Эч ким кол сунбасынчы...

Күнүгө жумушка жөө барып, жөө келем. Күнүгө бир жол менен, тагыраагы, Айтматов, Манас проспектилеринде басам. Бул жолдо кимди гана жолуктурбайсың. Өзгөчө кечинде 6дан кийин жумуштан чыккан элдин агымы көбөйөт, чарчап кабак түйгөн адамдар бири-бирин түртүп өтүшөт, өзү адам батпай баратса аллеяда жалгыз кетип бараткансып маалкатып басар-басмаксан болгондор. Самокат, мопед, велосипедчендер өзүнчө тарых! Күнүгө бир ызы-чуу, сүзүп кетмей, коюп кетмей деген окуялар коштолот. Анан да сүзгөндөн кийин артка кылчайып койбой самокатын айдап кете бергеничи. Жүрөктү колго бекем кармап алып эле, “бүгүн да аман-эсен жетсем экен үйгө” дейсиң.

Ошол ызы-чуунун агымында бир өзгөрбөгөн адам бар. Тагыраагы, улуу курактагы эле ак калпакчан ата. Манас проспектисинин Бөкөнбаев-Москва көчөлөрүнүн ортосунда отурат. Башка кайырчыларга окшоп үн чыгарып, жардам да сурабайт. Ары-бери өткөндөрдү кызыгып карабайт дагы. Болгону алдына бир желим стакан коюп коёт бир аз тыйын салып. Кийингени таза, ичкендин эч белгиси, жыт-пыты жок. Анан да бир желим баштыкка гречка салып алат. Гречканы аздан чачып көгүчкөндөргө берет, алар да атанын жанынан кетпей чурулдап жүрүшкөндөй сезилет ага эрмек болуп. Колумдан келишинче тыйын таштаганга аракет кылам. Анан сурагым келе берет “ата, эмнеге кайыр сурап калдыңыз эле?” деп. Кайра жүрөк дартын козгоп аламбы деп тартынам. Бир жолу дагы өтүп баратсам бир эже менден “накталай акча бериңизчи, атага берейин, мен сизге телефондон котором” деп калды. Анан ошол эжеден сурадым “ата эмнеге кайыр сурайт болду экен, отурганына көп мезгил болду го” деп. Ал эже “кызы ооруйт экен” деди. Эх, бул да болсо тагдыр да. Бирок дагы деле ал отурган жолдон өткөн сайын ыйлагым келе берет. Эч ким, айрыкча ак калпакчан аталар, жолук салынган энелер кол сунбасынчы...

Асыл

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1195, 7-13-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан