(Башы өткөн сандарда)
Өткөндөгү биринчи кардарым берип жибериптир. Жылмайып гана кабыл алдым. Анан ал кыздар да эжесинин мени мактаганын айтып, "бизди дагы үйрөтүңүз" деп келишиптир. Айымды бир карап макул болдум, анан айттым “мен силерге бекер үйрөтөм, бирок силер да мага жардам бересиңер. Кардар чакырып, анан үйрөнүп калсаңар мени менен иштегенге кандай карайсыңар? Адам келип, акча түшө баштаганда айлык кылып берем” дедим ишеничтүү. Жаш кыздар экен, сүйүнүп сунушумду кабыл алышты. Ошентип кеч кирип, Айым экөөбүз үйгө кирип бардык. Унаамдан түшүп, дарбазаны жабайын десем бир бала колумдан кармай калып, “жүрсөң, сүйлөшчү сөздөр бар” деп мени тартып кетти. Айым үйгө кирип кеткен. Делдеңдетип жетелеп бир унаанын жанына алып барып коё берди. Коркуп, эмне болуп кетер экен деп турсам, машинанын ичинен Акбардын аялы чыга келди! Жүрөгүм оозума тыгылып калайын деди. Коркуп турсам да, сыртымдан билдирбегенге аракет кылдым. Мени тикчирейип баштан аяк карады. Мурда бул аялдын жүзүн гезит беттеринен гана көргөм. Сулуу аял экен. Бирок кеп анда эмес. Ичимде ошол 2 мүнөттүк жымжырттыкта эмнелер гана болгон жок, кандай гана ойлор жеген жок. Айымдын айткан сөзүн эстеп кеттим: “УШИНТИП ЭЛЕ ӨЛҮП КАЛАМБЫ?” Чынында өлтүрүп кетет деп ойлодум. Анан көпкө мени сынай тиктеп сөз баштады.
– Акбардын ойношу сен турбайсыңбы?- дегенде денемди калтырак басып кетти. Бул күн келмек. Мен билгем. Унчукпай туруп бердим.
– Унчуккан жоксуң, демек, чын экен да. Үй-бүлөсү бар экенин да билесиң, ээ?! Бети жок, шуркуя... Айтчы, сендейди кандай эне төрөйт?! Ммм... Ким энең? Чачыңдан сүйрөп алып барайын...
– Мени күнөөлөгөндөн мурун Акбарды тыйып ал. Мени азгырган. Артымдан кууп жүрүп көңүл бурдурткан. Аялым жок деп карганган!- деп жооп бере баштаганда жаакка бир чапты! Көздөн жашым агып кетти. Бул убакка чейинки эжемдин уруш сөздөрү бул нерсенин алдында май болорун эми сездим. Ушунчалык өзүмдү ал аялдын алдында төмөн сезип кеттим! Ошого карабай, жаш алган көздөрүм менен анын көздөрүн тике карап турдум.
– Ушул убакка чейин мага эч ким кол көтөргөн эмес. Сага дагы уруксат бербейм!- дедим ызалана.
– Мен уруксат сурабайм. Ким мага зыянын тийгизсе, менден аны эки эселеп алат. Шуркуя десе! Бирөөнүн бактысынын үстүнө бакыт курам деп жатасыңбы? Ыя?! Бети жок!- деп дагы бетке 3-4 жолу чаап жиберди. Баягы эр жүрөк кыз жок. Күчтүү аял экен. Эч нерсе кыла алган жокмун. Ыйлап гана туруп бердим.
– Жүр азыр мени менен. Өзүм сууга чөктүрүп келем. Сен үчүн менин 20 жылда араң курган үй-бүлөм ураганы турат!- деп мени чачымдан сүйрөп кетти. Тырмышып жатам, ургуланып жатам, кыйкырып да жибердим. Бир убакта Айымдын чыңырган үнү чыкты. Артымды карасам, аны жанагы жанында жүргөн эки дөөдөй болгон жигит көтөрүп алып калышты. Мени Акбардын аялынын балдары көтөрүп кайдадыр алып кетип жатышты. Бир убакта бирөөсү “токтой турчу” деп жигиттерди токтотуп, мурдумду бир чүпүрөк менен басты. Эсим ооп калыптыр.
