Жеке автомектептер жоюлат, айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылат

Айдоочуларды даярдоо багытында кескин өзгөрүүлөр башталганы турат. Сунушталган реформалар коомдо талкуу жаратып жаткан учур. Нааразылар да бар. 

 

Болочок айдоочулар 14 ай окутулат

Өлкөдө жеке менчик автомектептер жабылат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 3-ноябрда жаңы паспорттордун бет ачарында билдирди. Мындан ары айдоочулук күбөлүк алууну каалагандар мамлекеттик автомектептерде 14 ай окушат. Бул мөөнөт практикалык сабактар жылдын ар кайсы мезгилинде (кышында, жайында) болушу үчүн зарыл деп айтылды. Туманбаев мындай чара өлкөдөгү жол кырсыктарынын айынан сунушталып жатканын белгилейт. “Бардык жеке менчик автомектептер жабылып, мамлекеттик автомектептер ачылат”,- деди иш башкаруучу. 14 ай окутулат деген сунуш коомчулукта нааразы пикирлерди жаратты. Туманбаев мындай тажрыйба дүйнөдө бар экенин белгилеп, мисал катары Финляндиянын тажрыйбасын атады.

 

Эски күбөлүктөр жаңыланат

5-ноябрда Каныбек Туманбаев аталган тема боюнча кошумча маалымат берди. Мисалы, жарактуулук мөөнөтү жазылбаган айдоочулук күбөлүктөр 2026-жылы 1-январдан тарта алмаштырыла баштайт. Анын айтымында, 2026-жылдын январь айынан тарта эски үлгүдөгү бардык мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр жаңысына алмаштырылууга тийиш, алардын колдонуу мөөнөтү 10 жылды түзөт. Ал эми 10 жылдык болуп берилген эл аралык күбөлүктөр качан гана мөөнөтү аяктаганда жаңысына алмаштырылат.

– Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу акысыз. Эч кандай экзамендер тапшырылбайт. 2026-жылы январь айынан баштап келип алмаштырып кетсеңиздер болот. Ал эми азыркы учурда 10 жылдык мөөнөткө берилип, колдонулуп жаткан айдоочулук күбөлүк иштей берет. Эч ким аны мажбурлап алмаштыргыла деп айтпайт. Мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан жаңы айдоочулук күбөлүк ала бересиздер, ал дагы бекер берилет,- деди Туманбаев.

 

Онлайн алмаштырууга болобу?

Айдоочулук күбөлүктөрдү онлайн форматта алмаштырууга болот. Кыргызстан санариптешүүгө өтүп жатканын, анын ичинде “Унаа” ишканасы дагы толук түрдө электрондук форматка өтөрүн белгиледи Туманбаев. “Айдоочулук күбөлүктү үйдөн чыкпай туруп алууга болот. Программа даяр, жакында бет ачарын кылабыз”,- деди иш башкаруучу.

 

Жеке автомектептин ээлерине кайрылуу

Туманбаев өлкөдөгү жеке автомектептердин ээлерине кайрылып, ажиотаж жаратпоого чакырды. 

– Сиздер начар окуткан үчүн азыр жол кырсыктары көп болууда. Унаа айдай албаган жарандар айдоочулук күбөлүк алып жатышат. Программа даяр, жакында коомчулукка тааныштырабыз. Окутуунун тарифи мурунку бойдон эле калат. Онлайн форматта окууга да мүмкүн,- деди Туманбаев. Жеке автомектептер мамлекетке өткөндөн кийин азыркыдай эле иштей берери, кызматкерлер мамлекеттен маяна алары айтылды. 

 

Статистика

Расмий маалыматка таянсак, 2024-жылы Кыргызстанда 7423 жол кырсыгы катталып, андан 514 жаран каза тапты. 2025-жылдын 9 айында 9078 жол кырсыгы болсо, каза болгондордун саны 636.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1195, 7-13-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан