Эстрада жылдызы, белгилүү ырчы Кенже Дүйшееванын жан дүйнөсүнө сапар алалы, окурман. Ал кандай инсан? Күчтүү жана алсыз жактары кайсылар? Таянганы эмне? Ушул жана башка суроолорго макаладан жооп таба аласыз.
“Уйкучу, калп айткан адамдар жакпайт”
– Бир Кудайга гана ишенем. Машинага отурарда, сапарга чыгарда, бир иш баштаарда ичимден сүрөөлөрдү айтууну адат кылгам. Көзү өтүп кеткен адамдарга багыштап куран окуйм. Бирөөгө ишенүүдөн мурда Кудайга жана өзүмө ишенүүнү жогору коём. Жалган айткан, анан жоопкерчиликсиз адамдардан “аллергиям” бар. Көп уктаган жана сөзүнө турбаган адамды да жактырбайм. Жашоодо тунук ойлонгон, туура агым менен жашаган адамдарды сыйлайм.
“Жаман ой жолотпойм”
– Ар бир адам мүнөзүнө, кылган ишине, аракетине жараша жашоодо акыбетин көрөт. Жакшы болсо да, жаман болсо да өз баасын алат. Менин тилегимди ишке ашырып, элге таанытып, жакшынакай үй-бүлө берген Кудайга, тагдырыма ыраазымын. Мага жасалган кыянаттыктарды билип туруп, ичимден болсо да жаман ойлонууга өзүмө мүмкүнчүлүк бербейм. Ыйманың таза болуп, эч кимге көз артпай, бул жашоодо өз жолуңду татыктуу басып өтүшүң керек деп эсептейм.
“Ырчылык – менин байлыгым”
– Мектепте мыкты мугалимдерге таасирленет элем. Ошол эле учурда ырдоо да кыялым болчу. “Келечекте ким болгуңар келет?” деген дил баянда “мугалим жана ырчы болом” деп жазганым эсимде. Демек, кыялымдагы кесипке жеттим. Ырчылык ар бир адамдын колунан келе бере турган иш эмес, ага кызыгуу, талант керек. Ушул кесип аркылуу элге таанылдым. Ырчылык – менин өмүр бою ажырагыс байлыгым.
“Жолдошум колдоп, дем берип турат”
– Жолдошумдун мүнөзү токтоо, оор басырыктуу. Ашыкча сүйлөбөгөн жан. Жаш айырмабыз төрт жыл. Мени ар тараптан колдогон асыл адамым. Алдыга үндөп, идея кошуп, дем берип турат. Мен кандай иш кылсам да, чечим кабыл алсам да туура болоруна ишенет. Албетте, ар бир үй-бүлөдө казан-аяк кагышат. Бирок бизде чегинен ашпайт. Жолдошум Талгаттын бир мүнөзү бар, мага караганда таарынчаак. Мен болсом таарынганымды унутуп коюп, сүйлөп жүрө берем.
“Кызымды боорума кысканда чыныгы бакытты сезгем”
– Жеке жашоодо баары бүтөт. Сүйүү, карьера, баары өзүнүн акыркы чекитине келип такалат. Ал эми балдарда биздин экинчи өмүрүбүз уланат. Кызым Томирис учурда 14 жашта. Өзгөчө таланттуу кыз. Мүнөзү атасына окшош токтоо. Сүрөт тартат, бийлейт. Ал төрөлүп, боорума кысып кучактаганымда чыныгы бакытка ошондо жеткенимди билдим. Ага чейин аншлаг концерттеримди, элдин кол чабууларын бакыт деп кабыл алчумун. Ысымын кайнагам жубайы экөө “сактардын ханышасынын атын алып жүрсүн” деп Томирис коюшкан.
“Ачуум келгенде апамдын сабырдуулугун эстейм”
– Жылдыз белгим – тараза. Чындыгында, тең салмакты кармайм. Жети өлчөп, бир кесем. Бул жагы жылдыз белгиме шайкеш келет. Чыгыш гороскобу боюнча жолборсмун. Жолборстор намыскөй, көздөгөнүнө жетмейинче тынбаган көк, элге алымдуу келишет. Сүрү болсо да, үй-бүлөсүнө жумшак мамиле жасайт. Ушулар менде бар. Кээде буркан-шаркан түшкөндө апамдын мүнөзүн эстеп жоошуп калам. Апам ачуусу келип турса да баарын акылга салган, көтөрүмдүү, адамдын жакшылыгын баалай билген жан эле. “Кандай талаш болбосун оң позицияда жүр, сааты келгенде баары өз ордуна түшөт” дечү.
“Түлкүдөй досторду да көргөм”
– Достук – мен үчүн ыйык сезим. “Дос” деп сүйлөгөндөн дагы этияттанам. Анткени аны да далилдеш керек. Жашоодо сыноолордон өткөн, үй-бүлөлүк катыштагы досторубуз бар. Мен жашоодо “досмун” деген “түлкү” сымалдарды да көргөм. Алардын чыныгы жүзүн билгенден кийин акырын өз жолдоруна узатып койгом.
“Жаштыктын гүлдөгөн учуру топто өттү”
– Жаштыгымдын гүлдөгөн учурунда кыздар тобунда болдум. Топтун аткаруучу жетекчиси элем. Түйшүктүн баары моюнумда, уктаганга да убакыт жок болчу. Анан кайдагы сүйүү? Муну Жараткандын буйругу деп түшүнөм. Ошол түйшүктүү күндөрдө кайнатам мени көрүп, жолдошум Талгат менен тааныштырып, турмушка чыгып кеттим. Алар Ошко тааныш агабыздын үйүнө батага келишкен эле. Ошол учурда мени кайнатам көрүп, жактырган экен. Тагдыр экен, казак туугандардын келини болдум.
“Максаттар көп”
– Максаттарым көп. Мага “ырчы кыздардан топ ачпайсызбы?” деп көп айтышат. Мүмкүн, бул идеяны ишке ашырып калармын. Топко 5 жылдык келишим менен алып, жаңы таланттарга өзүмдөгү тажрыйбаны бөлүшүп дегендей. Муну ойлонууга убакыт керек.
“Узак сапарда ойлорумду иреттейм”
– Көйгөй жаралса, алыс жолго жалгыз чыкканды жактырам. Сапарда ойлорумду иреттейм, кырдаалды талдайм, пландарды түзөм. Катуу чарчаган учурумда жолдошум “кенен уктап ал” десе деле негедир көпкө уктай албайм. Маанайды ар дайым жакшы кармаганга аракет жасайм, бул маанилүү. Маанайым түшкөн кезде ден соолук үчүн пайдалуу деп жөө басам, китеп окуйм. Адам өзү үчүн өзү күрөшүшү керек. Үй-бүлөм менен саякаттаган жагат. Мүмкүн болсо сыртка көбүрөөк чыксак деп турабыз. Быйыл да бир өлкөгө барып келүүнү пландап жатабыз.
“Бут тосушту, Кудайга койдум баарын”
– Жан дүйнөм жараланган учур болду. Жасаган чоң иш, кызматтарымды тебелеп, куру доомат, жалган-жашыкка ороп салгылары келишти. Көрсө, жалган мамиле, ич күйдүлүк бар жерде ак эмгек ыйлайт экен. Концерт койгонумда ойго келбеген жаман нерселерди уюштурушкан күндөр да болду. Кыйналсам да, Кудайга койгом. Элге ушунун баарын айткым келген, бирок мезгил баарына тараза экен. Буттан чалып турса да, моюн бербей алдыга умтулууну тандагам. Баарына ыраазымын.
Канымжан Усупбекова