Таң жаңы агарып жатканда бир көлмөнүн жээгинде ойгондум. Жылаңач... Бети-башым тытылган, башым сынып кетчүдөй ооруп. Көптөн кийин эсиме келип, баарын эстеп алып өпкө-өпкөмө батпай ыйлап жибердим. Өкүрүп да, өкүнүп да жаттым. Көлмөнүн жээгинде бир мен гана. Ушул жашоо керек беле мага? Өлдүм деп ойлогом, тирүү экенмин. Ал жерде көпкө шолоктоп ыйлап отурдум. Канча убакыт өткөнүн билбейм, турууга аракет кылып жатсам, жанымда ташка бастырылып бир кагаз туруптур: “Сендей ата-энеси жок кыздарга кайрымдуулук кылып келчүмүн ушул убакка чейин. Сенин тирүү калганың – менин сага кайрымдуулугум деп бил. Менин үй-бүлөмдөн алыс жүр. Кайталанса, оо дүйнөгө кетесиң!” деп жазып калтырыптыр. Жанында уюлдук телефонум турат. Дароо Акбарга чалдым. Бул кебетем менен Мансурга чала албайт элем. Аны бул ишке аралаштыргым келбейт. Албаганынан “Кош бол, экинчи менин тынчымды алба” деп СМС жөнөтүп жибердим. Айлананы карасам эч ким жок. Жылаңач денеме бир көз жүгүртүп, өзүмдөн жийиркенип кеттим. Бир аз бассам, трасса көрүндү. Уятымды унутуп, денемди колдорум менен жаап алып машина тостум. Менин бактыма бир аял киши жолукту.
– Жүр, милицияга барабыз,- дейт.
– Жок, алар мени өлтүрүп салышат,- деп ыйладым. Боору ачып, мага машинасынын ичиндеги пледди берип, үйүмө алып келип койду. Мага аябай боору ачып карап, башын чайкаган бойдон кетти. Мен кирип бардым үйгө. Эч ким көрүнбөйт. Биринчи эле оюма Айым келди. Ал байкушум эч нерсе болбосо экен дедим. Үйгө барып жуунуп чыккан соң кечке Акбарга чала берип аны “тыттым”. Бир убакта өзү чалды. Аларым менен ыйлап жибердим. Баарын айтып, “экинчи жолобо мага, сени жек көрөм. Жолубуз башка эми. Аялың мени өлүм менен өмүрдүн ортосунда калтырды. Мен сен үчүн өмүрүмдөн айрылгым келбейт. Бүтүрөм!” деп кыйкырдым да, телефонду өчүрүп койдум. Көпкө чалды. Андан соң Мансур чалды, ага да жооп берген жокмун. Себеби мен анын үнүн укканда өзүмдү кармана албай ыйлап жиберет элем. Ал сезмек. Бирок ошол убактан жыйырма мүнөт өтүп-өтпөй Мансур үйгө атырылып эле кирип келди. Артынан эле Айым жана жигити баш багышты. Айымга биринчи жолу катуу жиним келип турду. Мансур келип эле мени кучактап, бети-башымды кылдаттык менен карап кирди.
– Кимдер алар?! Эмне кылышты? Айт бол! Түбүнө жетем, айт!- деп болгон жини менен өктөм сүйлөп жатты.
– Баары жакшы. Курсташтарым тамашага салышыптыр,- деп кантип айтып жибергенимди да билбей калдым.
– Тамашага?! Айт чыныңды, менден жашырба,- деп ишенбей туруп алды.
– Чын, сага кантип жалган айтмак элем...
– Акылы айныгандарбы? Алар каякта азыр? Берчи номерлерин, сүйлөшөйүн. Түндө Айым чалганда жүрөгүм түшүп калды, сен тамашага салды дейсиң. Берчи номерлерин? Ким экен алар тамашага салгыдай,- деп ызырынып алды. Айымды жаман көздөрүм менен карап өттүм. Бир аздан кийин токтолуп калып, менин беттеримден өпкүлөп, маңдайымдан сүйүп:
– Жаным, мага турмушка чыкчы. Бирге бололу. Өзүм коргоп жүрөм сени. Эч ким сага баш көтөрүп сүйлөй албай калат. Айым менен кайсы жерлерди гана издеген жокпуз. Нерв болдум. Сага тийишкен жокпу? Баары жакшыбы? Алтыным менин, турмушка чыгасыңбы мага? Менин жубайым болосуңбу?- деп мага жылмая жооп күткөнсүп тиктеп калды. Акырын гана “ооба” дедим. Сүйүнүп кетип, мени кучактап туруп калды.
– Менин азыр зарыл жолугушуум бар. Бүтүрүп алып эле сага кайра жетип келем. Уктуңбу? Үйдө бол. Эч жакка барба, ээ?- деген бойдон коштошо чыгып кетти. Айымдын жигити да кошо чыгып кетти. Алар кетери менен Айымды жаакка бир чаптым!
– Эмнеге айтасың?! Билип калса эмне болот? Билесиң го жашырып жүргөнүмдү. Же бактымды көрө албай жатасыңбы?- деп Айымга атырылдым.
Менден мындайды күтпөгөн курбум да мага бир тийди.
– Кечинде сени көтөрүп кетишкенде жүрөгүм оозума кептелип калды. Канчалык коркконумду билесиңби? Өзүмдүн жанымды да тобокелге салып, сен жакка жүгүргөндө балдар кармап калышты. Сен акмак жакшылыкты билбейт экенсиң. Айлам кеткенинен Мансурга чалдым. Сени өлтүрүп кетпесин дедим. Мага сенин коопсуздугуң керек эле. Калганы унутулат... Кандай бети жок кызсың!- деп ыйлап калды.
(Уландысы кийинки санда)