56 жаштагы Салтанат Абдраева учурда чанда кездешчү оору менен алышып, өмүрү кыл учунда турган кызына операция жасатып, аман алып калуу үчүн болгон аракетин кылууда. Бирок маселе каражаттын жоктугунда. Ал эмне болгон оору, кызы, өзү кандай азапты баштарынан өткөрүүдө? Салтанат айым кеңири айтып берди.
“Жолдошум бөйрөк оорусунан каза тапкан”
– Аты-жөнүм Салтанат Абдраева, учурда 56 жаштамын. Балыкчы шаарында жашайм, төркүнүм Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылы. 1988-жылы балыкчылык Турусбек Төлөмүшовго турмушка чыккам. Жакшы жашап, 3 балалуу болдук. Жолдошум айыл чарба жумуштарында иштеп жүрдү. Анын жүрөк оорусу жана гломерулонефрит деген бөйрөк дарты бар эле. Бир учурда бөйрөгү канды жакшы чыпкалабай калып, бүт денеси ууланып жүрө бериптир. Акыры бөйрөктөрү куурап 2001-жылы каза болуп калды. Андан бери 3 баламды өзүм жалгыз тарбиялап келем. Улуу кызым Кымбат 34 жашта, уулдарым 32, 30 жаштарда. Мени азыр эне катары түйшүккө салганы – чанда кезикчү дартка чалдыккан кызым Кымбаттын абалы болууда. Чет өлкөдө операция жасатып, тооруган ажалдан аман алып калышым керек.
“Күйөөсү көп урчу экен”
– Кымбат дени сак төрөлгөн. Башка балдардай эле чоңоюп, мектепте да жакшы окуду. Үй жумуштарына тың болчу. Айылда жашап турганыбызда инилери менен жер тээп, картошка, жашылча эгишчү. Мүнөзү бала кыял, ак көңүл, ишенчээк. 9-классты бүткөндөн кийин башталгыч аскерге даярдык сабагына катышкысы келбей жүрүп, кийин мектепти таштап койду. Көрсө, ал кезде биз билбептирбиз, жакында диагноз аныкталган дарттан ошол кезде эле жабыркап жүргөн окшойт. Ырчы болом деп көп айтчу, ал тилеги толук ишке ашпады. Бирок ырдап, ырларын интернет желесине жүктөп жүрдү. Чач тарачтын окуусун бүткөнү менен, ал кесиби менен иштеген жок. Ишканада жумушчу, кафелерде официант болуп иштеди. 17 жашында тааныбаган бирөө эле сыртынан көрүп жактырып, ала качып кетти. Андан 1 балалуу болгондо ажырашып кетишти. Көрсө, күйөөсү көп урчу экен. Кызым аны бизге айтпай жүрө бериптир. Билип калганыбызда ажыраштырып алганбыз. Кийин да турмуш жаңыртты. Бирок ооруй берип, аны менен жашай алган жок. Учурда кызымдын 15 жана 5 жаштагы балдары бар.
“Инсульт алып, автобуста жыгылыптыр”
– Өткөн жылы "башым басылбай ооруп жатат, желкем да тартышууда" дегенинен текшертсек, “гайморит” дешти врачтар. Анысын дарылаттык. Анан "ичим, бутум ооруйт" дегенинен анысын да дарылаттык. Бирок оорулары кайталана берди. “Томографияга башыңды тарттыралы” десем, “колум бошогондо барайын” деп койду.
2025-жылдын жазында ден соолугу начарлап кетти. Түз жерден тизелери бүгүлүп эптеп басып, арыктан аттай албай калды. Демигип, аба жетпей, колу-буттары чымырап, жаны жоктой болуп жатканын айтып даттана баштады. 18-мартта Балыкчыдан Бишкекке текшерилүүгө барды. Кардиолог жүрөгүнүн иштешин текшерүү үчүн суткалык монитор аппаратын тагыптыр. Эртеси күнү аны алдыртып, башка врачтарга да көрүнгөнгө автобуста бара жатып эс-учун жоготуп кулап калыптыр. Автобустагылар “Тез жардамды” чакырып, алар улуттук госпиталга алып барышыптыр. Мага врач чалып, келишим керектигин айтты. Жүрөгүм түшүп жетип барсам кызым реанимацияда экен, киргизбей коюшту. Врач “кызыңыз инсультка кабылган. Башындагы кан тамыры жарылган, тромб бар. Бир ыптасы иштебей калган. Бир колунун пульсу такыр эле жок экен. Муну билет белеңиз?” деди. Мен билбестигимди айттым. 5 күн эс-учун жоготкон абалда жатып, анан көзүн ачты. Инсульттун айынан сүйлөө речи да, эс-тутуму да бузулуптур.
“Такаясу синдромунан жабыркай турганы айтылды”
– Врачтар кайра текшеришип, анан кызымды инсультка жеткирген оорусунун диагнозун айтышты. Чанда кездешчү такаясу синдрому экен. Кызым узак жылдар бою андан азап чегип, бирок врачтар так диагноз коё алышпай жөн келди дарылап жүрө беришкен экен. Бирок оорусунун качан башталганы белгисиз. Синдромдо акырек жана моюндагы уйку артериялары сезгенип, акырындап бүтөлүп жүрүп отурат экен. Ошондуктан 1 же 2 колунда тең тамырдын какканы билинбей калат тура. Дарт эмнеден келип чыгары илимде белгисиз дешти. Синдром өтүшүп баштаганда адам арыктап, башы айланып, ичи жана булчуңдары ооруп, буттары бүгүлүп, темтеңдеп басып, колу менен иш кылуу кыйындайт экен. Акыры артерия кан тамыры бүтөлгөндө башына кан барбай калып инсульт жаралат тура. Кызымдын "башым, ичим, бутум ооруйт" дегендери ошонун айынан болуп келиптир.
Кызым инсультка кабылган учурдан азыркы күнгө чейинкилерди эстей алат да, мурункуларды эстей албай кыйналат. Көп сөздөргө тили келбей, чулдурап сүйлөйт. Сөздөрдү унутуп калат. Оюн айтып түшүндүрө албайт. Ошого кыжалат болуп көп сүйлөгүсү келбейт. Ооруканадан чыккандан кийин 1 ай дегенде жөлөп-таяп бастырып баштаганбыз. Узагыраак басса тизелери бүгүлүп, кулап калат.
“Сурообузга ачык жооп айтпай коюшту”
– Май айында ревматология бөлүмүнө жаткырып дарылаттык. Врачтар синдромдон операция менен гана айыгууга мүмкүн дешти. Сентябрь айында Бишкектеги кан тамыр хирургуна текшерттик. Ал адегенде “мурун башынан жаракат алды беле?” деп сурады, ошондо мен мурункуларды эстеп 2010-жылы күйөөсү катуу сабап, 5 күнгө эс-учун жоготконун айттым. Врач “ошол жаракаттын да катуу таасири тийген. Инсульттун жаралышына кошумча болгон. Синдромдон уйку артериясынын бир жагы толук бүтөлүп, кан өтпөй калыптыр. Экинчи жагынын 85-90 пайызы бүтөлүп, кан аздан гана сызылып өтүп жатат. Кызыңыз азыр неврологиялык дарыларын иче берсин. Бизге 3 айдан кийин келгиле” деди.
“Кыргызстанда операция жасап айыктырса болобу?” деген сурообузга ачык жооп бербей койду. Түпөйүл болуп кызым экөөбүз тең ыйладык. Кызымды ажал тооруп калганы ошентип биротоло ачыкталды. 4-ноябрда кызымды майыптыкка чыгаруу боюнча врачтардын комиссиясынан өттүк.
“Операцияга 25 миң доллар керек”
– Көптөрдөн сураштырып, бул дартты Орусия, Индияга барып дарылатуу керектигин билдик. Индиялык врачтар менен байланышка чыкканыбызда алар “бир нече этап менен операция жасап, керектүү жерлерге стент (жасалма кан тамыр) коюп, кызыңыздын жашап кетишине болгон аракетибизди жасап көрөбүз. Операцияга 25 миң доллар керек” дешти. Инсульттан кийинки реабилитацияны өзүбүздөн өтө берсек болот экен. Эки балам тең алы жеткен иште иштеп жүрүшөт. Бирок алардын тапканы кызымдын дары-дармектерине кетип жатат. Дарылар болсо кымбат. Ошондуктан эл-журтка жардам бериңиздер деп кайрылып жатабыз. Балаң ооруп, колуңдан эч нерсе келбей жатса ошондон өткөн жаман нерсе жок тура. Ар кимде бала бар, эч кимдин баласы оорубасын. Кызымды тооруган ажалдан айыктырып, 2 баласынын жанына алып келсем дегенде эки көзүм төрт. Бизди кыйынчылыктан чыгарып коюңуздар, элим!
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
ОБанк: 0 705 079 885
Обанк: 0 706 02 11 91
МБанк: 0 999 411 009
МБанк: 0 709 44 53 35
Оптима Банк: 0 999 411 009
Канымжан Усупбекова