Нуриса Касымбекова, актриса, юморист: “АЗЫРКЫ ЭРКЕКТЕР НАЗИК, ТААРЫНЫП ЭЛЕ БАСЫП ЖҮРҮШӨТ” 

Юмор, күлкү жаратуу өзгөчө өнөр. Жакында “Egemen club” КВН долбоорунда кыздардын командасы залды “жарды”. Ошол команданын мүчөсү Нуриса Касымбекова өзүнүн куудулдук жөндөмү, сөз тапкычтыгы жана позитивдүү мүнөзү менен айырмаланып турат. Ушул тамашакөй кыз менен жакындан таанышалы.

 

АКСЫНЫН КЫЗЫ...

Туулган жылым – 2000-жыл, 2-май

Туулган жерим – Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кара-Суу айылы

Жашым – 25 жарымда

Боюм – 1 метр 52 сантиметр 

Салмагым - “Кыздын салмагын сурабайт”

Билимим – жогорку, педагог

Хоббим – сууда сүзүүнү сүйөм

Унаамдын үлгүсү – унаа түрткөнгө “права” алгам, айдаганга эми алам

Телефонумдун үлгүсү – эски-и Nokia...  Азырынча Айфон-12 про-макста элемин

 

 

– Салам, Нуриса! Өзүңүздү биздин окурмандарга тааныштыра кетсеңиз...                      

– Саламатсыз, аты-жөнүм Нуриса Касымбекова. Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында жашаган Касымбек акенин кызымын. Үч бир тууганбыз, эки акем бар. Бири менден 18 жашка, экинчиси 14 жашка улуу. Алар чо-оң киши болуп калганда мен төрөлүп калыптырмын. Ошо, үчөөбүз шайыр-шатман, ынтымакта жашап келе жатабыз. Тилекке каршы, ата-энемдин каза болуп калганына он жылдан ашты. Бул дүйнөдөн чын дүйнөгө сапар алып кетишкен. Алардын көзү өткөндөн кийин мени таежем менен жездем багып алышкан, ошолордун колунда чоңойдум, өстүм, адам болдум дегендей.

– Сиздеги куудулдук таланттын учкундары качан байкала баштаган?                      

– Мектепте окуп жүргөндө  чыгармачылыктын учкундары байкала баштаган. Сахнага чыгууга аябай кызыкчу элем. Биринчи жолу 7-классымда Назира Жетигенова эженин сатирасын ойноп чыккам. Ошондон кийин шыктануу пайда болуп, кийин карасам эле шыгым ашып-ташып кетиптир (күлүп). Мектептеги иш-чаралар менсиз өтпөйт эле. Өзүм алып баруучу болуп, кайра сатира ойноп, анан ырдап эле жыргай берчүмүн. Баары ушинтип башталды десем болот.

– Сахнада өзүңүздү эркин алып жүрөт экенсиз. Элден сүрдөнгөн учурлар болобу?                                         

– Ошончо адам карап турса Барак Обама деле сүрдөсө керек (күлүп). Жайнаган адам мени карап, “ушул азыр бир нерсе деп айтса, каткырып күлөм” деп даярданып отурса сүрдөйм да. Спорт Ордосунун сахнасына 7 жылдан бери чыгып, элге күлкү тартуулап жүрөм. Ар бир чыккан сайын куду биринчи жолу чыгып жаткандай сүрдөйм. Бир саамга “мандраж” кармап барып, анан түзөлүп кетем.

– “Egemen Club” долбоорунда залды “жардыңыз”. Сиз үчүн бул долбоордо оюн көрсөтүү кандай сезимдерди тартуулады?

 – “Egemen Club’да” элге күлкү тартуулоого аракет кылдык. Бул долбоор мен үчүн чыгармачылыктын жаңы тепкичи болду деп айтсам жарашат. Буюрса, 15-ноябрда экинчи оюн болгону турат. Ошого даярданып, азыр өзүбүздү таппай жүргөн кербезибиз. 

– Элди күлдүрүп, “менин колумдан келет экен” деген ишеним, сыймык качан келген?                                       

   – Жогоруда айткандай, 7-классымда сахнага чыккам. Ага чейин кызыгуу бар эле, бирок сүрдөнүп ачыла албай жүргөм. Алгач сахнага чыгып, 500 сом акчалай сыйлык алгам. Ал кезде 500 сом акча “вау” дегидей эле чоң акча болчу. Сүйүнүп “болду, келечекте актриса болом” деп чечкем. Ошондон бери юморист, актриса болуунун аракетин кылып келе жатам. 

