#Притча
Даанышман адам бир бактын көлөкөсүндө эс алып отурат. Аңгыча бир нече адам ал жакка бет алышат. Алар дайыма даанышмандын айткан акылына каршы күрөшкөн атаандаштары экен. Келгенден кийин бири туура эмес ойлорду таратып жатканын айтса, экинчиси анын карып, алжып баратканын айтат. Даанышман болсо алардын сөзүн музыка уккандай кунт коюп берилип угат. Жооп жоктугунан улам ортодо ыңгайсыз тынчтык өкүм сүрүп калат. Чыдабай кеткен адамдардын бири:
– Эмне унчукпайсың? Же биз сен тууралуу айтып жатканыбызды түшүнгөн жоксуңбу?
– Эмнеге түшүнгөн жокмун, түшүндүм. Болгону унчукпай укканда гана кимдин ким экенин талдап билгенге болот. Мени жамандайсыңарбы, тилдейсиңерби – бул силердин эркиңер. Ал эми силердин акылсыз сөздөрүңөрдү кабыл албоо – менин эрким. Мен бул баасы, орду жок сөздөрдү кабыл албайм. Өзүңөр ала бергиле,- дейт.
“Азыр бизге каршы сөз айтса, баарылап аны талап жейбиз” деп даярданып турган немелердин оозу ачылып, эмне дээрин билбей отуруп калышат. Алардын сөз таппай калганын байкаган даанышман жылмайып:
– Силердин сөздөрүңөр менин эч жеримди ооруткан жок, жашоомду өзгөртпөдү, көңүлүмдү да калтырган жок. Эгер чындап салмагы бар сөз айтып көңүлүмдү оорутсаңар, колумдагы таягым менен бая эле башка чапмакмын,- деген экен.
Демек, башкалардын сиз тууралуу айткан ушак-айың кебине маани берип, көңүл оорутуунун кереги жок. Ал сөздөр сиздин жашооңузду өзгөрткөн жокпу, демек, ал мааниси жок сөздөр.