(Башы өткөн сандарда)
Акбар мага келип, экөөбүз жай сүйлөшкөнбүз:
– Мен эми сенин тынчыңды албайм. Аялым "эгер кетсең үй-бүлөңдү дагы кечкен болосуң, балдарга баарын ачыктайм" деп ультиматум койду. Үй-бүлөмдү тандадым. Мен сени коё берем... Бирок бир түнүңдү мага арнайсың. Болду... Ошону менен экөөбүздүн жолубуз кайчылаш кетет,- дегенинен ишенип, макулдугумду бергем.
Эртеси түнү такси менен үйгө келди. Жасанып, даярданып тосуп алдым. Бүгүн акыркы күн, анан тозоктон кутулам деп ойлодум. Акбар дагы кызуу келди. Кирип келгенде эле “Акбар, эркек болуп сөзүңө тур. Бүгүн акыркы түнүбүз” дедим. Ал жылмая гана башын ийкеп, мага асыла калды. Туруп бердим. Чыда дедим өзүмө. Болгону бир гана түн. Анан баары бүтөт дагы, жаркын жашоо башталат деп өзүмдү алдап жаттым. Акбар болсо ач карышкырдан айырмасы жок, менин көйнөгүмдү бир жулуп эле жерге ыргыта, мени жердеги салынган төшөккө түрттү. Өз билгенин кылып жатты. Мен Акбардын денемди ачыштыра колдору менен тулку боюмду тыткылап жатканынан башка сезимди сезе алган жокмун. Балким, сүйүү жоктугунандыр. Чыдай алган жокмун, ыйлап жибердим. Эмнеге мынча кордолдум? Ушул түндөн кийин Мансурдун бетин кантип карайм? Уятым деле калган жок. Өңгүрөп ыйлап жатам ач аюунун алдында калып. Акбардын менин сезимдерим менен иши да болгон жок. Сатып алган буюм сымал, колдонуп калайын деген эле ой. Ошентип жаткан абалыбызда экөөбүз тең кыймылсыз туруп калдык. Себеби биздин үйдүн алдына көп машина келип токтоп, жаш эле жигиттер сүйүү ырын ырдап жатышыптыр. Аны мен терезеден чала көргөнгө жетиштим. Акбар “адашып алса керек жаштар, келчи” деп маани бербей мени кучактап, өпкүлөп кирди. Жүрөгүм катуу сого баштады, бир нерсени сезгендей... Биз жаткан бөлмөнүн балконунан ак пардадан чагылышкан бир эркектин сөлөкөтүн көрдүм! Чочуп кетип кыйкырып жибердим эле, ал сөлөкөт терезени жарып ичке кирип келди. Мансур!!! Анын ошондогу көздөрү... Жүрөктү түшүрөрлүк абалда эле. Энеден туума жылаңач экөөбүздү көрүп дендароо туруп калды, көпкө Акбардан көзүн албай туруп “ата?” дегенде бирөө денемди бычактап жибергендей болду. Бул мүмкүн эмес эле! Менин алдымда ата-бала турган эле. Мен шуркуя эки сөлөкөттүү бир адам менен мамиле куруп жүрүптүрмүн. Андан кийинки мүнөттөрдү эстегим да келбейт. Мансур жаныбызга басып келип, атасын бир карап, мени бир карап “ӨЛҮП ЭЛЕ КАЛСАМ КАНА, УШУНУ КӨРБӨЙ?!” деп эшикти көздөй басып чыгып кетти. Анын көздөрүнөн мен жашты көрдүм. Биринчи жолу Мансурдун ыйлаганын көрдүм. Чыңырып эле отуруп калдым. Акбар чала кийинип Мансурдун артынан чыгып кеткен. Менин бутум турган жеринде кадалып, катып калды. Мен мындай оор нерсени көтөрө албай туруп калдым.
Мына, төрт күн болду. Үйдө жатам. Эч кимден кабар жок. Мансур мени кечирбейт. Акбар ӨЛҮП кетсин! Жинди сымал жатам оонап. Жашоо кандай кыйын нерсе... Алдыга умтулам десең, сөзсүз ылайды кечип өтүшүң керек. Ансыз болбойт. Таза жашайм десең, адамдардын эң төмөнкү классында калышың керек. Мен болгону жакшы жашоону кааладым. Колдоонун ордуна баары мага каршы чыгышты. Аягы келип ушул нерсеге такалды. Мен эч кимге керексизмин. Мени таштанды катары көрүшөт. Болгону байлыкка умтулганым үчүн. Жакшы жашоо каалаганым үчүн. Баары күнөөлүү! Баарын күнөөлөйм! Бир гана менде күнөө жок. Мен өзүмдү актайм! Уфф, тажадым. Мансур, келчи, мени таштабачы... Экинчи кайталанбайт. Ал келет, мен билем. Кандай кырдаал болбосун ал мени таштабайт. Ал мени сүйөт да. Демек, келет. Мен күтөм аны. Ал бир күнү келет...
(Аягы)
2-бөлүм жакында...