– Чыгармачылыкка сизди багыттап, жол көрсөткөн адам ким болду?            

 – Мени бул жолго жетелеген кимдер болду (ойлонуп)? Биринчиден, өзүмдүн аракетим болду. Алгач КВН боюнча университеттин курама командасына өтүп, андан кийин Жалал-Абаддын курама командасында ойногом. Бул жерде Талант Алимусаев жана Медер Сакеев деген эки инсанга ыраазычылык билдирем. Ушул экөө мени  жетеледи. Кайсы бир убакытта чыгармачылык “ачкачылыкка” туш келгем. “Менден эч нерсе чыкпай жатат, бул жолдон кайтат окшойм, өзүмдү башка тармактан издейин” деген ойлор келген. Ошондо ушул адамдар “кой, бул  убактылуу сезим. Ар бир чыгармачыл адамдын башына келе турган жагдай, убактылуу депрессияга жеңилбе” деп кеңеш айтышып, көтөрмөлөп, мага ишеним беришкен.

– Өзүңүзгө абдан жагып, бирок элге жакпай, күлбөй койгон тамашаңыз болгонбу?                                      

– Жок, андай учур болгон эмес. Тескерисинче, тамашам элге аябай жагып, өзүмө анча жакпай калган учурлар көп болот. “Ий, мен ушинтип коюптурмун, туура эмес сүйлөп алыптырмын” деген учурлар да кездешет. Аша чаап кетпейин деп абайлап турам.

– Сахнага чыкканда “эл күлбөй койсочу” деген коркунуч болобу?                          

– Элге сатирам өтпөй калбайбы деген ой сөзсүз болот. Коркосуң. Тамашаң өтпөй калган деле учурлар болот, андайда маанайым түшүп, былтыйып калам. Тескерисинче, элге тамашаларым өтүп, көрүүчүлөр эзилип күлүп “мощный” болуп жатканын сезгенде “ий, базар жок” деп жыргап алам.

– Үйдө деле тамашакөйсүзбү? Жакындарыңыз “күлдүрүү режимиңди өчүрө турчу” дешпейби?                          

– Ооба, үйдө тамашакөймүн. Досторум менен азилдешкендей акелериме деле ачык-айрым тамашалап сүйлөй берем. Мени таежем баккан дебедимби жогоруда, алардын үйүнө барып деле тамашалай берем. Эч ким “режимиңди өчүрө турчу” деп айта элек.

– Жашоо дайым эле күлкү, тамашадан турбайт эмеспи. Жашооңузда оор сыноолор болгонбу?                                           

 – Жакындар сатып кетип, артыңдан атып кетип деген учурлар менде да болгон. Адам күлүп жүрсө эле телегейи тегиз, жашоосу укмуш тура деп ойлобош керек экен. Жашоодо трагедия, комедия аралаш жүрөт тура. Мага эң эле оору – чыгармачылык “ачкачылыкка” туш келип, эч бир идея чыкпай калган учур. Ушул нерселерди оор көтөрөм.

– Жигиттер жөнүндө сүйлөшпөйлүбү? Кандай мырзалар жагат, талабыңыз кандай?                                         

 – Билбейм эми, кандай жигит жагат... Башкысы – эркек болсо болду деп салгансың, ээ (күлүп)? Укмуш деле талабым жок. Адамгерчиликтүү, чечкиндүү, адилеттүү, айтор, “эркек” деген атка татыктуу болсо... Чынын айтсам, азыркы жигиттер менен сүйлөшө албайм. Назик, таарынып эле басып жүрүшөт. “Эмнеге мага жазбайсың, неге чалбайсың?” дешип эле “давлениемди” көтөрүп жиберишкенде “кой, айланайын” дейм. Азырынча коё турайынчы деп, эч ким менен сүйлөшпөй элемин. Жигит жандоого убакыт деле жок.

– Жалпы караганда мүнөзүңүз кандай?   

– Шайырмын, күлүп, күлдүрүп жүргөн жагат. Элпекмин, адамдардын көңүлүн оорутуп албайын деп аярлап турам. Бир аз “тарс-турс” болушум керек. Жай кыймылдагандар жакпайт, аларды көрсөм “бат-бат эле кыймылдабайбы” деп чый-пыйым чыгып кетет. Башкалар менен тез тил табышып кетем.

– Маегиңизге рахмат, сизге ийгиликтерди каалайбыз! Элге күлкү тартуулап жүрө бериңиз!

 

 

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1195, 7-13-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан