Кыйкырыгы жүрөк түшүргөн ТАСМАН ШАЙТАНЫ

Эмне үчүн шайтан?

Тасман шайтаны – Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс штатында жана аталган материкке караштуу Тасман аралында жашоочу сүт эмүүчү, жырткыч, чөнтөктүү жаныбар. Кара өңү, чоң оозу, учтуу тиштери бар, түндө жүрөк түшүрө тургандай кыйкырганынан улам материкке алгачкы болуп келген европалыктар ага “шайтан” деген ат коюшкан. Көлөмү иттей бар, бирок итке салыштырмалуу салмагы бир топ оор. Алдыңкы буттары арткыларына караганда бир аз узунураак. Азуу тиштери гиеналардыкы сымал күчтүү, чоң тиштери сөөктөрдү сындырып, майдалап жегенге ыңгайлашкан.

Жок болуп кетерде коргоого алынган

Денесиндеги ашыкча майды энергия кору катары куйругунда топтошот. Оорукчан, арыктарынын, көптөн бери ачка калгандарынын куйругу ичке болуп калат. Ургаачыларынын “сумкасында” бала эмизүү үчүн 4 эмчеги бар.

Европадан келип материкке отурукташкандар тоокканаларды бузуп, тоокторду, ошондой эле козу, улактарды жеп кетишкени үчүн Тасман шайтандарын кырышкан. Ушундан улам алар тоолорго качып, эл барбаган алыскы токойлорду байырлап калышкан.

Тукум курут болордо 1941-жылы аларды атууга, кармоого мыйзам боюнча тыюу салынып, коргоого алынган. Күндүз бадал, таштардын кычыганда, бош калган ийиндерде, кулаган дарактардын түбүндө эс алып, түнкүсүн аң уулоого чыгышат. Абдан сугалак. 

 

Эң узагы 8 жыл жашашат

Канаттуу, жылан, кескелдирик, чычкан, бака, вомбат, валлаби, коён, кеңгуру сымал келемиш, өсүмдүктөрдүн тамырлары, рак менен азыктанышат. Башкы азыгы – тарптар. Майда тарптарды териси, сөөгү менен кошо жешет. Өздөрү жашаган чөйрөгө ээлик кылып, жалгыздап жашашат.

Адатта жай кыймылдашат. Бирок коркунуч жаралса саатына 13 чакырымга чейин чуркай алышат. Жаштары картаңдарына салыштырмалуу даракка жакшы чыгышат. Сууда жакшы сүзүшөт.

Агрессивдүү мүнөзү, түнкү коркунучтуу кыйкырыктары үчүн алардын душмандары аз. Илгери аларга жапайы иттер (динго) жана чөнтөктүү карышкырлар көп кол салышчу. Кичинекей балдары кээде жырткыч куштардын жеми болуп калат.

Март-апрелде жупташып, ургаачылары жарыкка 20-30дай баласын алып келишет. Алардын болжол менен төртөөсү энесинин “сумкасында” сүт эмип аман-эсен чоңоёт да, калганы өлүп калат.

Декабрь айында өз алдынча жашоого биротоло кетишет. Максималдуу 8 жыл жашашат.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1196, 14-20-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан