Нурзат Нуртаева, Дүйнө чемпиону: “ЧЫНЫГЫ КҮРӨШТӨР АЛИ АЛДЫДА”

Кыргыз спортунда жаңы жылдыз жанып келатат. Нурзат Нуртаева жакында Сербияда өткөн жаштардын Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль утту. Албетте, алтын медаль тагынуу – ар бир спортчунун кыялы. Бул маекте Нурзат айым чемпиондук титулга жеткен учурдагы сезимдерин, машыгуудагы талыкпас аракеттерин, жеңиштерин жана жеңилүүлөрүн, келечекке койгон пландарын ачык айтып берди.

 

– Нурзат, саламатсызбы? Дүйнө чемпиону болуу – ар бир спортчунун кыялы. Алтын медалды моюнуңузга тагынган учурда оюңузга эмнелер келди?

– Саламатчылык. Бул алтын медаль көптөн күткөн сыйлык болду. Албетте, дүйнөлүк аренада желегибизди желбиретип, өлкө гимнинин коштоосунда алтын медаль тагынуу бул абдан чоң сыймык. Талыкпаган эмгектин артынан келген жеңиштин таттуу даамын сездим десем болот.

– Машыгууларга канча жыл короп, канча тер акканын өзүңүз айтсаңыз. Бул жеңишке жетүүгө чейин кандай жолду басып өттүңүз?

– Бул турнирдин алдында эң күчтүү даярдыктар Чолпон-Ата шаарында болду. Мурун жаңыдан күрөшүп баштаган учурда өзүмдү аябастан тынымсыз машыга берет элем. Азыр болсо режимдин жана эс алуунун дагы аябай маанилүү экенин түшүнүп калдым. Машыгуулардан абдан чарчап калсаң, килемге чыкканда күч жетпей калат. Бул жерде бардык машыктыруучуларыма терең ыраазычылык билдиргим келет, дайым колдоп-коштоп, акыл-насааттарын айтып келишет. Менин ар бир ийгилигимде ушул кишилердин салымы абдан чоң. Үсөнаалы Рыскулов, Азамат жана Азат агайларыма рахмат айтам.

– Финалдык беттеште америкалык күчтүү атаандашты жеңдиңиз. Атаандашыңызды изилдеп, күрөшүү ыкмаларын көрүп чыктыңыз беле?

– Албетте. Ар бир турнирдин алдында машыктыруучуларыбыз бизге ошол турнирге катыша турган күчтүү спортчулардын ыкмаларын анализдеп көрсөтүп, ыкмаларыбызды дагы ошого ылайыктап машыктырышат. Албетте, бардык спортчуларды талдоого мүмкүнчүлүк болбосо дагы, мындай аракеттер мелдештерде биздин ийгилик жаратуубузга бир топ жардам берет.

– Дүйнө чемпиону болуу – сыймык дагы, чоң жоопкерчилик дагы. Бул титул Нурзатты канчалык өзгөрттү?

– Эми бардык эле спортчулардын кыялы Дүйнөлүк олимпиада эмеспи. Андыктан мен үчүн бул ийгилик олимпиадага карай жолумдагы бир тепкич десем болот. Титул мени өзгөрткөн жок. Олимпиадага чейинки бардык чемпиондуктар, албетте, маанилүү. Бирок бир четинен караганда бул өзүнчө бир репетиция десек да болот. Чыныгы күрөштөр, буюрса, али алдыда. Мындан ары алдыдагы олимпиадага даярдыктар болот эми.

– “Жылдыз оорусу” менен ооруп калам деп коркпойсузбу?

– Коркпойм (күлүп), анткени убактым жок. Бизде негизинен эле бош убакыт көп боло бербейт. Күнүмдүк режимде машыгууларыбыздан тышкары уктай турган убагыбыз, жеген тамак-ашыбыз, бардыгы өз убак-сааты менен болгондуктан, жадакалса интернеттеги социалдык тармактарда деле ашыкча отура албайсың. Негизи, жөнөкөй адаммын. Жылдыз оорусу бизде болбойт го...

– Үй-бүлөңүз, жакындарыңыз абдан кубанышты болуш керек. Эң биринчи ким куттуктады машыктыруучулардан башка?

– Ооба. Алгач үйдөгүлөр, жакындарым телефон чалып куттукташты. Бирок тилекке каршы, бул жеңишиме атам күбө боло албай калды. Кыз киши баары бир атасына жакын болот эмеспи. Атаңдын көзү өтүп кетсе дагы, аны сагынып, күтө берет экенсиң. Ичимден сыздап, жеңишимди атама арнап кала бердим.

– Кыз кишинин күрөштү тандашы дагы деле коомдо талкуу жаратып келет. Бул жаатта коомдо кандайдыр бир сын көз караштарды, терс мамилени сезесизби?    

– Жок, азыр сезбейм деле. Албетте, башында күрөштү тандаганымда ата-энем баш болуп көптөр каршы чыгышкан. Бирок кийин тандоомду сыйлашты, азыр баары колдоп-коштоп турушат.

– Килем үстүнө чыгарда жакшы тилек катары кандайдыр бир ырым-жырым колдоносузбу?

– Андай өзгөчө ырым-жырымдарым деле жок. Болгону Жараткандан “мага ушул жеңишти насип кыл” деп сурап, жакшы тилек кылып килем үстүнө чыга берем. Негизи спортто ырым-жырымдан мурун  ишеним керек. Албетте, килемге чыгардын алдында айлап, кээде жылдап машыгасың, бирок моралдык жактан даяр эмес болсоң, анда жеңишке жетүү кыйын. Андыктан килемге чыгардын алдында сезимдерди ооздуктап, анан чыгыш керек.

– Тажрыйбаңыздагы эң оор кабыл алган жеңилүү кайсы? Эмнеден улам ал окуя эсиңизде калды?

– Андай окуя азырынча жок десем деле болот. Албетте, жеңилип калган учурлар болду, бирок жеңилүүнүн айынан чөгүп, утулуп калганымды кабыл ала албай кыйналган учурлар боло элек. Бул чемпиондуктан болгону бир ай мурун дагы бир чемпиондукка курама командабыз менен катышканбыз. Ошол турнирден командада алтын болбой калганы бир аз өкүндүргөн, бирок бул бизге кайра күч берди окшойт.

– Буюрса, спорттук жылдызыңыз жанды. Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы сыяктуу балбандардын изи менен кетет деген үмүттөбүз. Спортту таштап салбайсызбы?

– Жок. Жогоруда айтып өткөндөй, алдыда дагы көп мелдештер, чемпиондуктар, анан эң негизгиси – олимпиада оюндары бар. Андыктан спортту таштап салышым мүмкүн деп айта албайм.

– Жаш спортчу кыздарга кандай кеңеш айтасыз?

– Аракет кылгыла, үмүтүңөрдү үзбөгүлө, кыялыңарга жеткиче тынбагыла, кичинекей жеңиштерге сүйүнүп өзүңөрдү таштап салбагыла дейт элем. Албетте, ар бир жеңиштин даамы таттуу, бирок негизги максатка жетмейин тынбай иштеш керек.

– Спорттон тышкары Нурзат эмнелерге кызыгат? Эмнелер менен алек болосуз?

– Китеп окуганды жакшы көрөм. Өзүм менен өзүм калып тынчтыкта китеп окугандан ырахат алам.

– Жакынкы пландарыңыз кандай? Эс аласызбы же машыгуулар уланабы?

– Алдыда кыска эс алуулар бар, бирок узакка тыныгуу болбойт. 2028-жылы өтө турган Олимпиадага даярдыктарды баштайбыз, буюрса.

 

 

Асел Нурбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1195, 7-13-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан