүрүү – бул чоң жүк, жоопкерчиликпи?
– Албетте, бул чоң жоопкерчилик. Анан чоң сыймык дагы. Мен өзүмдүн эле эмес, өлкөмдүн атын кошо алып жүргөндөн кийин өзүмдү дайым ошого жараша татыктуу алып жүргөнгө аракет кылам.
– Максаттар орундалып баштадыбы? Кичинеңиздеги кыялдардын канчасына жеттиңиз?
– Канчасына жеттим, так билбейм. Саматтын бокстогу жолу 12 жашында башталган. Бүгүнкү күндөгү Самат ошол кичинекей баланын кыялдарын орундатып, алдыга дагы чоң максаттарды коюп келет. Күнүмдүк жашоо, тынымсыз машыгуулар... 12 жашка чейин бир аз тентек бала болгонум үчүн ата-энемди эки күндүн биринде мектепке чакыра беришет эле (күлүп). Ошондо ата-энем менин ашып-ташкан энергиямды башка, пайдалуу нукка бурууга аракет кылып бокско алып барышкан. Бала кезде кээде көчөдө мушташып кетсек, азыр машыгуу залы жана рингден башка жерде күч колдонбойбуз. Балалыкта көп нерсеге маани бербеген үчүн шок болот экенбиз да, азыр болсо ар бир кадамыбызды калчап басып калбадыкпы.
– Рингге чыкканда чар-жайыт ойлор келип алаксыткан учурлар болобу?
– Рингде сезимталдуулукка орун жок. Эгер рингге чыгардын алдында же чыккандан кийин өзүңдү саналуу секунддарга эле бош таштап, башка ойлорго алаксый турган болсоң, бул сага жеңилүү гана эмес, оор жаракат дагы алып келиши мүмкүн. Андыктан рингге чыгарга жакын же чыккандан кийин өзүңдүн сезимдериңди көзөмөлдөйсүң, буга башынан эле үйрөнөсүң. Рингге сөзсүз жеңишим керек деген бир гана максат, ишеним менен чыгасың.
– Рингдеги шамдагай, сүрдүү Самат, кадимки жашоодо кандай адам?
– Билбейм (күлүп). Муну менден эмес, тегерегимдегилерден сураш керек го дейм. Токтоо, ызы-чуудан алысмын десем болот. Өзүмдү атайын анализдеп деле көрбөптүрмүн, ага убакыт деле болбойт окшойт менде.
– Жаш мушкерлер үчүн үлгү болуучу адамсыз. Ал эми өзүңүз кимди үлгү тутасыз?
– Чынын айтсам, эч кимди деле кумир тутпайм. Кичинемде бокс дүйнөсүнүн таанымал жүздөрүнүн бири болгон Мухаммед Алини карап суктанар элем. Бирок эч качан ошого окшошоюн же окшошууга аракет кылайын деген эмесмин. Анткени ар кимдин өз жолу, өз жашоосу бар да. Беш манжабыз бири-бирине окшобойт, бул дүйнөдө эмнеге биз бирөөгө окшош болушубуз керек, туурабы?
– Туура. Ар бир жеңиштин артында далай машыгуулар, кыйналуулар турары анык. Кайсы атаандашка каршы туруу абдан оор болгону эсиңиздеби?
– Негизи эле бокс – бул спорттун абдан оор түрү. Бир жеңишке жетүү үчүн айлап, жылдап машыгасың, бирок бир жаракаттын айынан баары бүтүп калышы мүмкүн. Ал эми мен үчүн беттешүү оор болгон атаандаш “Леко” каймана аты менен бокс дүйнөсүнө белгилүү Лендруш Акопян десем болот. Аны менен 2022-жылы 26-июнда Москвада өткөн Hardcore Fighting Championship турниринин Гран-приси үчүн финалдык таймашта кездешкем.
– Сизди “Кыргыздын Флойду” дешет (ред.: мушкер Флойд Мейвезерге окшоштуруу). Мындай салыштыруулар жагабы же тескерисинче, басым жаратабы?
– Мындай лакапты мага Москвадагы биринчи профессионалдык беттешимден кийин ошол жактагы комментаторлор берген. Бирок мен ошондо да айткам, азыр дагы айтам, мындан кийин дагы айтмакчымын: “Мен Флойд эмесмин, мен Самат Кыргызмын”. Албетте, мушкер катары Флойд Мейвезерди сыйлайм, бирок өз жолум менен, өз атым менен таанылгым келет.
– Кайсы учурларда өзүңүз менен күрөшүү рингдеги каршылаш менен күрөшүүдөн кыйын болот?
– Албетте, өзүм менен күрөшкөн учурлар болот. Мисалы, уйкудан калып чарчап турган убактарда. Андайда бүгүн машыкпай эле койсомбу, бир аз эс ала турсамбы, досторго же жакындарыма жолугуп эс алсамбы деген сыяктуу ойлор келет. Бирок бул күрөштө азырынча жеңиле элекмин (күлүп).
– Кыргыздын жаш улан-кыздарына кандай кеңеш айткыңыз келет?
– Жаштаргабы? Окуу, окуу жана окуу демекмин. Спортчу болууну максат кылып машыгып жатсаң дагы, башка иштер менен алектенип жүрсөң дагы, баары бир окууну алардан өйдө кой деп кеңеш айтат элем. Анткени билим – бул биздин келечегибиз. Адам акыл-эсин өстүрбөсө, эч бир тармакта ийгиликке жете албайт, менин оюмча. Андыктан билим алууга, дүйнө таанымды өстүрүүгө олуттуу көңүл буруш керек деп эсептейм. Бекеринен “билимдүүгө дүйнө жарык” деп айтылган эмес да.
Асел Нурбекова