Өз кесибин сүйгөн, дүйнө кыдырууну, жаңы адамдар менен таанышууну жактырган 27 жаштагы Кайыргүл Алибаева азыркы учурда улук борт коштоочу. Ишине жоопкерчиликтүү, мүнөзү жайдары, билимдүү жана өзүнө ишенген айым экен, кызыктуу маектештик.
– Кайыргүл айым, кайсы жердин кызысыз?
– Ата-энем Ош облусунун Чоң-Алай районунан болушат. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Бишкек шаарында төрөлүп-өскөм. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсүмүн. Авиация тармагында 2019-жылдан бери иштейм. Азыркы учурда улук борт коштоочу болуп эмгектенем.
– Ар бир учуу сайын дүйнөгө болгон көз карашыңыз өзгөрөбү?
– Албетте, өзгөрөт. Асманда жүргөндө баары башкача сезилет. Жөн эле терезени карап ойго чөмүлөсүң. Ар жолу жаңы өлкө, жаңы шаар, башка маданият көргөн сайын көз караштар өзгөрөт. Дүйнөнү мурдагыдан башкача баалап каласың.
– Учак аэропортко конгондон кийин биринчи эмне кылгыңыз келет?
– Дароо ата-энем менен сүйлөшкүм келет. Ар бир конуу кандайдыр бир жеңиш сыяктуудай сезилет.
– Учуу маалында күлкүлүү кандай окуялар болот?
– Андай окуялар көп болот. Мисалы, “ысып кеттим, терезени ачып коё аласызбы?” деген жүргүнчүлөр болот. Мындай суроо кесиптештеримдин көбүнө берилген болуш керек.
– Эң узак учууңуз канча саатка созулган?
– Эң узак учканым 7 саат. Ал Бишкек – Шарм-эль-Шейх багытындагы каттам эле. Азыр эми көнүп калгандыктан анчалык деле узак сезилбейт.
– Эсиңизде калган кызыктуу окуялар болсо айтып берсеңиз?
– Кызыктуу учур көп эле болот. Өзгөчө эсимде калганы – 2020-жылы Москва – Бишкек каттамында болгон окуя. Учуп келе жатканыбызда кичинекей кыздын ата-энеси “бүгүн кызыбыздын туулган күнү, куттуктап коёсуздарбы? Кызыбыз онкология жактан ооручу, кечээ врачтардан сүйүнүчтүү кабар алдык. Ошол ооруну жеңип келе жатабыз” деп кайрылган. Баарыбыз аябай сүйүнгөнбүз. Ошол окуя эч эсимден кетпейт.
– Эмне үчүн асманда учуп жүрүүгө байланышкан кесипти тандадыңыз — эркиндик үчүнбү же сыноо үчүнбү?
– Башында эркиндик үчүн тандагам. Кийинчерээк түшүндүм, бул кесип чоң жоопкерчиликти талап кыла турганын. Ар бир учуу – өзүнчө бир сыноо.
– Биринчи жолу абага көтөрүлгөн күнү сизде толкундоо болгонбу?
– Жүрөгүм абдан катуу согуп, колум титиреп турду. Учак асманга көтөрүлгөндөн кийин тынчтык пайда болду. Ошондо гана ойлондум, туура жолдо экенимди.
– Борт коштоочулук – бул кесип элеби же жашоо образыңызбы?
– Мен үчүн жашоо образы. Бир күнүң бир күнүңө окшобойт. Ар бир учууда башка адамдар, жаңы окуялар. Ушул өзгөчөлүгү менен жагат борт коштоочу болуу.
– Бул кесип адамдын жан дүйнөсүн кандай өзгөртөт?
– Сабырдуулукту, боорукерликти, майда, бирок маанилүү нерселерди баалоону үйрөттү. Ар бир жылмаюу, жылуу сөз чоң энергия берет. Бул кесип мага дүйнөнү кенен алкактан кароону да үйрөттү. Азыр кандай кырдаал же окуя болбосун позитив менен гана кабыл алып калдым.
– Учакта жүргүнчүлөрдүн көңүлүн көтөрүүдө кандай жеке ыкмаларыңыз бар?
– Негизгиси – жылмаюу. Кээде тамашалап, жылуу сөздөрдү айтып калам.
– Асманда кайсы көз ирмем өзгөчө бакыт тартуулайт?
– Эң бактылуу көз ирмем – күн батып бара жаткан учур. Мени ушул учурда аябай романтикалуу сезимдер курчайт. Асмандагы түстөрдү карап, өзүмдү абдан бактылуу сезем.
– Эмнеден күч-кубат, энергия аласыз?
– Жүргүнчүлөрдүн жылуу сөзүнөн. “Рахмат” деген жөнөкөй гана сөз бүт чарчоону жазат.
– Кайсы багытта учуу сиз үчүн жөн гана маршрут эмес, жүрөккө жакын жол?
– Мага бардык каттам жагат. Анткени дүйнө жүзүндө өтө кооз, тарыхый шаарлар бар. Бирок кайсы жакка барбайын, мага Кыргызстанга болгон маршрут жүрөгүмө жылуу, кубанткан каттам. Бишкекке келгенде өзүмдү үйдөгүдөй жылуу сезем.
– Жүргүнчүлөр сизди эмнеңиз менен эстеп калышын каалайсыз?
– Жаркылдак, жылуу маанайым менен элдин эсинде калгым келет.
– Асмандан түшкөндөн кийин жердеги жашоо сизге кандай сезилет?
– Жер бетинде жашоо жайыраактай сезилет. Бирок асмандагы тынчтык жүрөктө көпкө чейин сакталат.
– Жумуш менен жеке жашоонун тең салмактуулугун сактоо кыйынбы?
– Жеке мен үчүн кыйын. Бул тармакта карьераны же үй-бүлөнү тандаш керек болот. Мен карьераны тандадым.
– Учуу алдында же андан кийин жан дүйнө тынчтыгы үчүн кандайдыр бир ырым-жырым колдоносузбу?
– Учуу алдында сөзсүз түрдө ата-энем менен сүйлөшөм. Аэропортко конгондо да дароо ата-энеме телефон чалам. Мени тынчтандырган адат ушул гана.
– Ар бир аэропорт – өзүнчө дүйнө. Сизге кайсынысы жагат?
– Ооба, ар бир аэропорт ар башка дүйнө чынында. Москва шаарында жайгашкан "Шереметьево" аэропорту эсимде калды. Анткени студент кезимде биринчи каттамым жогоруда аталган аэропортко болгон.
– Бул кесипти тандашыңызга ким же эмне түрткү болгон?
– Балалык кездеги кыялым. Асманды тиктеп алып көп тилек кылар элем. Учактарды карап “бир күнү ушундай учактарда мен да учсам” деп кыялданчу элем. Кудайга шүгүр, тилегим орундалды. Тилектерге эч качан чектөө койбош керек экен.
– Сизден кичүү, жумушун жаңы баштаган кесиптештериңизге эмне деп кеңеш айтат элеңиз?
– Айта турган кеңеш – кылган ишиңерди чын дилден жасагыла демекчимин.
– Алдыга кандай максаттарды коюп жатасыз?
– Авиацияда өсүү, жаңы тажрыйба алуу – эң чоң максаттым. Убакыт өткөн сайын бул тармакты тереңирээк түшүнүп, профессионал болгум келет. Балким, келечекте окутуучу же инстуктор болушум да мүмкүн.
– Кайыргүл айым, сизге жаңы бийиктиктерди каалайбыз. Сиздердин жылуу мамилеңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр ар бир учууну коопсуз жана жагымдуу кыла берсин!
Мээрим Дербишалыева